Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 182

С.Усенов: Өзүн дискредитация кылган парламенттик башкаруунун түп нускасында максаты кандай экенин түшүнүп, элдин көпчүлүгү президенттик башкарууну тандашты.

Көз карандысыз эксперт Сулайман Усенов менен маек.

-Президенттик шайлоо мурункудай  административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?

-Чынын айтканда,  2020-жылдын аягы Кыргызстан үчүн оор болду. Себеби,  дүйнө жүзүнүн шайын оодарып жаткан ковид -19 менен экономикалык кризистин кесепеттери Кыргызстанда да оор жагдайды жаратты. Жыйынтыгында,  мамлекетибиздеги  социалдык маселелер барып отуруп саясий маселеге айланды. Анткени,  социалдык маселелер чегине жеткенде  өкмөттүн дарамети көрүндү. Форсмажордук абал жаралганда  Кыргызстанда ал жагдайдан чыгып кете турган эч кандай программасы жок экени ачыкка чыкты. Мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган иштердин баары  кагаз жүзүндө  гана  жазылганы көрүнүп калып, өкмөт элдин ишенимин актай албай калды. Популисттик сөздөрдү айтып, укмуш иштеп аткандай түр көрсөтүп, волонтёрлорду бетке кармашканы менен  социалдык маселелердин жыйындысы элдин нааразычылыгын жогорулатып, саясий маселеге айланып кетти. Ошондой эле,  мөөнөтү келип калганына карабай жергиликтүү кеңештин шайлоосу токтотулуп,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо процесси ишке  киришип кетти. Мына ушул жагдай да  нааразычылыкты  күчөтүп жиберди. Коомдо эки топ пайда болду. Биринчиси, ошол жашоого ыраазы болсо, экинчиси  нааразы болгондор  топтолду. Кыскасы, ушул жагдайдын баары бийликтин алмашышына, жаңы президенттик шайлоонун болушуна шарт түздү.

Жылдын башында өткөн президенттик шайлоо мурунку шайлоолорго караганда добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу же болбосо №2 форма  менен бир айылды экинчи айылга көчүрүү, өз ишканасындагыларды топтоп алып кайсы бир талапкерге шайлаттыруу же болбосо мамлекеттик кызматкерлерди топтоп алып, бир талапкерге же бир партияга добуш бердиртүү   деген  көрүнүш орун алган жок. Ошол себептен кечээги 10 -январдагы шайлоону таза деп эсептесек болот. Бул шайлоодо эл өзүнүн тандоосун кылды. 

Референдум боюнча дагы 80 пайыз шайлоочулар өз пикирин айтышты. Өзүн дискредитация кылган парламенттик башкаруунун түп нускасында максаты кандай экенин түшүнүп, элдин көпчүлүгү президенттик башкарууну тандашты.

 Ошондой эле кечээги өткөн шайлоодон улам Кыргызстанда  чын жүрөктөн шайлоого катышкан, сатылбаган 33 гана пайыз шайлоочу бар экени билинди десек болот. Башка шайлоочуларды күнөөлөй албайбыз. Бирок кечээги шайлоодон улам активдүү шайлоочулардын тобу 30-33 пайызды гана түзөөрү байкалды.

Бишкек шаарында шайлоого эл аз катышты делгени менен мурунку президенттик шайлоолорго караганда көп эле катышты.    Сузактан башка жакта добуш сатып алуу болгон жок.  Ошон үчүн бул шайлоо таза жана адилеттүү өттү десек болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити