А.Бекназаров: «Жапаров-Ташиев» тандеми түзгөн өкмөттү бекитип, аларга биротоло саясый жоопкерчиликти  кошо жүктөгөнү -мамлекетчилдик болот. 

Бишкек, "Саясат.kg". Коомдук ишмер, КР Малайзиядагы элчичи А.Бекназаров менен маек.

- Азимбек Анаркулович,  социалдык экономикалык абалдын оордугун эске алганда жаңы өкмөттүн иши оңойго турбасы айтыла баштады. Жаңы өкмөткө кимдер мүчө болсо,  мамлекеттин ишин илгерилете алат деп ойлойсуз?

- Албетте оңойго турбайт. Азыр, жалпы мамлекетибиздин  абалын, элибиздин турмушун саясый-экономикалык , социалдык жактан түп тамырынан кайра куруу маселеси  күн тартибиндеги негизги маселе катары жалпы улуттун алдына  коюлду. Дүйнө жүзү «кыргыздар эмне болоор экен,  кайда бараар экен»- деп байкап турат. Азыр Кыргызстанда болуп жаткан саясый иш чараларды же саясый-экономикалык маданий, жактан  жаңылануу далалаттарды болгону кезектеги жаңы бийликтин алмашуусундагы жаңы чакырыктар катары карасак терең жаңылабыз. «Жапаровго бир ай берели, эки ай беребиз, анан көрөбүз»- деп четке чыгып карап туруу да туура эмес. Азыр Кыргызстанда саясый- экономикалык жактан эле жаңылануу эмес, эң башкысы ар бир жарандын атуулдук аң сезиминде жан дүйнөнүн жаңылануусу  да кошо жүрүшү керек. Муундардын алмашуу процесси  батыштын партиялык, либералдык артыкчылыктан кетип, ар намыстуулук, мекенчилдик позиция багытынан  тайбашы милдет.  Бардык маселени бир гана «Кезектеги Жаңы Өкмөттүн иши»- деп, «жамбаштап» жатып алсак , партиялык аштоодон жем жеген, «120 коюбуз» кезектеги «койчуну» да аңга түртөт. Коомчулук саясий активдүүлүгүн, сактыгын азыркыдай өткөөл мезгилде эч качан жоготпошу керек. Менин жеке пикиримде жаңы өкмөттү түзүү күчүн жогото элек.  Азыркы Конституцияда бекитилген  тартип менен же парламенттеги саясый партиялардын «соодалашуу» принциби менен куралбаш керек. Турмуштук реалдуулукка баш ийишип, депутаттар «Жапаров-Ташиев» тандеми түзгөн өкмөттү бекитип, аларга биротоло саясый жоопкерчиликти  кошо жүктөгөнү, мамлекетчилдик болот. Мурдагы көнгөн адаттарынча саясый соодагерчилик менен Өкмөт түзүшсө тарыхый катачылык кетиришет. Албетте, «Конституция бузулду» дешип кыйкыргандар адаттарынча кыйкырышат дечи, бирок ага көңүл бурбоо керек. Анткени, Конституция алда качан бузулган, бийликтин, эгемендиктин ээси болгон эл, өз сөзүн 10-январда айтышты. Жаңы Өкмот- өткөөл мезгилдин - өкмөтү катары жаңы системаны куруучу жана ишке  ашырчу Өкмөт болуш керек. Жаңы Өкмөт мүчөлөрү  парламенттеги партия  өкүлдөрүнөн эмес, элчил, мекенчил позициядагы жаңы агымдын, күчтөрдүн жана аны активдүү колдоочулардын өкүлдөрүнөн болушу туура.

- Өкмөт мүчөлөрү кандай критерийде тандалса мамлекет үчүн пайдалуу болот? Жаңы шайланган президент  Садыр Жапаровдун мурда кийин бийликке аралашып, репутациясы бузулгандардан арылганга люстрация кылганга күчү жетеби?

- Өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү замандын, саясаттын, талаптардын, чакырыктардын жоокерлеринен тандалып, партиялык кызыкчылыктары, көз карандысыздыгы жок, эркин, мекенчил инсандардан тандалышын каалайм.  Люстрация, Коррупция деген сөздөр, бизде саясатта, шайлоолордо айтылчу мода сөздөргө айланып калды. Болбосо мамлекеттин бүтүндүгүн бузушкандарды, элибиздин байлыгын чет элдиктерге сатышкандарды элибиз билбейби?! Шайлоо мезгилинде анын баары айтылат, анан шайлоо бүткөн соң, баары унутулат! Алар шайлоодон шайлоого чейин кичине эс алышат да, анан таптаза, патриот, акыйкатчыл болуп акыл үйрөтүп, эл аралап  чыга келишет?! Буга Садыр Жапаровдун жалгыз күчү жетпейт, аны элибиз колдоп, такай талап кылып турса иш жылат.
 

- Садыр Жапаров президенттик таймаштагы атаандаштарын инагурацияга чакырганы  ынтымакта иш алып баралы деген  аракетиби? 

- Инаугурация мамлекеттик иш чара, кимди чакырат уюштуруучулардын иши. Ушуну саясатташтырбасак жакшы болот эле. Шайлоонун жыйынтыгын «тааныбагандар», « кырсык» дегендер кичине уяты болсо, өздөрү деле келбесе керек.
 

- Өкмөт башчы кандай критерийде тандалышы керек? Түндүк-түштүк деген жазылбаган мыйзам иштеш керекпи же адискөйлүккө басым коюлганы туурабы?

- Өкмөт башчы качан эле тандалган да. Анын формалдуу жагы гана калган. Бизде Октябрь «революциясынан» бери Жапаров-Ташиев тандеминин өкмөтү иштеп жатат. Жапаров президент болду, эми Ташиев Өкмөт башчы болуп расмий бекиши керек. Бул жерде талаш деле жок болсо керек. Атайын жаздыргандарды кошпогондо. Жогоруда айтпадыкпы, азыр куралуучу жаңы Өкмөт өткөөл мезгилдин өкмөтү болот деп. Элдин тандоосуна ылайык, Президенттик башкарууга толук өткөнгө чейин иштей турган Өкмөт. Демек жаңы Конституция алынганга чейин Жапаров-Ташиев тандеми бузулбаш керек. Тескерисинче, аларга азыркы парламент колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүк түзүп бериши, эми жолго түшүп жаткан стабилдүүлүктү камсыз кылат. Ташиевдин Өкмөт башчы болушу, бардык критейлерге туура келет: Түндүк- түштүк маселесинде да, идеалык- партиялык биримдүүлүктө да, достук маселесинде да. Ал эми адистик, тажрыйбалык жактан да Ташиевге конкурент жок. Ал мыкты мекенчил, элчил адис экенин мурда Бакиевдин өкмөтүндө, азыр да иш жүзүндө далилдеп жатат. Жапаров-Ташиев тандемине баштаган иштерин аягына чыгарганга чейин мүмкүнчүлүк түзүп, колдоо көрсөтүү ар бир атуулдун иши. Ал эми алардын ишинин отчётун угуп баа берүү үчүн  2021- жылдын октябрь айына атайын элдик курултай  дайындоо керек.