У.Маматаев: Эгер президент божомол кылып айткан эки партия өтпөй калса, канчалаган адамдардын карьерасына балта чабылмак...

 

- Улукбек мырза, сиз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкер катары катыштыңыз. Шайлоодо добуштар уурдалган жокпу? Таза шайлоо болду дегенге макулсузбу?

 

- Талапкер катары бул шайлоо мурунку шайлоодон өтө начар өткөнүн ачык айтып коюшум керек. Биринчиден, шайлоого катышуучулардын саны абдан аз болду. Экинчиден, бийлик каалаган партиясына добушту каалаган жерден алып берди. Аны баары эле көрүп билип турушту. Бул шайлоо илгерки шайлоолордон дагы  ыплас өттү. Бу сапар азыркы бийлик электрондук система деген шылтоо менен элди дагы бир жолу алдады. Эң иренжиткени - КСДП Жалал-Абадда мыйзамды  одоно бузганына карабай кайра шайлоого катыштырып коюшту. Ушунун баарын эл көрбөйт десе, булар терең жаңылышат. “Спутник” деген сайт  кээ бир талапкерлер короткон каражат  2 миллионду чапчып калганын жазды. Ошончо акчаны берип, шаардык кеңешке депутат  болуунун кажети барбы (?) деген маселе жаралат. Анткени, ал жерде Жогорку Кеңештегидей айлык берилбейт. Ошондой эле шаардык кеңешке катышып, ошончо каражат короткон талапкерлердин баары эле иш менен алек болушпайт. Ошол жагын эске алганда булар  шардык кеңеште карала турган бюджеттен өөнөп калып же өз кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн келип жатышкандай маанай жаралууда.

 

- Биометрикалык аппараттар бузулуп, шайлоо үзгүлтүккө учураган жагдайлар орун алды. Мунун жоопкерчилиги кимдин мойнунда болушу керек?

 

- “Таза шайлоо өткөздүк”- деп Тайырбек Сарпашев элди алдабай эле койсун. Анын буга чейин алдап келгени, көрүнгөн убаданы бергени жетишет. Эл ишенбеген адамга президент кантип ишеним артып отурганын түшүнө албайм. Президент жалганчы кишини ушундай чоң кызматта кантип кармап олтурат, түшүнбөйм! Азыр “таза шайлоо болду” деп бир эле Сарпашев, анан утуп келген партиялар айтпаса, көпчүлүк шайлоо ыплас өткөнүн билишет. Чынында жалганчылык кылып, элди алдап, анан жоопкерчиликке тартылбаган саясаттын кесепети бизди  талкалап жатат. Биздин трагедиябыз “бүгүн алдап, эртең берген убададан качып кетсе болот экен”- деген саясаттын кесепетинен болуп жатат.  Сарпашев “президент колдоп турса алдай берсем болот. Жоопкерчиликке тартылбайм”- деп өз билгенин  кылып жатат. Мындан ары аларды тайраңдатпай айткан сөзү, берген убадасы иши менен дал келген жокпу, жоопко тартышыбыз керек. Болбосо, жалганчылар Кыргызстанды туңгуюкка кептеп, элдин башын айлантып жатышат.

 

- Бул шайлоонун жыйынтыгы ажонун айтканы менен дал келип калган жокпу?

 

- Президент деген мамлекет башчысы. Президент бир да партияга артыкчылык берип, аларды жарнама кылбашы керек. Ошондой эле президент божомол кылып айтканга акысы жок. Президенттин айткан сөзү мыйзам. “Республика - Ата Журт”, КСДП өтүшү мүмкүн”- дегени: “ал партиялар жеңишке жетет”- деген сөзү. Анткени, президент бул аракети менен “ушул эки партия сөзсүз өтөшү керек. Башкасын карап көргүлө”- деген мааниде айтты. Эгер президент божомол кылып айткан эки партия өтпөй калса, канчалаган адамдардын карьерасына балта чабылмак. Президент бу сапар да одоно мыйзам бузду.  Президент чындап журт башчысы болсо, баарына тең карап, оппозицияны да өгөйлөбөй өз баласындай мамиле кылышы керек. 

 

- Референдумдун жардамы менен алмашылган Конституция Кыргызстанга эмне берет?

 

- Конституцияны өзгөрткөн президенттерди кандай тагдыр күтсө, президент Атамбаевди да дал ошол тагдыр күтүп калышы мүмкүн. Анткени, эки революция тең Конституциянын өзгөрүшүнөн келип чыккан.

 

“Конституцияны өзгөртөм, бийлигимди сактайм”- деген  президенттердин тагдыры аянычтуу болуп калган. Азыркы президентибиз бийликти жакшынакай өткөрүп берем деген  ниети бар болсо, Конституцияны өзгөртүүнүн айласын издемек эмес. Бир жылга жетип, жетпеген мөөнөтү калган кишиге Конституцияны алмаштырып жанталашмак  эмес. Сыягы, президент кийинки бийликке да кийлигишкиси келгени үчүн ушундай жолду тандап алды окшойт. Себеби, “партиямды түптөйм, саясаттан кетпейм”- деген сөзү да бар. Эгерде президент өзүнүн ыйгарым укуктарын премьерге берип жатканына караганда премьерлик кызматты мээлжеп жаткандай таасир калтырат. Ушул жагынан ал премьер-министр болгонго далалат жасап жатабы (?) деген ойго кептелесиң. Себеби, президент буга чейин айткан сөздөрүнүн бирин да аткарган жок. Ошон үчүн анын “премьер-министр болбойм”- деген сөзүнө жаран катары такыр ишенбейм. Ал өзүнө ылайыктуу арык чаап, эртеңкисинин камын көрүп жатат.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.