Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 564

Т.Мадылбеков: "Саясый куугунтук болуш үчүн алар бийликке каршы чыгып, кайым айтышып, митинг кылып, эң кур дегенде ооз эки саясый оппонент болушу керек да..." 

 

Эригип суу жээгинде отурсак экс-депутат Туратбек Мадылбеков байке келип калса болобу. Аркы беркини кеп салышып отурдук. Ошо көп кептин ичинен, өзү менен макулдашып жаздырып алган, азыркы коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып жаткан маселелер боюнча берилген эки соболубузду элге чыгарып коюуну эп көрдүк.

 

- Туратбек байке азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү тууралуу кандай ойдосуз? Саясый куугунтук дегенге кандай карайсыз?

 

- Саясый куугунтук болуш үчүн алар бийликке каршы чыгып, кайым айтышып, митинг кылып, эң кур дегенде ооз эки саясый оппонент болушу керек да. Бийлик деген жөн эле өз алдынча жүргөн, кой оозунан чөп албаган немелерди куугунтуктаганын кайдан көрдүңөр эле? Анан дагы бул адамдар өкмөт башычылыгына чейинки кызматтарда иштеп, эл оозуна “жеп ичкичтер” катары таанымал болуп, коомчулуктун кыжыры келип жүргөн адамдар болгондуктан тетирисинче, “эң туура кылды, эми кустурсун” деген колдоолор көп болуп жатпайбы. Ал эми, “саясый куугунтук” деп ким айтып атат. Атамбаев уюштуруп, Фарид Ниязов башкарган “Апрель” фондунан каржы жеген бир он чакты тараптар - элин тоноп, сызга отургузуп кеткенине карабаган, бүгүнкү курсагынын камын жеген жугундукорлор эле кайра-кайра “куугунтук-куугунтук” деп какшанып атканы болбосо башка эч ким аларды колдогон жок. Жада калса Алмазбек Атамбаев деле ачык колдоп чыккан жок. Фарид жазып берген текстти өзү окубай сайттарга салдырып, башка бирөөнүн үнү менен окутуп жатса.

 

- Алмазбек Атамбаев өзү окубай, анын атынан жарык көргөн ошол билдирүүдө экс президент: “баардык чечимдерди өзүм кабыл алгам, мен жооп берем!”- деди го. Эми кандай дейсиз, жоопко тартылышы керекпи?

 

- Өзү антип айтканын уккан жокпуз да. Анан анын колу коюлган кагазды да көргөн жокпуз. Атамбаев аларды чындап колдоюн десе өзү чыкмак. Аларды салып бергендей эле болуп калды. Бирөө анын атынан окуп койду, анан тексттин титрлерин экранга чыгарып коюшту. Өзү окубай, өзү чыкпай... Андыктан менин күмөнүм бар... Бирок эгерде чындап эле күнөөсүн моюндап, мамлекетибизге оор залакасын тийгизген болсо анда албетте жоопко тартылышы керек. Бирок азыркы бийлик аны жоопкерчиликке тарта албайт го деп ойлоп атам?

 

- Эмнеге?

 

- Себеби, жанагы Туйгуналы айткандай диагнозу барлар жоопкерчиликке тартылбайт да. А балким чын эле ошондой справкасы бар үчүн, “баары бир жоопко тарта албайсынар” деп ишенген үчүн айтып аткандыр? Анан керек учурда “ме сага” деп справкасын алып чыкса не кыласыңар?

 

- Эми Туратбек байке, дагы бир суроо. Жогорку Кенеш (ЖК) каникулга чыгаар алдында УКМКны көзөмөлдөй турган комитет тузүү демилгесин көтөргөнүн уктуңуз да. Ушу тууралуу бир ооз... Бул аракеттер президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу үчүн жасалып жатат дегендер да бар. Сиз кандай дейсиз?

 

- Көп жылдардан бери мурунку КГБ, азыркы УКМК бийликтин оппозицияга каршы укуругу болуп келе жатпайбы. Бул органдан көптөгөн адамдар жабыркады. Дагы деле жабыркоо уланууда. Ушуга байланыштуу аны көзөмөлдөө, канатын кыркуу аракеттери ар дайым айтылып келет. Эки революциянын талаптарында тең коопсуздук комитетин реформалоо талаптары коюлган. Жаны комитет түзүү демилгеси деле ошо коопсуздук комитетин ооздуктоо үчүн көтөрүлүүдө. Бирок мен андай жолду эмес, башкача жолду сунуштагандарды колдойм. ЖКда УКМКны карай турган бир нече комитет бар, жаңысын түзүү керек эмес. Жөн гана анын тиешеси жок функциаларын алып салып, чалгындоо, контрчалгындоо, терроризм менен күрөшүүнү гана калтыруу керек. Коррупция, экономикалык кылмыштар менен күрөшүп МВД менен Финполдун функцияларын кайталоонун, граждандарды аңдып, саясатчыларды тыншоону алардан алып салуу керек.

Анан коопсуздук маселелерин жалпы эл тарабынан шайланган мамлекет башчысынын –президенттин эле көзөмөлүндө болгону туура деп ойлойм. Дүйнөлүк тажырыйбада ушундай, керек болсо АКШда да ушундай. ЦРУнун бюджетин конгресс ачык талкуулай албайт. Анткени “что знают двое, то знает собака” демекчи коопсуздук маселеси өтө орчундуу - согуш, тынчтык макселеси болгондуктан аны көпчүлүктүн талкуусунда болгону туура болбойт.

 

А.Газиев

Булак: "Майдан.kg" гезити

Тема: