Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 3581

Камчыбек Ташиев: "Тилекке каршы, азырынча элдин үмүт-тилегин орундатууга карай кандайдыр бир кадам жасалбай жатканы – чындык. Эгерде мен бул чындыкты жашырып, бурмалап айта турган болсом, элди алдаган болуп калам".

 

Соңку учурларда Камчыбек Ташиев жана ал жетектеп келе жаткан “Ата-Журт” партиясынын тегерегинде көптөгөн сөздөр, божомолдор айтылып жатат. Биздин аңгеме да ушул нукта башталып, өлкөдөгү жүз берген коомдук-саясий процесстерге талдоо жүргүздүк.

 

- Камчыбек Кыдыршаевич, жыл жаныргандан бери өлкөдө карапайым калктын турмушуна таасирин бере турган бир топ саясий окуялар жүз берди. Сизди билебиз, мындай учурларда ар дайым өзүңүздүн принципиалдуу позицияңызды билдирип келгенсиз. Бирок, мына акыркы кезде көрүнбөй калдыңыз, саясаттан көңүлү калган кишидей эле элес калтырып жатасыз. Деги барсызбы, саясаттан кеткен жоксузбу?

 

- Рахмат, атайын кайрылып, чоо-жайымды сурап келгениңиздерге, эл-журтум менен гезит аркылуу болсо да жолугушуума мүмкүнчүлүк түзүп олтургандарыңыздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Аныгында, жалпы коомчулуктун деле кабары бар болсо керек, биздин үй-бүлөдө жыл тогошордо чоң жоготуу болду, агабыз Жаныбек 59 жашында жалган дүйнө менен кош айтышып кете берди. Мен үчүн бул өтө чоң кайгы болду. Мындайда башка маселени ойлоого чолооң тийеби? Андыктан, биздин үй-бүлөбүздүн, жеке менин кайгыма ортоктош болуп, көңүл айтып, кайрат тилеген бүтүндөй эли-журтума, ага-инилериме, эже-карындаштарыма, дос-жарларыма чын дилимден ыраазычылыгымды билдиремин. Жада калса айрым бир жагдайлардан улам мен таарынтып алган адамдардын да келип куран окутуп кеткенине ичим жылыды, аларга да чоң рахмат. Чыныгы адамгерчилик адам баласынын башына ушундай оор сыноолор түшкөндө билинет. Мен элге ыраазымын, башымды ийип таазим кылам. Сиздин “көрүнбөй калдыңыз”- деген сурооңуздун жообу ушундай.

 

- Жаныбек агабыздын жаткан жери жайлуу болсун, ыйманы салават болсун... Эми уруксат берсеңиз, өлкөдөгү айрым бир саясий процесстерге кайрылалы. Сиздин президенттик жарышта азыркы президент Сооронбай Жээнбековду активдүү колдоп, анын утушуна чоң салым кошконуңузду билебиз. Бирок, мына ажонун кызматка киришкенине 70 күндөй убакыт болгонуна карабастан, андан шайлоодо убада бергендей, чечкиндүү иш-аракеттерди көрө албадык. Бул аралыкта анын боордош мамлекеттерге жасаган иш сапарлары гана эсте калды. Жакындан колдоп, утушка алып келген адам катары президенттин алгачкы кадамдарына кандай баа берет элеңиз.

 

- Туура айтасыз, Сооронбай Шариповичти жалпы кыргыз эли абдан чоң үмүт менен бул кызматка шайлаган. Андан тез арадагы чечкиндүү реформаларды, коррупцияга каршы чыныгы күрөштү, эскилердин эзели элге пайдасы тийбеген иштерин токтотушун эл тилеген. Тилекке каршы, азырынча элдин үмүт-тилегин орундатууга карай кандайдыр бир кадам жасалбай жатканы – чындык. Эгерде мен (президентти колдоп келаткан адам катары) бул чындыкты жашырып, бурмалап айта турган болсом, элди алдаган болуп калам. Баары алаканга салгандай эле көрүнүп турат, аны кайталап айтыштын анчалык зарылчылыгы жок. 70 күн аз убакыт. Бирок, бул мезгил аралыгында элде үмүт жаратса болот. Ошентсе да, мен Сооронбай Шариповичтин келечегине ишенем. Мурда-кийин түз жүргөн, чалды-куйду иштерге аралашпаган, адамгерчилиги, элге ийкемдүүлүгү бар жетекчи шайладык. Азыркы кырдаал ушундай болуп жатканы менен, бара-бара баарын иретке салаарын ойлоп турам. Элдин үмүтүн тебелебей, анын өтөөсүнө чыгарып кетеринен мен да үмүттөнүп турам. “Үмүтсүз – шайтан”- деп коюшат, андыктан, чыдап, күтүп туралы.

 

- Сооронбай Жээнбековду “өз алдынча чечим кабыл ала албайт экен”, “эски ажонун куурчагы болуп калды”, “эч нерсени өзгөртө албайт”- деген тейде сындагандар көбөйдү. Эгерде Соке экс-президенттин таасиринен чыга албаса, акыйкатсыздык дагы деле уланып кете берсе, сиздер да эч нерсеге карабастан, аягына чейин аны колдой бересиздерби? Нааразычылык улам күчөп олтурса, эл тарабында болосуздарбы же...

 

- Жаңы президенттин элге, журтка кызмат кылуу ниети чоң. Акыйкатсыздык дейсиз, ал бир гана президент тарабынан эмес, өкмөт, парламент, же башка жетекчилер тарабынан да болушу мүмкүн да. Азыр деле бийликке нааразычылык бар. Бизди билесиздер, эч качан акыйкатсыздык тебеленип жатканда четте карап турган эмеспиз. Эгер кырдаал талап кылса, эл кыйнала турган болсо, активдүү акцияларды уюштурууга, тайманбастан чындык үчүн күрөшүүгө биз даярбыз жана ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

 

- Ошондо митинг, пикеттер болушу мүмкүн да..

 

- Пикет, митингге чыгуу - биздин конституциялык укугубуз. Мамлекеттик чоң даражадагы кызматкерлер “бардыгын тынчытып койдук, эч ким баш көтөрө албайт, бизге эч ким жолтоо болбойт, каалаганыбызды кылып, чардай беребиз”- десе, чон жаңылышат. Элди кыйынчылыкка түртүп, адам тагдырлары менен ойногонду токтотушпаса, азыр турган чыңалуу бир күнү чоң жарылууга алып келиши мүмкүн. Ошондо биз эл тарапта болуп, элди коргойбуз!

 

- Президентке байланыштуу дагы бир кеп болуп жатат. Айрым маалымат каражаттары жакында парламенттик шайлоо боло тургандыгын, анда “Ата-Журт” партиясын президенттин иниси Асылбек Жээнбеков жетектеп чыгаарын жазып чыгышты. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Негизи эле “Ата-Журт” партиясында абал кандай, КСДПга окшоп тазалоолор болобу, кимдер келди, кимдер кетти?

 

- Мен так кесе айтып коюшум керек – Асылбек Жээнбековдун “Ата-Журт” партиясына эч кандай тийешеси жок. Ал бизге мүчө да эмес. Мындай жалган маалымат таркатуу менен буйрутмачылар эмне максат көздөп жатканы түшүнүксүз. Партия – бул тирүү организм экен, аны убагында карап турбасаң, соолуп калышы ыктымал. Ошол сыяктуу эле, биздин партиянын ичинде да жаңылануу, тазалануу процесси жүрүп жатат. Башкача айтканда, партиябызды кайрадан чоң саясий күчкө айлантуунун үстүндө катуу иштеп келатабыз. Кудайга шүгүр, биздин потенциалыбыз дагы деле чоң. Айрыкча, карапайым калктын арасында бизди колдоп-таягандар өтө көп. Буга кечээ жакында өткөн Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоолор далил. Борбордук аппарат финансылык же башка колдоо көрсөтпөсөк да, Таш-Көмүрдөгү партиябыздын активисттери өздөрү уюшуп, акча жана админресурс катуу роль ойногон шайлоодо бир тыйын чачпастан туруп үчүнчү орунду ээледик. Мындан тышкары да бир топ ири шаарларда биздин фракциялар иштеп жатат. Бул “Ата-Журттун” эл ичинде кадыры чоң экенинен кабар берип турат. Ал эми парламенттик шайлоо болобу-жокпу, айтуу кыйын. Бул өтө татаал процесс. Ошентсе да, биздин партия саясат кандай нукта кетпесин, баарына даяр. Кудай буюрса, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөбү же ага чейинби, “Ата-Журт” партиябыз ага сөзсүз катышат. Биз элге таянган партиябыз, ошондуктан, шайлоодо утуп келип, элдин, журттун кызматын кылууга даярбыз!

 

- Камчыбек Кыдыршаевич, өткөндө өлкөнү каптаган катуу суук өкмөттүн чыныгы дарамети кандай экендигин даана ачып берди. Айрыкча, Бишкек жылуулук электр борборундагы авария эл ичинде өтө чоң талкууну жаратты. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо шылтоосу менен чиновниктер чөнтөктөрүн эбегейсиз кампайтып алганы айтылды. Тажикстанда 200 миллион долларга жаңы ЖЭБ курушса, бизде 386 миллионго жылуулук борборунун отуз пайызын гана жаңылашыптыр. Бул эмне деген шумдук?

 

- Чындыгында, президент, өкмөт, жалпы мамлекеттик бийлик органдары элдин көйгөйүн милдеттүү түрдө чечиши керек! Эгерде сен элдин маселесин чече албайсыңбы же чечкиң келбей жатабы, кызматтан дароо гана кетпестен, жоопкерчиликке тартылышың эп. Элдин көйгөйүн унутуп калган, элдин тагдырын оюнчук көргөн ким болбосун, даражасына карабастан жоопкерчиликке тартканды үйрөнбөсөк, абалыбыз оңолбойт. Элине акыйкат мамиле кыла албаса, үңүлүп маселесин чече албаса, андай чиновниктин барынан жогу, зыяны көп болот. А эгер ал чиновник бул аз келгенсип ууру колун казынага сала турган болсо – бул эртеңкибизге чоң коркунуч. Дал ошондуктан чиновниктердин кайдыгерлиги жана коррупцияга каршы күрөштүн өлкө келечеги үчүн мааниси өтө чоң. Ачыгын айтыш керек, коррупцияга каршы күрөш дешет, бир Бабановду коркутуп Кыргызстандан кууп жибергенден коррупция токтоп калбайт. Кайра тескерисинче, мындай инсандардын эс-акылын, тажрыйбасын пайдаланыш керек. Анан эле бир Бабановду кууп жиберип, же башка саясий оппонентине иш ачып, “коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат”- десе ким ишенет? Ошондуктан, коррупцияга каршы сөз менен эмес, иш жүзүндө күрөш жүргүзүш керек. Аны саясий каршылаштарына карата курал катары колдонбой, тамырын кыркуу зарыл. Бишкек ЖЭБи боюнча да, сиз белгилеп өткөндөй, аны модернизациялаган менен, алдын-ала планы, эсеп-чоту болбоптур. Кайсы бир чиновниктердин чөнтөгүнө миллиондогон “откаттар” түшкөнү көрүнүп турат. Ушуну көрүп туруп аягына чыгып, күнөөлүүлөрдү жоопко тарта албаса, анда бул иш бийликтин бетине чиркөө болуп калып кетет.

 

- Мүмкүн, ушунун баарын ачык айта албай кыйналып жатышканына караганда, чын эле, Атамбаевдин кулагы чыгып турат окшойт да...

 

- Бизде акыркы кезде ушундай жаман адат пайда болду, улам жаңы келген бийлик күнөөнү кеткенине оодара берет. Бакиев келгенде баарын “акаевчилерге” шылтаган, кийин Атамбаевдин тушунда “бакиевчилер” жаман болуп чыкты. Эми болсо биринчи эле чыр чыкса, аны Атамбаевге шылтоолоп жатып калышты. Эгерде Атамбаевде күнөөсү болсо, аны өз убагында жоопкерчиликке тартыш керек болчу. Бирок, ал бүгүнкү иштеп жаткандардын тушунда болуп жаткан нерсеге эмнеге жооп бериши керек? Күнөөнүн баары эки күндүк суукта элге жылуулук бере албай калган азыркы жетекчилерде, ушулар жоопкерчилик тартышы зарыл. Так айтып кетейин, минтип кадрларды “акаевчи”, “бакиевчи”, “атамбаевчи”- деп бөлгөн туура эмес. Кадрлар жалпы элге кызмат кылат, бир адамга эмес. Башка маселе – ал кадрлар акыйкаттуу боло алдыбы?

 

- Сиз саясий куугунтукту өз башыңыздан өткөргөн адамсыз. Учурда камактагы саясатчылар К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков кургак ачкачылык кармап, беш күндөн бери жатышат. Алардын талабында чындык барбы?

 

- Ооба, туура айтасыз, мен мунун баарын жеке башымдан өткөзгөнмүн. Акыйкатсыздык болуп турган маалда адамдын көңүлүнө ар кандай ойлор келет, “элди көтөрсөмбү?”, “ачкачылык жарыяласамбы”, жада калса “өз жанымды кыйсамбы”- деген нерселерди ойлойсуң. Камактагы сиз атап кеткен саясатчылар да адилеттүүлүк жоктугунан мукурап, айласыз ушул саясий кадамга барышты. Мен Бектур Асановду, Кубаныч Кадыровду, Эрнест Карыбековду толугу менен колдойм! Себеби, бул балдар жөн гана сөз үчүн камалып олтурушат. Алар эч кандай жаман иш кылышкан жок, элдин бир сомун жеген эмес. Ушундай эле акыйкатсыздыкка Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров кабылып, камакта олтурат. Мына ушул инсандардын баары элге-журтка кызмат кылып, элдин жүгүн көтөрүп жүргөн. Ошондуктан, алардын баарын азаттыкка чыгарыш керек. Эгерде айрым бир күнөөсү болсо, аны тартып бүтүштү, себеби, алды 3, арты 1 жылдан бери абакта күн кечирип келатышат. Эгерде бул адамдарды эркиндикке чыгарышса, эл дагы ыраазы болуп калмак.

 

- Жаңы президенттин аларды эркиндикке чыгарууга эрки жетеби?

 

- Эми кырдаал ушундай экен, баарын жаңы президентке такап атабыз. Сооронбай Шариповичти кыргыз эли колунан иш келерин билип, адилеттүү жетекчи болоруна көзү жетип колдогон. Ошондуктан, эл дагы абактагы саясий ишмерлер боюнча жогорку деңгээлде сөзсүз түрдө саясий чечимдер кабыл алынышын күтүп жатат.

 

- Маалымат каражаттары сизге Өмүрбек Бабанов кайра-кайра чыгып, сиз аркылуу Кыргызстанга кайтып келүүнү мелжегени жазылып жатат...

 

- Өмүрбек Токтогулович менен эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Ал мени менен байланышкан да, бир нерсени суранган да жок, кайда, эмне пландар менен жүрөрүнөн кабардар эмесмин. Мунун баары ушак. Бирок, Өмүрбек Бабанов менен жеке мамилем бар, аны бузгум келбейт.

 

- “Республика – Ата Журт” фракциясы бар. Ошондой эле аталышта партия да түзгөнсүздөр. Анын келечеги кандай болот?

 

- “РАЖ” боюнча мурда эле Өмүрбек Бабанов менен келишимге келгенбиз. Парламентте “РАЖ” фракциясы аягына чейин болот. Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөндөн кийин, шайлоого “Республика” өзүнчө, “Ата-Журт” өзүнчө кетери макулдашылган. Азыркы “РАЖ” фракциясынын курамына кирген депутаттардын 90 пайызынын эртеңкисине суктанбайм. Алардын эки жүздүүлүгү, саясий сойку катары кадамдарын коомчулук жаттап да бүттү окшойт. Алгач мени сатып, Бабановду тегеректеп алган “кузгундар” көп өтпөй, Бабановдун башына оор иш түшкөндө аны да сатып, эми дагы бир “жаңы кожоюндарынын” арыгын чаап жатышат. Жаңы кожоюндары да муну мыкты билишкендиктен, учурда жөн эле кол жоолук катары аларды пайдаланышууда, учуру келгенде эч кимге кереги жок буюмдай көчөгө ыргытылышат. Буларга биздин партиянын эшиги жабык. Биз буга окшогон саясий сойкулардан этият болушубуз керек. Менин жеке адамдык мүнөзүм ушундай, бир саткан адам менен кандай жагдай болбосун, кайра сүйлөшпөйм. Кечиришим мүмкүн, бирок, кайра мамиле кылып, чоң ишти баштоого абийирим да жол бербейт.

 

- “Ата-Журттун” дагы бир лидери Ахматбек Келдибековго карата “кара пиар” күч алып кетти. Ал аркылуу партиянын да кадыр-баркын түшүргүлөрү келип жатабы?

 

- Ахматбек Келдибековичтин кадырын түшүрөбүз деп бир-эки гезит же сайттар эмес, бүт мамлекеттин каршы иштегенин көрдүк го. Ошондо да анын дарегине багышталган айыптоолордун бири далилин тапкан жок. Булардын каралоолору суу кечкен жок. Жыйынтыгында, азыр Ахматбек Келдибекович эл ичинде кадыр-баркы бийик жүрөт. Азыркы жалган жалаалар да максатына жетпейт. Буюрса, биз, Ахматбек Келдибекович экөөбүз элге бийликке келип кызмат кыла турган күндөр да алыс эмес. Кай жерде болбойлу, биздин максат – элге таза, абийирдүүлүк, ар-намыс менен кызмат кылуу.

 

 

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити

Тема: