Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 588

Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы учак каттамына миңдеген адамдар кирүүгө аракет жасашты. 

Талибан кыймылы Афганистан бийлигин толугу менен өзүнө алып, 15-августта жалпы өлкө боюнча көзөмөлүн орнотконун жарыялагандан кийин жергиликтүү тургундардын арасында паника башталды. Алар Афганистандан чыгып кетүүнүн жолун издешүүдө. Кабул шаарындагы абамайдандагы учурдагы көрүнүштү чагылдырган видео интернетке тарады. 

Анда, адамдар учакка жабышып, акыркы эквакуациялык каттам менен кетип калууга жанталашканын көрүүгө болот. Акыркы маалыматтарга караганда, миңдеген адамдар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн абамайданда түнөшкөн.