Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кол койгон жарлыкка ылайык, Түркиянын эл аралык аталышы өзгөрдү.

Бул тууралуу «Anadolu» басылмасы жазды.

Буга чейин Түркияда өндүрүлгөн товарларда «Made in Turkey» деген жазуу болгон. Бирок «Turkey» — Түркиянын англисче жазылышы. Ал эми 1928-жылы түрктөр араб жазуусунан латын жазуусуна өткөндө Түркия «Türkiye» деп жазылып баштаган.

Өкмөттүк «Resmi Gazete» гезитинде айтылгандай, «Türkiye» сөзү түрк элинин маданиятын, цивилизациясын жана баалуулуктарын мыкты чагылдырат. Ошондуктан «Made in Turkey» жазуусунун ордуна «Made in Türkiye» жазуусу колдонулат.

Андан тышкары «Türkiye» сөзү расмий документтерде, анын ичинде эл аралык кат алмашуу да пайдаланылат.

Булак: Баракелде