Т.Акеров:  К.Ташиев, А.Келдибеков, А.Мадумаровдордун "А.Салянованы коргойбуз" деген билдирүүлөрү бүгүн өч алуудан да жогору турат жана буларга чоң упай алып келиши шексиз...

 

Акыркы мезгилде өлкөдөгү саясий абал бир топ өзгөөрүүлөргө дуушар болду. Белизгейт операциясынын ташы талкан болду. Коопсуздук кызматын “президентти уят кылды”,- дегендер да бар. Бирок,ошого карабай ал акыркы күчү менен тап берип, Ө.Текебаев менен Шыкмаматовду болбосо да, А.Салянованы омуроолоп, жөлөөнү улантууда. Жакында Орусиянын президенти Путин, Түркиянын президенти Эрдоган келет деген маалымат тарады. Айрымдар “Путиндин келиши менен президенттик шайлоолорго старт берилет”- деп жатышат. Себеби, анын келиши менен КСДПнын талапкери  ачыкталат дегендей ой айтылды. Мына ушул жана башка маселелер боюнча маектешүүгө гезитибиздин эксперти Т.Акеровду сөзгө тарттык.

 

- Табылды мырза айтсаңыз, деги “Белизгейт” операциясы менен бийлик эмнени көздөгөн?

 

- А.Атамбаевди Акаев-Бакиевдин мезгилинен бери келаткан кадрлар курчап турат. Алар эскиче иштеп жатышат. Кошоматка кой союп,  президентке “баары жакшы, биз баарын бүтүрөбүз, жайлайбыз. Сиздин макулдугуңуз эле керек” деп, саясий жана коомдук процесстерге таасир берүүчү  күчкө айланып алышты. Бүгүн булар артка кайткысы келбей жатат. Себеби, булар Акаев-Бакиевдин мезгилинен эле калыптанып калган. Саясатта үстөмдүк кылуу менен ырахат алышат. Мына ошондуктан Конституция, мыйзамдарга карабай, кабинетке бекинип алып, өлкөнүн Конституциясын өзгөртүп, каалаганын кылып жатышат. Бийлик каолицияны бузуп, “Ата-Мекенди” оппозицияда калтырууну чечип, бирок аны кантип ооздуктап турсак болот деп, анан “Белизгейт” операциясын ойлоп тапты. Бирок, бул жакшы ойлонулбай калган. Б. а. Текебаевдин мүмкүнчүлүгүн эсепке албай калышкан. “Белизгейт” мурдагы эле “марадерствогейтке” окшош уюштурулган. Бийлик анда көз боемочулар  А.Юсуповдорду колдонгон. Мында болсо “Авалон лимитед” аттуу чет элдик мошениктик аракеттери менен белгилүү болуп, сот аркылуу иши токтотулган компанияны колдонушкан. Кыскасы, акча төлөп койсо, ишсиз отурган көз боемочулар кандай гана болбосун кагазды – апостол деп бере беришээри анык болуп отурат. Бийликтин ою боюнча “Ата-Мекендин” лидерлерин мошенниктердин жардамы менен ооздуктап, буларды тушап, алыскы аракеттерге бардырбай кармап турабыз деп ойлошкон. Бирок, Текебаев бул аракеттерге татыктуу жооп берип, Белиздин өзүнөн юридикалык компанияны жалдап, УКМКга келген апостолдун эч нерсеге жарабаган кагаз экендигин далилдеп койду. Ошого бүгүн УКМКнын төрагасы жана КТРдин гендиректорун отставкага кетишин талап кылганы жатышат.

 

- Ө.Текебаев “Белизгейттин” тамтыракайын чыгарды. Бирок, бийлик эми кандай кадамдарга барышы мүмкүн?

 

- Бүгүн бийликте арга калбай калды. Алар эми Ө.Текебаевге тийе албайт. Бирок, А.Саляновага ачылган кылмыш ишин сотко узатып жиберип, буларды ооздуктоого өтөт. УКМКнын акыркы билдирүүлөрүндө бул план ачык көрүнүп турат. Бийлик А.Салянованы камабай, кылмыш ишин сотко узатып жиберип, буларга таасир берүүнү көздөп жатат. Бул акыры барып, Атамбаевдин мөөнөтү аяктаганга чейин уланышы мүмкүн. Анан жабылат.

 

- Атамбаев кекчил деп жатышат го. Салянованы камап салбайбы?

 

- Эгер бул айтылгандар чын болсо, анда туура, А.Салянованы сот аркылуу кесип жиберүүлөрү мүмкүн. Бирок, шарттуу төрдө. Себеби, бийлик А.Салянованы президенттик шайлоолорго катышат деп коркуп турат. Шайлоолорго катыштырбай коюш үчүн, аны шарттуу түрдө кесип жибергенден кайра тартышпайт. Бул өч алуу да болуп эсептелиши мүмкүн.

 

- К.Ташиев, А.Келдибеков, А.Мадумаровдор бириккенде, “эгерде бийлик А.Саляновага каршы мыйзамсыз аракеттерди жүргүзсө, анда биз аны бийликке жөн эле салып бербейбиз”- дегендей билдиришти эле. Булар сөзүнөн кайтып кетишпейби?

 

- Жок, менимче андай болбойт. Кыязы, бул билдирүү өтө кылдат ойлонулуп жасалган. Мисалы, айрымдар А.Атамбаев А.Салянованы сот аркылуу жазалап өч алгысы келип жатат дешет. Бирок, муну менен бийлик К.Ташиев, А.Келдибековдордун өчүн алып берип жаткансып, тигилерди бул ишке кийлигишпегендей кылып нейтрализациялаганы турат. “Мына биз силердин эң жек көргөн адамыңарды камап, силердин өчүңөрдү алып берип жатабыз”- деп. Бирок, К.Ташиев, А.Келдибеков, А.Мадумаровдордун "А.Салянованы коргойбуз" деген билдирүүлөрү бүгүн өч алуудан да жогору турат жана буларга чоң упай алып келиши шексиз. Себеби, А.Салянованы коргоо менен булар түндүктүк электораттын көңүлүн өздөрүнө буруп жатышат. Анан калса, А.Саляновага ачылган кылмыш иши саясий нукта экенин булар жакшы түшүнүп турушат. Себеби, булар бир нече жолу депутат болгон саясатчылар. Мыйзамды жакшы билишет жана ага комментарий бере алышат. Ошондуктан, мен ойлойм саясий оюндар али алдыда. Бул жердеги дагы бир жагдай: бийлик “Ата-Мекенди” бир жаңсыл кылып алса, анда кийинки кезек Ө.Бабановго жана башкаларга келет. Жогорудагы Ташиев, Келдибеков, Мадумаров үчилтиктигин бөлүү саясаты жүрө баштайт. Себеби, бийлик өз талапкерине жол тазалап жатат. Ошондуктан, Бишкекте, Жалал-Абадда, Таласта, Кара-Балтада шаардык кенештерде катуу талаштар орун алып келет. Акыркы үч шаарда КСДП менен “Кыргызстан” коалицияга кирбей калып, шаардык кеңештин ишине чоң тоскоолдуктарды жасап жатканын булар жакшы түшүнүп турушат.

 

- Президент А.Атамбаев А.Салянованы кызматтан ал өзүнүн агасы К.Саляновду каматпай, кылмыш ишине тоскоол кылып, корголоп туруп алгандыктан кетирдим деп билдирди эле. Бирок, бүгүн К.Салянов К.Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок болуп чыкты го? Президент эптеп А.Салянованы кетириш үчүн эле, ошентип айтып койгонбу?

 

 - Менимче, К.Дүйшөбаева атайы заказдын негизинде өлтүрүлүшү мүмкүн. Бул иш бизнесмендер өз карыздарын криминалдардын жардамы менен кайрыган окуяларга өтө окшош. Мисалы, бизнесмендерге карызын өндүрүү үчүн криминалдар жардамга келип, акчасын кайрып берип, андан пайда көрчү. Бизнесмен аларды финансылап, акчалай колдоп турган. К.Дүйшөбаеванын ишинде да кызыкдар тарап катары А.Салянованы кызматтан кетире албай жаткан президенттин тегереги, казак компаниясы айтылууда. А.Салянованы кетирүү үчүн бир негиз керек болгон. Анын К.Салянов менен жакшы экендиги аныкталгандан кийин, К.Саляновдун телефону тыңшоого алынган. 4-мартта К.Салянов, О.Жамансариевдин эки  кыз менен саунага барганы аныкталган. Ошондон кийин, ошол эле саунага баруучу кыздар аныкталган. Бирок, садага чабылчу кыз да К.Саляновдун таанышы болушу керек болгон. 9 -мартта К.Салянов менен К.Дүйшөбаева жолугушканын такташкан. 10-мартта К. Дүйшөбаева эртең менен үйүнөн чыгып, жигити менен жолугушууга кеткен. Жолдо катар  Кривоносово көчөсүнө жеткенде, анын соткасы өчүп, дайынсыз болуп калган. Жигити кечинде анын үйүнө келип кабарлап, издөө башталган. Кыязы, заказ аткаруучулар Камиланы Кривоносово көчөсүнө чейин аңдып барып, оңтою келгенде токтотуп, ошол эле жерден аны башка бир чаап, өлтүрүп, машинага салып кеткен. Себеби, атайы дайындыгы жок К.Салянов да, анын жигити адамды бир эле чаап өлтүрө албастыгы анык. Камиланын сол баш сөөгүнөн жараат табылып жаткандыктан, аны машинанын ичинде эмес, сыртында башка чаап, жыккан. Себеби, машинанын ичинде адамды сол жагына бир чаап, өлтүрүү өтө эле кыйын болот. Ал үчүн киллер сологой болушу керек. Андан соң анын өлүгүн мүрзөгө алып барып таштаган. Бул иш боюнча кылмыш иши ачылганда, изкубарлар К.Дүйшөбаева менен К.Саляновдун тааныштыгына басым жасаш максатында Камила барып жүргөн саунанын администраторунан керектүү түшүнүк катын жаздырып алып, аны качырып жиберишкен. Ал “телевизордон изделип жаткан кыз 10-март күнү саунага келген кыздардын бирине окшош экен”- деп жазып берген. Саунанын администратору минтип жазып бербесе, жаза алып калышы толук мүмкүн болгон. Ошого ал жалган көрсөтмө жазып берип, качып кеткен. Бирок, президент Атамбаевдин тегереги “А.Салянова агасы К.Саляновду калкалап жатат” деп аны ишендирип, кызматтан алдырууга аракет кылган. Бирок, агасынын күнөөлүү  эмес экендигине ишенген А.Салянова арыз жазган эмес. Ошондуктан, аны коркутуу максатында резиденциядагы үйүнө киши жиберип, күзөт менен мушташ уюуштурушкан. Мына ошондон кийин, өмүрүнө коркунуч туула баштаганда А.Салянова арызын жазып берип кызматтан кеткен. Кыязы, ушундай болсо керек.

 

- Салянованы кетирүүнүн кандай кажети болгон. Андан “чындыкты айтып коет” деп коркушканбы?

 

- Менин оюмча, А. Салянованын кызматтан кетирилишинин эң негизги себеби болуп, биринчиден, А.Салянова А.Келдибековдун иши сотко өткөңдөн кийин ал бийликке кереги жок болуп калган. Экинчиден, буга өлкөдөгү бүгүнкү абал толук жооп берет. Кыязы, президенттин тегерегиндеги айрым шылуундар М.Бакиевдин мүлктөрүн мародерлук, рейдерлик жолдор менен талап тоноп, аларга ээлик кылып, же пайда көрүп калууга кам көрө баштаган. Себеби, 7-апрелден бери 4-5 жыл өтүп калды. Баары унутулду. Эч ким билбейт деп ойлошкон. Атамбаевдин мөөнөтү бүткүчө ар кандай жолдор менен ээлик кылып калуу каралган. Мындан башка да контрабанда, коррупциялык аракеттер менен шугулданууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү каралган. Кыскасы, булар активдеше баштаган.

 

- Ө.Текебаевдин пресс-конференциясында “Белизгейт” боюнча жаңы билдирүүлөр болдубу? Бул маселеге чекит коюлдубу?

 

- Ооба. Менимче,  чекит коюлду көрүнөт. Себеби, Текебаев Белизден алар жөнөткөн суроо талаптарга жооп келгенин айтты. “Ата-мекенчилер” өзүлөрүн “бенифициар” катары биздин документтерибизди колубузга берүүңүздөрдү өтүнөбүз деп кайрылышкан экен. Бирок, Белизден келген жоопто “ата-мекенчилер” бенифициар эмес болгондуктан, буларга эч кандай жооп берилбестиги айтылган. Себеби, Белиздин мыйзамдары боюнча жооп “бенифициарлардын” өзүлөрүнө гана берилет экен. Текебаев УМКК “Белизгейт” операциясы боюнча алынып келди деген документинин жасалма экенин далилдеш үчүн Белиздеги архивден ошол документтин номериндеги документтин оригиналынын көчүрмөсүн көрсөттү. Архивде ал номер менен таптаза башка документ тургандыгы анык болгон. Б. а. Сегизбаев Атамбаевге берген документ жасалма экени анык болду.

 

 - Орусиянын президенти Путин февралдын аягында Кыргызстанга келери айтылууда. Максаты эмне? Чындап эле, президенттик шайлоолорго старт берилеби?

 

- Менимче, Путинди биздикилер көшөгө артында чакырышты. Акыркы мезгилде бийликтин аброю өтө түшүп кетти. Негизги себеп, бийлик обу жоу ар кандай жалган операцияларды уюуштуруп отуруп, өзүн жаманатты кылып алды. Мисалы, “Юпигейт”, “Саруугейт”, “Муфтийгейт”, “Белизгейт”. Мындан башка жөнү жок камоолор болуп жатат. Ошондуктан, жазга карата абал курчуп кетиши мүмкүн. Президенттин тегереги Путин менен Эрдоган келсе, алар менен Атамбаевди кучактатып, ар кандай негизде тартып алышып, анан аны март бүткүчө КТРден көрсөтүп, “Путин бийликти колдойт” дегендей пикир жаратууну көздөп жатат. Путин да ата-эне балдарына пряник, момпосуй тараткандай, бал тилге салып эки президенттин жана өлкөнүн ортосундагы достук жөнүндө  айтып, элди жоошуркатып, жаздын тынч өтүп кетишин камсыз кылууга жардам этет. Бирок, Путин канча жолу антпесин, ага карабай эле эл эки жолу толкуп кетип, бийлик 25 жыл аралыгында эки жолу революциялык жол менен алмашты. Мындан башка, Тажикстандын чек арасына жакынкы жерлердеги абалга байланыштуу, коопсуздук маселери боюнча талкуу болушу мүмкүн. Атамбаев Конституцияга кол коюп жатып, “эми биз нукура көз карандысыздыкка жеттик” деп айтты эле. Бул көрүнүш, тескерисинче, биз Орусияга көз каранды экендигибизди көрсөтүп жатат. Ошого келээрки прзиденттик шайлоолорго старттын берилишин Путиндин келиши менен байланыштырып жатышат.

 

- Аалы Карашевдин парламентке барышына кандай баа бересиз?

 

- Менимче, бийлик жаны конфигурация түзүүнү көздөөдө. Мисалы, Сапар Исаков, президент, А. Ибраимов, премьер-министр жана Аалы Карашев, спикер. Б. а. бул президенттин тегереги “бийликти түштүккө бербейли, андан көрө буларга спикерликти берели да, прездент менен премьер Атамбаевдин эң жакын балдарынан болсун” деген чечимге келишкендей түр калтырууда.

 

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg гезити.