Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 345

Р.Зарлыков: Тарыхка карасак, бардык  баатырды, лидерди, реформаторду курчуган кырдаал жаратат.

Көз карандысыз эксперт Ринат Зарлыков менен маек.

-Президенттик шайлоо мурункудай  административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?

- Жеке мен эле эмес, эл аралык байкоочу уюмдар деле шайлоонун таза өткөнүн тастыктап жатышат. Бул сапар шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өттү. Шайлоочулар шайлоого аз катышканы менен админстративдик ресурс колдонулган жок. Добуш сатып алуулар  болгон жок. Кыскасы, шайлоого кайдыгер эмес, саясий позициясы бар жарандар катышып, милдетин аткарышты. Анча мынча катталган  мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына  таасирин тийгизген жок. Кандай болгон күндө  дагы бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүп, элге корутундусун берет деген ойдомун.

Эми жеңип чыккан фаворит тууралуу айтсак, бул жеңиш бүтүндөй кыргыз элинин, өзгөчө жаштардын жеңиши деп эсептейм. 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларында жаштардын көксөгөнү акыйкат, калыс бийлик эле. Кырдаал өтө курч болгон.  Тарыхка карасак, бардык  баатырды, лидерди, реформаторду курчуган кырдаал жаратат. Элибиз өзүнүн баатырын, лидерин, реформаторун тапты деген ойдомун. Ойлондурган бир гана маселе бар. Элибиздин ишеничине кирген  лидерибиз, элдин үмүтүн актаса экен. Анткени, жоопкерчилик чоң. Чече турган оор көйгөйлөр көп. Жаңы шайланган президентибизге саясий эрк керек. Бирок ошол эле учурда Садыр  Жапаров көп запкы көрдү. Турмуштун татаал сабактарын алды. Даанышман, көрөгөч элибиз тандоосун жасап, ишеничин көргөздү. Ийгилик көп күттүрбөй келет  деп ишенем.

Булак: “Майдан. kg” гезити