А.Шыкмаматов: Өмүрбек Чиркешович абдан кайраттуу адам, анча-мынчага сынбайт...

 

- Алманбет Насырканович, эмне үчүн Өмүрбек Текебаевдин соту Биринчи май райондук же шаардык сотто эмес, аскер сотунун имаратында өткөрүлүп жатат. Бийликтегилер Текебаевдин колдоочуларынан корккон үчүнбү же анын башка да себеби барбы?

 

- Текебаевдин колдоочуларынан корккон үчүн эмес, басмырлап, мазактап жатышат. Айтайын дегеним, жактоочуларын да саат 10го деп айтып, шаардык сотко кулактандыруу берип, кайра төрткө жылдырып, ал түгүл аскер сотуна алып барганы жеке эле Текебаевдин талапкерлерин мазактоо эмес, милицияларды жана эки автобус толо спецназды кошо мазактоо деп түшүнөм. Алардын бизди кайтаргандан башка иши жоктой, шаардык сотко барсак шаардык сотко, аскер сотуна барсак аскер сотуна алып барышып, аларды кошо убара кылып, бийлик олдоксон экенин, кара күчүнө таянып иш кылып жатканын көрсөтүп  жатат. Кыскасы, Текебаевге моралдык кысым кылып, анын жактоочуларын болушунча кыйнап жатышат. Чынында сотту аскер сотуна эмес, Биринчи май же шаардык соттун өзүндө кылса деле Текебаевдин жактоочулары коркунуч жаратмак эмес. Текебаев жакындарына, жактоочуларына кол булгалап калат же бир секунд болсо да сүйлөшүп алат деген максат менен ага тоскоолдук жаратуу үчүн аны аскер сотунун имаратына алып барып жатышат. Айтор, үй-бүлөсүнө кол булгалаганды да ыраа көрбөй жатышат. Болбосо, Өмүрбек Чиркешовичтин жакындарына анын бир жылмайганы деле кубат болмок.

 

- Текебаев менен байланышып жатасыңарбы?

 

- Азыр эч кимибизди киргизбей жатат. Адвокат гана кирип жатат. Ал камалганы мен бир гана  жолу кирип чыктым.

 

- Акыбалы кандай экен. Сынбаптырбы?

 

- Акыбалы жакшы. Өмүрбек Чиркешович абдан кайраттуу адам. Ошондуктан, анча-мынчага сынбайт. Мен ага бөркүмдөй ишенем. 

 

- Бийлик мындай аракети менен “Ата Мекен” партиясын саясаттан четтетип, биротоло жок кылууну көздогөн жокпу?

 

- Текебаевди бийликтегилер кара күчкө салып, жабык сот аркылуу болсо да кесип жиберебиз деп жатышат. Ал тургай бизди да соттоп жиберебиз деп шымаланып, партиянын ишине бүлүк салып, “Ата Мекен” партиясын жана талапташтарын жок кылууга аракет жасашууда. Чынында “качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай” дейт. Бардык нерсе Кудайдын гана колунда. Ошондуктан, Кудай эмнени айтса ошол нерсе болот. Чапкан сайын эле көз чыга бербейт. Бийликтин Текебаевдин тарапташтарынан тазалоо операциясынан майнап чыкпайт.

 

“Ата Мекен” партиясынын мандатынан ажыратып, кесип жиберсе эле партия жок болуп кетпейт. Башкача айтканда, мандатыбызды күч менен алып коюшса дагы жаныбызды, жашообузду алып коё алышпайт. “Ата Мекен” партиясы жок болуп тарап кетпейт. Биз партиянын ишин офисте, көчөдө болсо да улантып, бийлик менен акыр аягына чейин күрөшөбүз. Мен ишенем булардын да өз жазасын ала турган мезгил келет. Ал күн алыс эмес.

 

- Президенттик шайлоонун өтө турган күнүн октябрдын 15инне жылдыруу демилгеси туурабы?

 

- Президенттик шайлоо 19-ноябрда өтсө туура эмес болмок. Башкача айтканда, Конституция бузулуп, президенттик  шайлоо легитимсиз болуп калмак. Биз көтөргөн маселенин жардамы аркылуу августта болбосо да, 15-октябрга жылдырылып жатканы жаман эмес, бирок инагурацияга убакыт аз болуп калат.

 

- Буга чейин эч бир бийлик Текебаевди камоого батынган эмес. Бул бийлик неге аны камап, ал тургай сотун да жабык эшик артында өткөрүп, аны алсыз кылууга аракет кылып жатат?

 

- Менимче бийликтин айласы кетип, мыйзамдуу, цивилдүү жол менен кармашууга мүмкүнчүлүгү жетпей калган үчүн ушундай ыкманы пайдаланып жатышат. Өмүрбек Чиркешовичти өлтүрүп коё албагандан кийин Маевкийдин жомогун түзө коюшуп, ойду-тоону сүйлөтүп, анын айткандары чындыкка дал келбей жатса да чампалап пайдаланышты. Кыскасы, бийликтегилердин эси-дартынын баары Текебаевди кесип жиберүү болуп жатышат. Бирок, бир жыл же эки жыл өтсө да, Текебаев акталып, баары өз ордуна келет. Азыркы иш козгоп, зөөкүрлүк кылып жаткандар сөзсүз жасаган иштеринин азабын тартышат. Бул менин эмес, космостун мыйзамы. Анткени, эртеби-кечпи булардын иши тараза ташка салынып, колдору менен кылганын моюндары менен тартышат. Эл зөөкүрлөрдүн бетине түкүрөт. 

 

- Путин келгенде Сапар Исаковду далыга таптап, “ким президент болоорун чечтик” деген имиш. Өмүрбек Чиркешович ошол сырткы күчтөрдүн буйругу менен президенттик шайлоого тоскоолдук жаратпасын деген максатта ак жеринен караланып, камакка алынып жаткан жокпу?

 

- Мен Текебаевди камаганга сырткы күчтөрдүн таасири тийди дегенге ишенбейм. Бул ички эле күчтөрдүн жеке таарынычы, өч алуусунун негизинде камакка алынды. Кыскасы, жеке таарыныч, жеке жек көрүү сезимдери кырдаалды курчутуп,  ушул жагдайга алып  келди. Менимче, Текебаев президенттик шайлоого тоскоолдук деле кылмак эмес. Бирок, ага карабай камап алышып, Өмүрбек Чиркешовичтин рейтингин бийлик өзү көтөрүп жатат. Буюрса, Текебаев эркиндикте жүргөндөргө караганда түрмөдөн көбүрөөк колдоого ээ болот.

 

- Ал президенттик шайлоого катышабы?

 

- Ооба катышат. Азыр Текебаевди соттоп үлгүрүшпөйт. Айла жок талапкерлигин каттайт. Башкача айтканда, түрмөдө жатса да президенттикке талапкер болот. Көрөсүңөр го ал эркиндикте жүргөнүнө караганда түрмөдөн көбүрөөк добуш алат.

 

- “Ата-мекенчилерге” чекесинен кылмыш ишин козгоду. Башка партияларда силердей мыйзам бузган же пендечиликке алдырган адамдар жокпу?

 

- Ал жерде экөөсүнүн  бири кылмыш жасаган адамдар отурат. Бүгүн камакка алынбаганы менен эртең жоопко тартылышат. Азыркы бийлик алардын мыйзамсыз иштерине көз жумганы менен документ мезгили келгенде көтөрүлүп чыгат. Ал жердеги кылмышка шектүүлөрдүн маселеси убагы келгенде сөзсүз түрдө көтөрүлүп, кылмыш иши козголот. Кыскасы, бийликчил партиялардын өкүлдөрүнө кези келгенде адвокаттык лицензия же болбосо 150 миң сомдук чыгым, “Мерседес” эмес, андан чоң беренелер менен кылмыш иши козголот. Башкача айтканда, аларга меникине окшогон суу кечпеген айыптар менен кылмыш иши козголбойт.  Миллиондор, миллиарддар документтеги далилдер менен кашкайып чыгат. Эң негизгиси азыр сулуу чымчык болуп отургандар мүлктөрүн, акчаларын, байлыктарын  эч жакка ката албай калат.

 

- “Ата-мекенчилерге” катаал мамиле жасалаардан мурун бийлик тараптан “тизгиниңерди тарткыла” деген тымызын эскертүү болгон жок беле?

 

- Болгон эмес. Болсо деле биз алардын шартына көнмөк эмеспиз.

 

- Эмне үчүн Текебаевдин сотуна “Ата Мекен” фракциясынан башка аттуу-баштуу инсандар, мурдагы үзөнгүлөштөрү барбай жатат?

 

- Чочулап жатышса керек. Кээ бирөөнө Текебаевдин камалганы майдай жагып жатса  керек.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл