К.Ташиев:Бийликке таза иштеген кадрлар керекпи же коррупционерлерби? Элге-журтка чын ниети менен кызмат кылгандар керекпи же тууганчылдарбы?” 

 

Өткөн айдын 27синде “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 50 жашка чыкты. Дүңгүрөтүп той берген жок, тек гана үйүндөгү жашыл шиберге чакан дасторкон жайып, жакын санаалаштары, достору, бир туугандары, партиялаштарынын куттуктоосун угуп, ырахат алды.

 

Элүү жашты багындырган саясатчынын бул датага утурлай “7-каналга” берген ачык маеги коомчулукта өзгөчө талкуу жаратты. Алгач ал өзүнүн 50 жашы тууралуу айтып келип, “мен азырынча басып өткөн жолумда калтырган ишиме канааттана элекмин, баары алдыда”- деген ойду билдирди. Ар дайым карапайым калктын камын көрүп, жолдорду, көпүрө, спортзалдарды салып жатканын: “топтогон дүйнөмдү элге берсем, анын жардамы менен бир эле адамдын тагдыры жакшы жакка өзгөрө турган болсо, ошондо максатыма жеткен болом. Анткени, ата-энем мага ушундай тарбия берген. Бир жагынан бешенебизге маңдай тер менен тапкан байлык берип, Алла Таалам бизди сынап жатат. Ар бирибиз ошону туура пайдаланып, элдин керегине жумашаганды үйрөнсөк, анда бул дүйнөгө бекер келип, кеткен болбойбуз”,- деп түшүндүрдү. 2009-жылдын 10-декабрында Д.Үсөновдун өкмөттүк кеңешмесинен демонстративдүү түрдө чыгып кетип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кеткенине да кайрылды: “Жогорку бийлик жактан, президенттик администрациябы, өкмөтпү, мага түз көрсөтмө бере алышкан эмес. Себеби, мен буга жол берген эмесмин!”. Дал ошондон кийин Бакиев бийлиги К.Ташиевдин үстүнө кылмыш ишин ачып, далай чукуп, эч илинчек таба алай койгон.

 

2010-жылдагы июнь окуясы саясатчынын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт: “көрсө, баатырды мезгил өзү жаратат экен, мен үчүн бирок атак-даңк топтоо эмес, тынчтыкты орнотуу биринчи орунда турган”.

 

Андан кийин Атамбаев бийлигинин тушунда Ташиев чындыкты безге сайып айтып келип, жыйынтыгында камакка алынган: “Бүт жагынан кысым болгон. Үй-бүлөмдөн мени, улуу, кичүү баламды камашты. Коопсуздугубуз кылдын учунда турган. Мунун баары мени сындыруунун аракети болгон. Бир жагынан бул мен үчүн баштан өткөн оор сыноо болду. Мындайда адам ичтен курчуйт экен”.

 

Президенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясы азыркы президент С.Жээнбековду колдогон. Кабарчы К.Ташиевдин салымы чоң болгонун эске салып, дал ушундай эл уулдары эмнеге кызматка тартылбай жатканына кызыкты. “Ата-журтубузга бийликке аралашып, кызмат кылуубуз биринчи кезекте Алла Тааламдын буйругуна жараша болчу иш. Экинчи жактан, бийликке кандай адамдар керек, ошого көз каранды. Бийликке таза иштеген кадрлар керекпи же коррупционерлерби? Элге-журтка чын ниети менен кызмат кылгандар керекпи же тууганчылдарбы? Муну бийлик өзү чечип алышы керек. Биз Сооронбай Жээнбековду башынан колдоп келе жатабыз. Баштаган иштери купулга толуп турат. Бирок кийинкиси кандай болот, көрөбүз. Элге кызмат кылыш үчүн сөзсүз эле бийликте олтуруунун зарылчылыгы жок. Портфель, даража жок деле элге кызмат кылса болорун далилдеп келатабыз. Эл үчүн өмүр бою кызмат кылабыз, бул ой ар бирибиздин ичибизде жашашы зарыл”,- деди К.Ташиев.

 

Мына ушул кызмат маселесине байланышкан сөздөрү коомчулукта ар кандай талкуу жаратты. “Таарынды”, “президентти сындап кетти”, “чындыкты айтып атат”- дегендер бар. Ким кандай түшүнбөсүн, негизи, жүрөгүндөгүнү, жандүйнөсүндөгү кыйкырыкты сыртка чыгарды да. Андан кандай жыйынтык чыгарасыз, өзүңүз билиңиз, урматтуу окурман! Анан да: “Мен мурда-кийин чогуу жүрүп, бир иш алып барган адамдарды эч качан сатпайм!”- дегени эң туура. Карап көрсөк, ишенчээктик сапатын пайдаланып, сатып кеткен адамдардын тизмеси өтө узун. 50 жашында эми бул кемчиликтен арылып калаар...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №037 (10.10.2018-ж.)