Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 659

У.Маматаев: "Жээнбеков Атамбаевди өзүнө душман катары көрбөй, күчтүү оппозиция катары караса, иш алда-канча жеңил кетет" 

 

- Улукбек мырза, сиздин партия ар дайым патриоттулукка элди үгүттөп келет. Учурда Көл жээгинде өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бүт дүйнө суктанып карап турат. Өзүбүз каражат жагынан каржалып турганда минтип бүт дүйнө жүзүнө той бергенибиз туурабы? Анын бизге эмне пайдасы бар?

 

- Айрым, арабыздан чыккан кемчонтойлор бар, мурдунун учунан алысты көрө албаган. Мына ошондой кээ бир гана адамдар тарабынан бул маселе көтөрүлүп, “экономикабыз өлүп жатса, эмне эле акчаны чачып жатабыз...”- дешет. Бирок, бул көпчүлүк кыргыз элинин ой-пикири эмес. Акча маанилүү эмес, күн тартибиндеги башкы маселе – ааламдашуу процессинде кыргыздын орду кайда, мына ошондо. Азыр ар бир эл өзүнүн маданиятын, үрп-адатын сакташ үчүн, ааламдашуу процессинде жоголуп кетпеш үчүн эмнелерди гана жасаган жок. А бизди башат бар экен, Көчмөндөр цивилизациясынын башында турган эл экенибизди ушул оюндар аркылуу дүйнөгө так даңазалай алдык. Мына эң башкысы! Биз көчмөндөр оюнун бир гана кыргызга таандык карабай, терең үңүлүш керек, кеп кыргыздын байыркы эл экенин ачып берүүдө жатат. Үрп-адатыбыз, маданиятыбыз, тарыхыбыз, оюндарыбыз бар эл экенибизди ачтык, эми дүйнө суктанып карап турат. Бийиктигибизди далилдедик. Бул жерде биз жаманбы-жакшыбы, экс-президент Атамбаевдин салымын унутпоого тийишпиз. Себеби, бул глобалдык масшатбагы улуу идеяны экс-президент алып чыкпады беле. А.Атамбаевди канча ур-соктуга алган менен, анын бул аракетине туура баа бериш керек. Экинчи жагынан учурда ислам радикализми баш оорутуп турган чак. Бул исламды кармаган ар бир мамлекетке мүнөздүү көрүнүш. Коомчулукта ачыктан-ачык карама-каршылык пайда болуп келатпайбы. Өз тегибизди унутуп, радикалдуу ислам жолун жайылткандардын эле оозун карап калдык. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Мына ушундай шартта Дүйнөлүк көчмөндөр оюну баарыбызды ойготту, түптүү, бийик, салттуу эл экенибизди кайрадан эсибизге салды. Бул жаратман идеяны башка бардык боордош мамлекеттер колдоп жатат. Дал ошондуктан ажолору өздөрү келип катышып кетти. Туура эмес идея болсо бири басып келмек беле! Мына, учурда 100, 50 миллион сандагы улуттар бар, бирок мамлекети жок. Алар өз желегинин алдында мындай улуу иш-чараны өткөзүүгө көздөрү төрт болуп турат. А бизде өз өлкөбүз бар. Анын улуулугун далилдеш үчүн мына ушундай эл духун көтөргөн идеялардан акча каражатын эч аянбаш керек.

 

- Жакынкы убакта саясий кырдаалдын кескин өзгөрүшүн божомолдоп чыккан адамдардын катары арбыды. Бийликке каршы күчтөр Атамбаевдин тегерегине чогулуп жатканы айтылат. Элде тынчсыздануусуна негиз барбы?

 

- Биз канча жылдан бери оппозиция талаасында жүрүп, калыстыкты айтып келдик. Ар жаз же күз башталаарда ушундай каңшаар таркайт. Көндүм көрүнүш. Бирок, эл мындай ушактарга тоюп бүткөн, революциядан, ызы-чуулардан эчак тажаган. Кайра топлоң болсо, бийлик алмашса эле турмушубуз оңолуп калабы? Көрдүк го, баштан өттү эле, революцияны эл жасайт, керек болсо канын төгөт, бирок пайдасын бир ууч кеңкелестер көрүп кетет. Мына, апрель революциясынын баатырлары баары көчөдө калышты. Ошол эле учурда ага таптакыр тийешеси жок шылуундардын турмушу оңолуп, кабат-кабат үйлөрдү салым, кымбат унааларды тээп калышты. Дагы бир ушундай нерсенин кимге кереги бар? Эми эл алданбашы керек. Азыр элдин аң-сезими кыйла өсүп калды, аңтар-теңтер ызы-чуунун кереги жок экенин илгертпей билишет. Андан көрө, казынаны куруткан ууруларды кустуруп, турмушту ондоону ойлонуу керек. Ооба, Сооронбай Шарипович бул багытта жакшы иштерди жасап жатат. Жогорку даражалуу чиновниктер темир торго олтурду. Бирок, алардын айыбын далидеп, жегенин кустура алабы? Ошол камалган ири экс-чиновниктин биринин да бүгүн бюджетке бир сом кайтарганын уга элекмин. Калп айтсам, көрсөтүшсүнчү! Бүгүн коррупцияга каршы жалгыз эле Жээнбеков күрөшүп жаткандай. Анын аракетин калың чиновниктер армиясы колдогон деле жок, себеби, ким эле көп жылдык “кормушкасынан” айрылгысы келсин!

 

- Балким, оппозиция жоктугунан бүгүн анчалык жылыштар байкалбай жаткан чыгаар. Ошол бош калган талааны Атамбаев ээлесе өлкө үчүн утуш болобу?

 

- Менин оюмча, оппозиция канчалык күчтүү болсо, бул жалпы мамлекеттин келечеги үчүн пайдалуу. Себеби, бийлик жалтанат, уурдабайт, таза иштейт, реформа жасайт. Атамбаевдин катасы – жалпы улуттук масштабта көйгөйлүү маселе көтөрүп, бийликке кайрылган ар бир адамды жеке душманындай кабыл алып, четинен камап, коркутуп, бийлик жүргүзүп келди. Сооронбай Жээнбеков ошол ката жолду кайталабаш керек. Азыр ал Атамбаевди өзүнө душман катары көрбөй, күчтүү оппозиция катары караса, иш алда-канча жеңил кетет. Далай нерсенин сырын билген Атамбаевден жалтактап, туура иштөөгө аракет жасайт. Ал эч качан бирок Атамбаевдин жолун кайталабашы керек, себеби, бул акыры саясий карьерасын талкалоого алып барчу жол. Жээнбековдун алгачкы он айында мен мисалы күчтүү кадр саясатын, реформаны көргөн жокмун. Абдан чабал адамдар жетекчилик кызматтарга келип, күчтүүлөр сүрүлүп жатат. Сот тармагы баягындай эле, бийликтин союлунун кызматын аткарууда. Арменияда кыска убакта кандай өзгөрүүлөр болду. Биздин президентте андай эрк барбы? Качан болсо эле айкөл эл эмеспизби, “убакыт берели”- дейбиз. Он ай эмне, убакыт эмеспи? Бакиев же Атамбаев болсо бир жөн, “эки-үч жылым митинг, ызы-чуу менен өтүп кетти”- дей алышат. А бирок, бир жылга жакындап баратат, бир митинг болдубу? Тынч, алаксыбай иштөөгө толук шартты бердик го. Анда эмнеге чыныгы реформанын карааны да жок?

 

Атамбаевди бүгүн бешиктеги бала да сындап жатат. Анын бардык сапаттарына асылып чыгышты. Биз да убагында ал бийликте турганда катуу сындап чыкканбыз. Азабын тартып, санаалаштарым Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков, Кубаныч Кадыров абакта жатат. Бирок, жыгылган адамды кыргыз качан тепкилечү эле? Атамбаев көчмөндөр идеясын жаратуу менен башка жамандыктарын жууп кетти. Анын “Кайда баратабыз?”- деген баннерлерин эстеңиз. Коомчулукта, айрыкча исламчылдар чуру-чуу түшкөндө ачык эле “менин идеям” деп айтты го. Ал кыргыз коомундагы ашкере исламдашууга каршы ушинтип ачык чакырык таштап, көбүнө жакпады. Анткен менен, бул көйгөй биринчи баш ооруга айланууда. Мына, ислам дүйнөсүн алгыла, абдан жаман болуп жатышат. Атамбаевде билинбеген менен, ушундай чыныгы жигиттик кадамдары бар. Ал бийликтен түштү. Ошону эрки менен өткөздү. Бул да эрдик. Коргогон жокмун, болгону, объективдүү, калыс кеп керек.

 

- Саясий туткундар боюнча ар дайым активдүү пикир билдирип келе жатасыз. Алар чыкчудайбы?

 

- Саясий туткундар К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков төртөөбүз бир жүрдүк. Аларды бирок ойдон чыгарылган жалаа менен камашты. Сотто бир дагы айыбын далилдеп бере алышкан жок. Жакында барып, кабар алдым. Түрмө толуп кетиптир. Тоок, телефон уурдагандар олтурат. Бүт коңшу мамлекеттерде амнистия болду. Бир бизде жок. Президент Жээнбеков ырайым кылып, жеңил кылмышка баргандарды, саясий туткундарды чыгарып жиберсе соопко калмак. Өзбекстан президенти жакында Каримовдун тушунда камалган жарым миңдей саясий камактагы адамдарды чыгарды. Бизде Текебаев баш болуп, айткан сөзү үчүн азап тарткандар бир топ. Аларды чыгарса, президентке чоң плюс болот эле. Мына жакында бизге Эрдоган келип кетти. Ал Түркияда куралдуу төңкөрүш фактысы менен камады. Бизде танк, пушка тургай, колунда ташы жок эле саясатчыларды жасалма факты менен камашкан. Соттор да бийликти карап турат, айтканын “кың” этпестен аткарчу. Президент сот ишине кийлигишпесин мейли, бирок, анын соттон калыстыкты талап кылууга акысы бар. Болгону, бул балдардын иши боюнча соттордон адилеттүүлүктү гана талап кылып туруп алса, маселе чечилип калат болчу.

 

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: