Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 823

Н.Нарматова: "Чынында Садырдан коркунучтуу коррупционерлер, өлүмдөн, кайгыдан, боздогон көз жаштардан акча жасап, миллиарддарды уурдагандар деле жүрбөйбү..."

 

- Надира Азимовна, Кыргызстандагы акыркы мезгилдеги саясый окуялар эмнеден кабар берет?

 

- Акыркы 2012-жылдан бери саясатчылардын көбүнө эле түрдүү беренелер менен иш козголуп келе жатат. Өкүнүчтүүсү, дароо эле оор статьяларды коюшуп, такталган, такталбаган маалыматтар менен, тергөөсү бүтүп, айыбы угула электе эле камаган өнөкөткө айланып баратат. Ошондой эле кылмыш иши тактала электе, сот отурумдары баштала электе, соттун чечими чыга электе эле КТРК менен ЭЛТРден кылмышкер катары даңазалап, такталып бүтө элек маалыматтарды күнүнө он жолудан кайталап, элдин кулагын көндүрүп,  бөкөчө, жексур, жеп-ичкич, ууру-кески, жеткен коррупционер, кылмышкер кылып көрсөтүп, ашкере жарнамалык иштерди жүргүзүп , укук коргоо органдарынын эң ишенимдүү жардамчысы болуп берип жаткандыгы карапайым элдин кыжырын  кайнатып жаткандыгы ачуу чындык. КТРК менен ЭЛТР коомдук, элдик канал болуп, бюджеттен каржыланганы менен элге теңирден тескери маалыматтарды  жеткирип жатышат. Бийликтегилер мамлекеттик телеканалдар менен каралап, максатыбызга жеттик дешкени менен  көпчүлүк эл нааразы болуп, КТРди “кара жашик”, “тапшырма аткаруучу канал” дешип жек көрүп калышкандыгы реалдуу жашоонун ачуу чындыгы. Негизи тергөө амалдары бүтүп, айыбы угузулуп, сот болуп, сотто күнөөсү аныкталгандан кийин гана  кылмышкер, коррупционер же дагы бир коркунучтуу ууру деп атаса болот. Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат. Жыйынтыгында, өлкөбүздө туруктуулук, өсүп-өнүгүү болбой, эл арасында мамыр-жумур жашоо өкүм сүрбөй, карапайым эл укук коргоо органдарына ишенбей калышты. Акыркы беш жылда саясий куугунтук дейбизби, саясий коррупционерлер дейбизби, кыскасы, тарыхта болуп көрбөгөн окуялар орун алып, күтүлбөгөн саясий кадамдардын жыйынтыгы түрмө менен коштолуп жаткан көрүнүш орун алды. Тилекке каршы, чыныгы уурулар, коррупционерлер, миллион, миллиарддарды жок кылып жибергендер аныкталганы менен укук коргоо органдары тарабынан эч кандай маани берилбей, күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатат.

 

- Садыр Жапаровдун келишинин урматына уюшулган митинг боюнча нелерди айта аласыз?

 

- 25-март күнкү митингди өткөрүүгө уруксат берилгенден кийин, Садыр Жапаровду камап, кырдаалды курчутуп, митингди күч менен таратпай деле коюшса болмок. Анткени, Садыр Жапаров “митингдин катышуучулары менен жолугуп, анан суракка барам”- деп коомчулукка ачык жарыялаган. Өз каалоосу менен чек арадан өтүп келгени үчүн рахмат айтып, “митингден бошогондон кийин суракка келиңиз”- деп күтүп турушса болмок. Шоу уюштуруп, коркунучтуу кылмышкерди кармагансып, күтүп турган элдин кыжырына тийбей деле коюшса болмок. Укук коргоо органдары анчалык кыйын болушса, өзү келгенде баса калып камабай,  Москва, Алматыда жүргөндө барып, издөө жарыялап алып келбейт беле. Митингде кармалгандарды ур-тепкиге алардан мурун укук коргоо органдары элдин кыжырына өздөрү тийип алганын эске алышса болмок. Граждандык кийимчен балдарды митингге кошо коюшуп, митингге катышкандарга мал сыяктуу мамиле жасап, бир адамды тытмалап, иттин өлүгүн көтөргөнсүп колмо-кол сүйрөгөндөрү жакшы көрүнүш болгон жок. Кыскасы, 25-марттагы митинге адам укугу корголбой эле кордолду. Кыскасы, 25-мартта атайылап элди коркутуу, үркүтүү максатында көрсөтүү багытында театралдаштырган бир шоу өткөрүштү. Садырдын балдарында, анын бир туугандарында, келиндеринде не күнөө? Аларды камаштын, сабаштын кажети жок го. Жооп берсе Садыр өзү жооп берет. Мен энемин, балдарда эмне айып. Атасы келе жатса үйдө олтурмак беле. Жок дегенде атасы менен учурашайын деп митингге баргандыр. Бир туугандары да инисин көргөнү барышкандыр.  Жүрөктү оорутуп, атасын сагынган балдарды ур-токмоко алганы аз келгенсип, бирин эки күнгө, келиндерин 5 күнгө, агасын  эки айга камаганы жаман болду, балким, жогору жактагылар бул аракети менен “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген коңгуроо кагып, Садырды бир беткей каралап жаткандыр. Бирок, эл бурмаланган сөзгө эмес, чындыкка ишенет. Кыскасы, Садыр Жапаровду камоо Текебаевдин маселесине окшош бир көрүнүш болуп калды. Тактап алып, анан камашпай, камап алып,  анан тергөө жүргүзө башташты. Бул мыйзамга жат нерсе.

 

- Демек, Садыр Жапаров “Кумтөрдү” эл аралык сотко берем деген аракети үчүн ушундай орой мамилеге дуушар болдубу?

 

- Жапаровдун “Кумтөр” боюнча ачуу билдирүүлөрү, конкреттүү фактыларынан улам, коомчулукта туура эмес пикир жаратат деген шектенүү болушу мүмкүн. Балким, Текебаевдин үнүн баскандай, С.Жапаровдун да үнүн басуу зарылчылыгы келип чыккандыр. Убакыт көрсөтөт. Шайлоо келе жатат. С.Жапаров шайлоого катышуучулардын бири. Убактылуу тынып, тынчып олтуруп тургузуунун бир айласы кылып, камап салышты окшойт. Сурак берип, соттошуп, оттошуп бүткүчөктү күзгө жетип калабыз. Кыргыздар качан ичибизди кенен кылчу элек. Каныбызда кара мүртөздүк, ичи тардык, жүзү каралык, өзүмчүлдүк, кошоматчылык, саткындык, көрө албастык жашап турганда, бир бирине “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”- деген принцип менен мамиле кылып,   камоону - тыңчыкмаларды тазалоонун  ыңгайлуу жолу катары карап жатышса керек да. Чынында Садырдан коркунучтуу коррупционерлер, өлүмдөн, кайгыдан, боздогон көз жаштардан акча жасап, миллиарддарды уурдагандар деле жүрбөйбү.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: