А.Келдибеков: "Мыйзамсыздык болсо дагы кандай болот билбейм, дагы бир революциядан экинчи революцияга чейин жашап калышыбыз мүмкүн"

 

Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин экс-спикери, “Ата-Журт” партиясынын тең-төрагасы: 

 

- Кыргызстанда болуп жаткан иштердин баары бул саясат: экономика саясаты, шайлоо саясаты дегендей ж.б. Ал эми жоопкерчиликчи... биз ушуга көбүрөөк токтолушубуз керек. Бизде үч бийлик бутагы бар. Мыйзам чыгаруу, бул парламент. Бүгүн барбы жоопкерчилик, эч кандай жоопкерчилик жок. Парламент “көтөр” десе көтөрөт, “көтөрбө” десе көтөрбөйт. Бүгүн Конституциянын кээ бир нормаларына иштеп жаткан башка мыйзамдар дал келбейт. Бирок, парлламент ошого көз жумуп иш алып барып жатат. Экинчиси, сот бийлиги. Барбы, жок. Сот бир-эки адамдын гана буйругу менен чечим чыгарат. Бул эч кимге сыр эмес. Аны көпчүлүк ушул отургандар башыбыздан өткөрдүк жана өткөрүп жатышат. Ошол мезгилде жоопкерчилик болбогондуктан, көбүбүз унчукпай койгондо, андан дагы жаман болмок Үчүнчү, аткаруу бийлиги. Барбы бүгүн, жок. Биздин жашоо абдан жакшы болуп кетиптир деп угуп жатасыздар. Маселен, өкмөт мүчөлөрү статистика чыгарганды билбейт деп ойлойм. Өкмөттө иштегендер элди аралап, базарды аралап иштегенди билбейт. Бүгүн менен өкмөттүн 80 пайызы ички дүң продукция эмнеден тураарын билбейт деп айта алам. Мунун баары жоопкерчиликтин жоктугунан болуп жатат. Биз негизи жоопкерчиликти 2005-2010-жылдары болгон революция дейбизби, кайра алмашуу дейбизби, ошол мезгилде башташыбыз керек болчу. Ошондо жоопкерчиликти эч ким моюнга алган эмес, ошондуктан ушундай башаламандык болуп жатат. Ооба буга биз, саясатчылар күнөөлүбүз. Күнөөнү башка жактан издебеш керек. Ошондуктан биз мамлекеттик башкаруу системасын импорттобой элге алып чыгып, эл менен чечиш керек. Курултай деп Конституцияга кирди, бирок алты жыл өттү, иштеген жок. Ошол курултай ушул үч бийлик бутактан элдин алдында отчет алышы керек. Ал эми, шайлоо канчалык таза өтөт, анын баарын убакыт көрсөтүп жатат. Шайлоо дегенде, бир гана адам өзү гана кол менен чийип жыйынтык чыгарып коюусу керек эмес. Бирок, биз эки шайлоону тең “таза болду” деп өткөрдүк. Биз качан таза шайлоого өтөбүз? Ал ар бир адам бюллетенге ээ болсо гана таза өтөт. Кыргызстан - бир гана бизге керек. Башка эч кимге кереги жок. Биригишибиз керек. Ошон үчүн, мамлекеттүүлүктү сактайлы десек жоопкерчиликти күчөтүшүбүз керек. Жоопкерчилик бул алып барып камоо эмес. Эгер 2005-2010-жылдардагы өткөн бийликтердин прокуратура, сот органдары баары өз иштерин аткарганда бир дагы бирөөнүн ишин аткарбайт эле. Бул жерде айтылган жалындуу сөздөр канчалык деңгээлде ишке ашаарын билбейм. Эл бир гана “эл ичинде ынтымак болсо” деп тилеп отурушат. Мыйзамсыздык болсо дагы кандай болот билбейм, дагы бир революциядан экинчи революцияга чейин жашап калышыбыз мүмкүн.

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

Булак: “Майдан.kg” гезити