Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 1059

Ч.Абыкеев:Ошондо чектен кол салган тажиктер коркунучтуубу же бул жактагы бийликти басып алуу аракетин көргөндөр коркунучтуубу?”

Мамлекеттүүлүктүн күчү - анын ички тартибинде болот. Мамлекетте жашаган ар бир атуул - мамлекеттин ички тартибин так түшүнүп, анан ага баш ийиши керек. Эгер мамлекетиңдин ички тартибин билбесең, ага баш ийбесең, анда мамлекетиңдин эмне кереги бар? Бизде ошол ички тартипти түшүнүү, деги эле ал эмне деген тартип, билбейт экенбиз. Муну Баткенге тажиктердин кол салуусунан ачык билдик. Ички тартиби бар мамлекеттерде анын чек арасына сырттан душман кол салса граждандары биз Баткендеги кол салууга күйгөндөгүдөн да ашык күйөт. Бирок ар кимиси чуркап ошол чек арага жөнөп калбайт. Мамлекетинен команда күтөт. Такыр эле тынчы кетсе жергиликтүү бийликке, аскер комиссариатына барып, биринчилерден болуп согуш чыккан чекке жөнөтүүнү өтүнүп арыз калтырат. Калган ишти мамлекет тейлейт. Ал ошон үчүн мамлекет.

Бизде эмне болду? Миңдеген адамдар Баткенге агылып жөнөп калды. Аны алар эрдик, мекенге болгон сүйүү, патриоттуулук катары көрүштү. Барып эмне кылышты? Ал жердеги аскер адамдарынын бутуна чалынып, пайда эмес, зыян кылышты. Миңдеген адам келиптир деп тажиктер коркуп кетип, чабуулун токтотуп кайра артка качкан жок да. Эл менен кошо делдектеп барган Т.Акундун айтуусунан бир эле мисал келтирейин. “Он жаш жигит тилди албай тажиктерге таш ала чуркап бүт окко учушту. Аларды куткарабыз деген жоокерлер да жарадар болушуп, окко учкандары болду”. Буга эмне деп комментарий бересиң? Келгендер “курал бергиле”- дешет. “Макул берели бирок аскерде кызмат өтөдүңөр беле? Курал урунганды билесиңерби?”- дешсе көбү аскерде кызмат өтөшкөн эмес. Курал урунганды билишпейт. Анан да “Форма кийип отряддарга бөлүнгүлө. Силерге аскерий адамдардан командирлерди коелу”- десе ага көнүшпөйт. Жөн эле курал алып, анан аны өз билгениндей аткылап чуркап жүргүлүрү келишет. Бул да ошол Баткенге баргандар тууралуу айтылган комментарийлер. Буга эмне дейсиңер?

Мен Баткенге баргандарды бул айткандарым менен күнөөлөбөйм. Бири да күнөөлү эмес. Керек болсо коммунисттик доордун күчтүү тартибин көргөн өзүм деле аз-аз жерден Баткенге жөнөй сактап араң карманып жаттым. Баткен согушундагы ушундай башаламандыкка 30 жыл туура эмес саясат жүргүзгөн, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдей албаган, атуулдарына тартипти түшүндүрө албаган, туура тарбиялай албаган МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК КҮНӨӨЛҮҮ. Мамлекетибиз өз атуулдарына “Граждандуулук деген эмне?”- дегенди түшүндүрө алган эмес. Граждандуулук мекениңдин башына кыйын күн түшсө өз билгениңди кылып, ар ким өз алдынча делдектеп чуркап, ар ким оозуна келгенди оттоп калыш эмес. Мамлекетиңдин тартибине кың дебей баш ийип, мамлекетиңдин гана командасын күтүү. Бир туунун астына бир муштум болуп биригүү. Ойду-тоону оттобой мекен кызыкчылыгы жөнүндө гана сөз кылуу. Мына ушул сенин Мекениңе, Улутуңа болгон сүйүүңдү билгизгениң. Мекенчилдигиң. Бизде мамлекетке болгон ишеним, аны сыйлоо, тартибине көнүү таптакыр жок экен. Мекенге болгон сүйүүбүз теңирден тескери экен. Жаңы бийлик реформалык ишин ушундан башташы керек экен.

Мейли өзгөчө мекенчилдер, жүрөгү өрттөнгөндөр Баткенге барышты. Анын ичинде айрым байларынын жергиликтүүлөргө пайдасы деле тийди. Кантсе де элге тээк тирек болушту. Ар кандай материалдык жардамдарды беришти.

Мени күйгүзгөнү - Бишкектеги митинг. Кана кимибиз буга комментарий беребиз? Ак үйдүн астына келгендер “Чек арадагы проблеманы тез чечкиле? Согушту токтоткула?”- дешет. “Кантип?” - деген суроону өздөрүнө деле бергилери келишпейт. Себеби согушту кыргыз бийлиги баштаган жок. Аны тажиктер башташты. Тажиктерге “Каалаган жериңерди алгыла. Болгону согушту токтоткула”- деш керекпи? “Курал бергиле? Баткенге жеткиргиле?”- дешет. “Курал берилбейт. Бирок Баткенге барам дегендерге автобус даяр”-дешсе ал автобуска эч ким түшпөйт. Анан “Бийлик кетсин”- дешип, Ак үйдү басып алуу аракетине өтүштү. Муну кандай түшүнөсүз? Баткенде согуш. Коңшу мамлекет бизге кол салып, мамлекеттин тагдыры кыл учунда турат. Бул жакта бийликти басып алуу аракети көрүлүүдө. Ошондо чектен кол салган тажиктер коркунучтуубу же бул жактагы бийликти басып алуу аракетин көргөндөр коркунучтуубу? Кандай комментарий бересиңер?

Тажиктерден да ашкан душман колтугубузда отурган болуп жатпайбы. Балким тажик бийлиги менен ушундай соодалашкан тымызын сүйлөшүү да болгон. “Силер чек арадан кичине кол салгыла. Ошого шылтоолоп биз бийликти тартып алабыз да каалаган жериңерди бүт силерге беребиз”- деген. Бизде бийликке, байлыкка жетиш үчүн энесин сатуучулар четтен чыгат. Мындай версия жок деп ким айта алат? Муну тиешелүү кызмат терең иликтеши керек. Ошол митингге катышкандардын ар бирин сурап, кимдер уюштурушкан, максаттары эмне болгон, такталышы сөзсүз зарыл. Болбосо эмне деген шумдук. Бүт эл түрүлүп чек араны карап турса, ал жакта кан төгүлүп жатса, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып “Бийликти алам”- дешке ашынган акмактын деле абийри жол бербейт болчу. Бул митингде башкача сыр бар.

Мындай тартипсиздик бийлиги бар бир да мамлекетте болушу мүмкүн эмес. Бул демократия эмес. Бул дермократия. Мына 30 жылдагы демократтардын коомду тарбиялаган тарбиясынын жыйынтыгы. Мындан туура жыйынтык чыгарып мамлекеттүлүктү түп тамырынан баштап бекемдөөгө өтпөсөк, “мамлекет”- деген кооз шар биринчи эле куурайга тийгенде “тарс”- деп жарылуучу абалда экен. Бизди Кудай эле сактап атат. Бирок ал деле “такыр эс акылыңарга келбей койдуңар”- деп тажашы мүмкүн.

 

Тема: