Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 307

А.Иманов: Мугалимдер менен да, айыл  өкмөт башчылары менен да сүйлөшүп атайын сурап көрдүм.

-Президенттик шайлоо мурункудай  административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?

-Буга чейин Кыргызстанда элдик толкундоолор шайлоонун таза өтпөгөндүгүнөн, админстративдик ресурс  колдонулгандыгынан болуп келди. Ал турсун көп добуш алуу максатында бийлик криминалдык топторду да шайлоого аралаштырчу. Биз тарыхтан сабак алмайынча, өзгөрүүлөргө бара албайбыз. Бул жолу да эски системага көнгөн аткаминерлер  добуштарды бурмалап, сатып алып жүргөн топтор ошол маалдагы фаворит талапкерге жагынууну дагы да уланткылары, колуна суу куйгулары келип, өздөрү каржылап, өздөрү штаб ачып иштеп атышты. Бирок алардын жардамына деле Садыр Жапаров зар болбойт болчу. Алар кызматка илинүү кана көздөшкөн. Эми алардан кол үзө турган мезгил келди деген ойдомун. Ал эми шайлоодо административдик ресурс колдонулдубу деген суроого, колдонулган жок деп айтаар элем. Мугалимдер менен да, айыл  өкмөт башчылары менен да сүйлөшүп атайын сурап көрдүм. Ак үйдөн андай буйрук келбегени сүйүндүрдү. Бирок  баягы эски аткаминерлер болбой эле көнгөн адатына салышып өздөрүнчө чуркашкандыр. Алар башка кеп. Шайлоого элдин аз келгендиги да административдик ресурс колдонулбагандыгын көрсөтөт. Шайлоого негизинен Садыр Жапаровду колдойбуз дегендер барышты.  Мындай чоң көрсөткүч менен президент болуп шайланган адам  элдин колдоосун сезип, ак кызмат кылышы керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити