А.Жекшенкулов: "Сооронбай Шариповичке ички-тышкы саясат жагынан өтө оор мамлекет калды. Ички саясатта да башаламандык көп экенин билесиңер..." 

 

- Аликбек мырза, президент Сооронбай Жээнбековду Түркия өтө чоң сый-урмат менен тосуп алды. Президент солгундап кеткен мамилени жолго салып,  ишти жаңы барактан башташтыбы?

 

- Түрктөр президенттин баарын эле жогорку деңгээлде тосо бербейт. Сооронбай Шариповичке жогорку урмат-сый көрсөтүп, Путинди тоскондой деңгээлде тосушту. Алар мындай нерсени Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси бекемделип, мындан ары экономикалык жана саясый жактан да  жакшы мамиледе бололу деген ниетте жасашты. Бул бир жагы. Экинчи жагы жаңы шайланган президентке Эрдоган жеке мамилесин көрсөттү. Жакшы маанайда кабыл алып, жакынсынтып, туугандай мамиле жасады. Мындан ары инвестиция  боюнча да кызматташуу маселесин көтөрдү. Кыскасы,  ийгиликтүү жолугушуу болду.

 

- Акыркы жылдары жеке эле Түркия эмес, кошуна мамлекеттер менен да мамилебиз солгундап кеткен. Бул маселенин негизги себеби эмнеде?

 

- Солгундаган мамилелердин эң негизги себеби, мурунку кеткен президенттин кыялында болду. Атамбаев кээде ойлонбой сүйлөп, эмоцияга алдырып, жеке өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп көп учурда  катачылыктарга жол берип койду. Дипломатияда, өзгөчө Азия мамлекеттеринде тышкы саясаттын багытын президенттер аныктайт. Ошон үчүн президенттердин бири-биринин дарегине айтылган катуу сөздөрүнөн, кайым айтышууларынан эки мамлекеттин мамилеси салкындай түшөт. Бул жагынан алганда Сооронбай Шариповичке ички-тышкы саясат жагынан өтө оор мамлекет калды. Ички саясатта башаламандык көп экенин билесиңер. Мамлекет жетекчилери мамлекетти туруктуу, стабилдүү өнүккөн жолго салса, сырткы күчтөр да сыйлайт. Мамлекетте мыйзамсыздык орун алып, баш аламандык көбөйгөн сайын сырткы күчтөр, башкача айтканда элчиликтер баарын талдап, борборлоруна маалымат берип турушат.

 

- Президенттин Түркияга болгон сапарынан кийин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирүү таратып, коомчулуктун сынына кабылды. Акыркы мезгилде Кыргызстандын чет мамлекеттеги элчилери дипломатиянын нормаларын сактабай өз билгендерин жасап жатышабы же ал нерсенин баары кимдир бирөөнүн көрсөтмөсү менен ишке ашып жатабы?

 

- Негизи дипломатиялык этика деген бар. Ички саясат менен тышкы саясат ар дайым байланышта болот. Башкача айтканда, мамлекетибизде орун алып жаткан тартипсиздик менен коррупция тышта иштеген элчилерге да таасирин тийгизет. Негизи элчилер инструкцияны сактабай, мыйзамда көрсөтүлгөн нерселерге маани бербей, өз билгендерин өз түшүнүктөрүнө  жараша жасап жаткан жагдайлар бар. Элчилер мына ушундай туура эмес кадамдарын токтотуш керек. Анткени, алардын мындай кадамдары элдин, жалпы мамлекеттин аброюна шек келтирет.

 

Негизи бул жерде эске ала турган эки жагдай  бар. Эгерде Жунусовго Тышкы иштер министрлигинен же президенттин аппаратынан “ушуну айтасың”- деп тапшырма берилсе анда башка сөз. Эгер элчи Ибрагим Жунусов өзү билип эле сүйлөп алса, ал башка сөз. Менин оюмча ага андай сүйлө деп тапшырма берилген эмес.

 

Сооронбай Шарипович да ушул маселеге келгенде позициясын билдирбей унчукпай койду. Дипломатиялык мамиледе дагы ушундай нерселер пайдаланылат. Суроо татаал болсо же маселе кыйын болсо унчукпай койсо, андан саясат деле издешпейт туура эле түшүнүшөт. Башкача айтканда бул көшөгө артында сүйлөшө турган маселе деген сыяктуу унчукпай койсо болот. Сооронбай Шариповичтин позициясын билдирбей койгонго Түркия деле туура түшүндү.

Негизи элчилер биринчи эле жолу катачылыкка жол берип жаткан жок. Түштүк кореядагы элчинин ТИМге арыз жазганы да мамлекеттин ичинде тартип жоктугун айгинелеген.  Дипломаттарда ТИМде тартип жок дегенди көрсөткөн. Бул нерселерге кескин түрдө чара көрүп, тез эле оңдоп, жолго салып койсо болот.

 

- Президент менен катар экс-президент да Кытайга барып, жетекчилерине жолугуп келди. Негизи экс-президенттердин чет мамлекетке болгон сапары туурабы же туура эмеспи?

 

- Талдап, андан жыйынтык чыгаруунун кажети жок. Роза Исаковна деле барып келген. Мен деле экс-министр катары барганымда расмий бийликтин өкүлдөрү жолугуп, сый-урмат менен мамиле кылышкан. Башка мамлекеттерде деле ошондой кабыл алып, урмат-сый көрсөтүшөт. Эң негизгиси Кытай жаңы шайланган президент менен мамилени бекемдегенге кызыкдар. Анткени, ар дайым  биринчи орунда расмий бийлик турат.  

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити