Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 84

ТВда иштегендер үчүн эфирге чыккан программалар шарияттын мыйзамдарына дал келип жатканын карап туруу талабы коюлган.

 Афганистанды башкарып жаткан "Талибан"* кыймылынын мүчөлөрү аялдар катышкан телесериалдарды эфирден көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалым болгондой, эми ТВда иштегендер эфирге чыккан программалар шарияттын мыйзамдарына дал келип жатканын карап турушу керек. Анда көңүл ачуу программалары динди мазактабай, кадрда иштеген аялдар башына сөзсүз жоолук салынышы абзел деген талаптар коюлган.

"Аялдар катышкан телесериалдар эфирден чыкпаш керек. Мындан сырткары, эркек менен аял жарым жылаңач болуп тартылган тасма, клиптерди көрсөтүүгө да болбойт", — деп айтылат маалыматта.
 
Министрлик батыштын маданиятын, жашоо образын пропаганда кылган тасмаларды берүүгө да тыюу салган. Мухаммед пайгамбарды сүрөттөгөн кадрларды көрсөтүүгө болбой турганы да кошумчаланды.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.

 

 sputnik.kg