Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 755

К.Осмоналиев: Атамбаевде башка арга калбады. Кетпей койсо, өмүр бою кепилдик берилген жыргал жашоосунан айрылмак! 

 

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо болот?

 

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат:

 

“Ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду

- Бул мыйзам 2010-жылы дароо эле кабыл алынышы керек болчу. Ошол кездеги саясий кырдаалды түшүнүп билгендер айтып чыккан элек! Анткени, 2005-жылдагы Акаевдин жана 2010-жылдагы Бакиевдин президент катары такыр эле чектен чыгып кетишкендиктери ошол эки төңкөрүшкө алып келбедиби? Бирок, Убактылуу өкмөт андай терс феноменди көрүп туруп, карабай койгон. Натыйжада, кийинки президенттин бийликти узурпация кылып алуусуна жол ачып салышты. Көпчүлүк мүчөлөрү ал баскынчылыкка активдүү катышышты. Билип турушуп эле ошондой кылышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун бул мыйзамга кол коюп күчүнө киргизгенин колдошубуз керек! Атамбаевде башка арга калбады. Кетпей койсо, өмүр бою кепилдик берилген жыргал жашоосунан айрылмак! Ошондуктан, ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду! Андан башка ою деле болбосо керек, Анткени, 1 ай мурда эле КСДПныны келечегин өзү менен гана байланыштырып, укмуш саясий пландарды түзүп жана ачык эле жарыялап жатпадыбы беле? Эми бара көрөбүз. Атамбаевдин азыркы тилектештери, партиялаштары кандай кадамдарга барышат. Мен бул КСДПдан дегеле эле эч бир жакшылыктарды көрбөй турам. Алар 10 жылга жакын бийликти каалагандай эле майкандашты. Жыйынтыгы болсо - нөл. Мындан ары алардан жаратмандык ишти күтүүнүн кереги жок! КСДПчылар жалаң гана өч алмай, бийликке ар кандай жол менен кайра келмей жолуна түшүп алышты. Демек, мындан ары саясий конфронтациянын гана булагы боло алышат! Эл мунун баарын түшүнүп турат жана 2020-жылы КСДПга өзүнүн катуу күнөө койгон өкүмүн чыгарат. Мен буга ишенем. Ал эми жаштар саясатка өздөрүнүн эволюциялык жолу менен эле келип калышты. Алдыңкы авангарды бийликке илине башташты. Алардын мындай ийгиликтерине азыркы саясий партиялардын биринин дагы тиешеси жок!

 

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

 

“Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот!”

- Өмүр бою саясатка кан жаны менен аралашып келген адам бир заматта, “мен эми кеттим, жакшы калгыла”,- деп кетип калалбайт! АША эми болгон аракетин жасап, өзүнүн саясаттагы бошоп кеткен позициясын аз болсо да калыбына келтирүүгө бүт арекетин жумшайт! Кетимиш болгону менен ал, ичинен, “карап тургула кетпей кегимди, өлбөй өчүмдү алам”,- деп кекенип турган чагы. Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот! Көп жан-жөкөрлөрү сатып кетти, сатпагандары ажонун чечкиндүү кадамдары менен камала баштады! Бул албетте ага абдан катуу сокку! Ал дайыма радикалдык кадамдарга бара тургандыгын айтып өз мезгилинде мурунку бийликтерди коркутуп келген жана ошондой радикалдык кадамдарынын аркасында бийликке келген адам! Ал пейилинен оңою менен кайра тартпайт го!

 

Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер:

 

“Атамбаевге эми ага кылмыш ишин козгосо болот”

- Эгемендик алган жылдардан тартып кайсы бир саясий адамдар болобу, төбөсү көрүнүп калган киши болбосун ага кылмыш иши козголсо саясий буюрутма деген илдетти таап алышты. Чынында алардын ишин карап, талдай келгенде коррупциялык схемаларга аралашып калган болот. Айрымдарына гана саясий кугуунтук болушу мүмкүн. Бирок, баарын айта албайм. Көпчүлүгү кызматка бараарда элге толтура убадаларды берип, кызматка барып алышкандан кийин жеп-ичип, мамлекетке ири зыян алып келип жатышат. Ошондуктан Атамбаевдин айланасындагы адамдарды саясий куугунтук болуп жатат деген кепке кошула албайм. Анын КСДПдан чыгып лидерликти өткөрүп бериши да аргасыз кадам эле. Башка жолу жок да.

 

Эмнеге болбосун, азыр мыйзам баарына бирдей болуп калбадыбы. Алмазбек Атамбаевдин мурун кол тийбестик укугу бар болчу. Азыр аны алып таштаган. Атамбаевдин башкаруусундагы алты жылдагы коррупциялык иштерди азыр бийлик ачыкка чыгарууда. Алсак, Батукаевдин иши боюнча бир катар аткаминерлер сурак берип жатышат. Мындан тышкары Дача-СУдагы кандуу жүк боюнча иликтөө иштери башталды. Мындан башка дагы бир катар иштерге кылмыш ишин козгосо болот.

 

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр:

 

Кызматын өткөрүп бергенден кийин аксакал болуп төрдө тынч отурса болмок”

- Бул киши кызматын өткөрүп бергенден кийин жаңы президентти тынч коюп, аксакал болуп эле, төрдө тынч отурса болмок. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышына да, өлкөдөгү кырдаалдын чыңалышына да анын кээ бир иш аракеттери себеп болду окшойт. Эми анын оюнда эмне бар экенин, дагы кандай пландары бар экенин өздөрү гана билет деп ойлойм.

 

Марат Казакпаев, саясат таануучу:

 

“Атамбаев камалгандан коркууда...”

- Мыйзамга ылайык айта турган болсок, КСДП партиясынын лидери - Сагынбек Абдрахманов. Партияга да ошол адам ээлик кылат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аталган партияга лидер болуусуна мыйзам жол бербегендиктен партиянын жетекчилигинен кетти. Экинчиден жаңы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, президенттин кол тийбестиги алынып салынды. Ошондон улам керт башын ойлоп, аргасыз партиядан кетти деп ойлойм. Камалам деп чочулап жатса да керек.

Атамбаевди жакшы тагдыр күтөт деп айта албаймын. Президенттик кызматта турганда кетирген кемчиликтери барган сайын чубалып чыга берет. Алардын баарына жооп берүүгө туура келет. Албетте, бул өтө оор нерсе.

 

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

 

“АША канчалык аракет кылса да эч нерсе “өнүп чыкпайт”

- “Амалдуудан айла качып кутулбайт” дегендей эле кеп. АШАнын кадыр-баркы толук түштү. Майнап чыкпай турганын сезди, эми канчалык аракет кылса да эч нерсе “өнүп чыкпайт”. Ого бетер татаалдаштырбай, “сыйым менен четте кала берейин”- дегени. Бирок, чындык деген принципке таянсак, ал жасаган иштери үчүн эл алдында жооп берип, жоопкерчиликке тартылуусу керек.

 

Чынайым Кутманалиева

   Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: