Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 87

Казакстан менен Кытайдын чек арасынан 15 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Пенжим айылында 12 миң калк жашайт.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Экибастуз шаарындагы сапары учурунда Алматы облусунун Пенжим айлында болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирди.

«Мектепте кадыресе мушташ болгон. Буга жол бербөө керек эле. Окуучулардын мектеп ичинде жүрүп жаракат алышы — өзгөчө жагдай! Жарандардын нааразылык билдиргени жөндүү, аларды түшүнсө болот. Андан кийин жаштар арасында жаңжалга жол берилди. Бирок мындай жагдайдын алдын алууга болот эле. Анткен менен аракет болгон жок. Маалымат айдыңында бул окуяга улут аралык түс берилди. Бул жерде эч кандай этнос аралык жаңжал болгон жок! Бирок айрым чагымчыл топтор жана биздин өлкөгө каршы тараптар бул окуяны дал ушул өңүттө көрсөттү. Өкүнүчтүүсү, укук коргоо органдары да, президенттин администрациясы да чагымчылдарга чара көргөн жок. Биз чара көрүшүбүз керекпи? Мындай араздашуулар элибиздин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө. Ошондуктан бул окуядан туура бүтүм чыгаруу керек », - деди Токаев.
3-ноябрда Ички иштер министрлигинин административдик полиция комитетине караштуу башкармалыктын жетекчиси Асет Оспанов Пенжимдеги жаңжал «улут аралык негизде» тутанганын билдирген.
«Кээде окуучулар улут аралык негизде кагылышып кетишет. Октябрь айында мындай факты Батыш Казакстан облусу менен жакында эле Алматы облсунун Пенжим айылында катталды. Улут-улутка бөлүнгөн 9-10-класстын окуучулары өз ара мушташты», деген Оспанов.
27-октябрда Алматы облусунун Панфилов райондагы Пенжим айылында мектеп окуучуларынын ортосунда калайман мушташ чыккан. Ага кечинде чоңдор да аралашып, кайсы бир топ айылдагы үйлөр менен автоунаалардын терезелерин талкалап кеткен. Жаңжалдан бир окуучу жана бир чоң киши жаракат алган.
Полиция окуяга байланыштуу «Эки жана андан көп адамдын ден соолугуна атайлап зыян келтирүү» жана «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Казакстан менен Кытайдын чек арасынан 15 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Пенжим айылында 12 миң калк жашайт. Анын 7 миңден ашууну казактар, 5 миңдейи уйгурлар. Пенжимдеги жергиликтүү калк дыйканчылык менен алектенет.

Булак: 24.кж