С.Раев: Сени чалып жыгыттым дегендер, сени жыгытар, бирок көкүрөгүңдү жыгыта албайт, тили менен башты кесер,  бирок сөзүңдү кесе албайт...

 

- “Талантың тамчы болсо, аракетиң миллион болсун” деп коюшат, а сиз кандай ойлойсуз, адам тандап алган жолунун өтөөсүнө жетиш үчүн талант маанилүүбү, же аракетпи? Мисалы, сиз ийгиликтерди талантыңыз менен багындырып атасызбы, же аракет басымдуулук кылдыбы?

 

- Жеткен жетишкендикке талант да, аракет да... анан адамдык тагдыр да себеп болот. 95 пайыз талант болгон күндө да 5 пайыз эмгек, 5 пайыз талант болгондо 95 пайыз аракет керек... Талант Кудайдан, эмгек өзүңдөн... Эгерде Кудайдан берилген идирек  болбосо, аракетиң башыңды ташка урсаң да эчтекеге арзыбайт. Таланты жок аракет - жели жок шамалдай... Бирок, ар дайым, ар убакыт, ар учурда адам өзүн-өзү руханий өркүндөтүп туруу керек... Издеген жерден кен чыгат...

 

- Шекспирдин мекенин таң калтырган "Суфлер" эмненин негизинде жаралган? Ар бир чыгарманын жаралуу тарыхы болот эмеспи. 

 

-Анын тарыхы да, тагдыры да, реалдуу персонажы да бар... Ал башкы ролду ойногон – Назира Мамбетованын өзү, ошондой эле ага тагдырлаш адамдардын, чыгармачыл инсандардын мууну... Чыгармачыл адам менен коомдун байланышы, орду дайыма бири-бири менен дал келе бербейт. Чыгармачыл адамдын дүйнө кабылдоосу, көз карашы өзгөчө... Ал дайыма эле өзү жашап турган дүйнө түзүм менен дал келе бербейт. Анын жандүйнөсүндө карама-каршылыктар көп болот. Чыгармачыл инсанды эч качан турмуш нормасы, стандарты менен кароого болбойт, анткени, бу чен-өлчөмгө анын жүрөгү батпайт. Көркөм дүйнө адамы реалдуулукка таптакыр башка призманын кыры менен карайт. Ой жүгүртөт, анын татаал дүйнөсүнүн табияты ушундай... Мына ушу тейден “Суфлер” чыгармам жаралды... Мен да көркөм дүйнөдө жашап келем... Биз окшошпуз, биз ар башкабыз... Артист – ал адамдык неосферада жашаган инсан. Кылдат, үлбүрөк, назик, тежик, ит кыял, бала дүйнө, пакиза, ишенимчил, кыялый анын дүйнөсү ааламдын сырынан да татаал... Ошол татаал дүйнөдөгү адамдын тагдыры олда канча татаал да, миң кырдуу да. Ушу гармониядагы адамдын жандүйнөсүн, татаалдыгын жазгым келди. Чыгармачыл адамдын жандүйнөсүн түшүнгөн адам гана анын искусствосун түшүнө алат... Мен ушул туюмга көрүүчүнү бургум келди. Себеби, ал тагдырды эң оболу адам жашайт, адамдын адамдыгы жашайт... ошо үндү, ошо боекту, ошо авазды, ошо ирмемди, ошо дүйнөнүн камертонун сезе билген адам гана чыгармачыл адамдын жан табиятын түшүнө алат... Чыгарма ушул тууралуу...

 

Британиялык көрүүчүлөр өтө театр жандуу көрүүчү. Аларды таң калтыруу кыйын. Бирок, биздин спектаклдин финалында алар атактуу актрисабыз Назира Мамбетованы  15 минут кетирбей кол чаап турду... Бул кол чабуу кыргыз театр өнөрүнө болгон кол чабуу эле... Лондон сахнасында ойногон  алгачкы кыргыз театры болгонубузга ушунчалык жетине албай турдук... Лондон эл аралык театр фестивалында Баш байгени жеңип алганыбыз биздин гана эмес, улуттун абийири деп баалагым келет...


- Мамлекеттик кызматты аркалап атып чыгармачылык менен алектенүү кыйын эмеспи, чыгармачылык көп убакытты, эркиндикти талап кылат эмеспи?

 

- Убакыт ал шарттуу түшүнүк, жетпеген адамга жетишпейт, жетем деген адамга аркандалгандай туруп берет... Адамга убакыт эмес, адам убакытка жетпейт... Ал учурда шылтоо биринчи планга чыгат. Убакыт адамдын аракетин жакшы көрөт... Мамлекеттик кызматта жүргөн адамдын баары эле адамга таандык турмуштук да, биологиялык да зарылчылдыкты жасайт, анткени, турмуштун өзү ушундай... Чыгармачылык, анын илхамы эч качан убакытка да, кызмат орунга да, турмуштун стандартына да, нормасына да тушалбайт...


- Бир катар чыгармаларыңыз чет тилдерге которулду, чет өлкөнүн сахнасында коюлду, ар бир жолкусунда кандай сезимдерге бөлөнөсүз? "Мен сенин сыймыгыңа жаралганмын, Кыргызстаным" деп ырдагыңыз келеби?

 

- Көз алдыма алыскы алыскы мекеним келет... Анткени, ошо сезимде туулган жериң да, өлкөң да, карапайым элиң да, ата-энең да турат... Ошо сезимдердин баары биригип келип, кал басым жашка айланат... Ошо сезимде өз өлкөңө болгон сүйүүнүн  туу чокусу турат... "Мен сенин сыймыгыңа жаралганмын, Кыргызстаным" деп ырдагыңыз келеби?.. дейсизби?!.. Ырдагым эмес, ошол өлкөмдүн бир жараны, миллиондун бири болгонума, кыргыз болгонума  сыймыктангым келет...


- Жаңы өсүп келатканыңызда бут тосуу, көралбастык сыяктуу тоскоолдуктарга кабылгансызбы?

 

- Бут тосуу болгон, боло берет... Бирок, ага таптакыр көнүл бурбоо керек...Сени чалып жыгыттым дегендер, сени жыгытар, бирок көкүрөгүңдү жыгыта албайт, тили менен башты кесер,  бирок сөзүңдү кесе албайт, боюңду жер каратар, бирок оюңду жер карата албайт... Белгилүү адамдын бир белгиси, ал жөнүндө ушактын көптүгү... Сен жөнүндө кеп кылышпаса, ал -  жаманбы, жакшыбы, адилетпи, чындыкпы, калппы, демек, анда  сен эч ким эмессиң! Арсыз адам сөзгө да арзыбайт. Сенин ийгилигиң болсо, анын башаты эмне?.. Сен эч кимди жамандаба, эч ким тууралуу сөз айтпа, ушактаба, сатпа, өзүңө канчалык оор болсо да, ошо сөзгө чыда, ага жооп жоктугунан эмес, ага тең келбөөдөн улам... Бирөөнүн жакшылыгына сүйүнө билсең, башкалар сенин да ийгилигиңе сүйүнөрүн эстен чыгарбоо керек. Бирөөнүн жакшылыгына сүйүнө билүү да чоң адамдык.  Баарын жараткан көрүп турат... Бирөөгө ыргыткан ылайың ага  тийген күндө да, колуң ылай бойдон калаарын унутпа... Кыргыздын улуттук трагедиясы эмне десе, мен айтаар элем, ал – көрөалбастык, бирине-бири бут тоскондук! Биздин улуу адамдар, залкар таланттар, чыгаан инсандар  эмнеге бу турмуштан эрте өтүп кетти... Алар ошо кыргыздын улуттук “өзгөчө трагедиясынын” курмандыгы болушкан... Аң-сезимде төңкөрүш жасоо көчөдө төңкөрүш жасоодон  да татаал...


- А өзүңүз азыр бакыйган дарак болуп турган чагыңызда чыгармачылыктагы көчөт таланттарга тоскоолдук жаратып алгандай акыбалга туш келдиңизби? Жашоодо ар кандай кырдаал, кээде өзүң каалабаган жыйынтыктар болот го...

 

- Мени да бир учурларда колдогон чыгармачыл устаттарым болгон, мен да ошондой болгум келет. Жаштарга дайыма көкүрөгүм ачык. Алардын чыгармаларына дайыма көз салып келем, айрымдарынын китептерине баш сөз жазган учурларым да болду. Жаш акын Нурсулуу Гургубаеванын “Ак жарык” деген китебине баш сөз жаздым... Чындыгын айтканда, өтө таланттуу жаштар арбын. Алардын башын бириктирүү керек деп ойлойм. Жаштардан кырктын кырын ашпай Олжобай Шакир роман жазды. Өтө терең чыгарма. Поэзия жаатында Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Наристе Алиева,  Лира Камчыбекова, Рыскүл Изатова, прозада Айжаркын Эргешова, калемдеш досум Мамат Сабыров, ал эми эки романды катар жазып салган Арслан Капай да таң калтырып келет...

Эң өкүнүчтүүсү...  жаштарды калың катмар элдин билбей жатканы...


- Елизавета II менен жолугушканыңызды билбеген адам болбосо керек, мен ошол жолугушууда Англия ханышасы сизге аял катары кандай таасир калтырган деп сурагым келет.

 

- Аял катары өтө жупунулугу таң калтырды. Улуу ханышага, дүйнөнүн Биринчи аристократына жолукканда негедир апамды, өмүр бою ысык-аптапта пахта терип колдору туурулган апамды, сегиз баланы чоңойтуп, анын азап-тозогуна чыдаган апамды, карапайым кыргыз энелеринин бири апамды, баласынын өкүмдар болгонун эмес, өмүрү узун болгонун тилеген апамды эстедим... Эстедим да, ушунун баарын, өзү төрөп, өстүрүп,  эрезеге жеткирген уулу...  Улуу Ханышанын алдында турганын көрсө гана... деп эстедим... Ал эс тутумда менин сагынычым, сүйүнүчүм тургандай болгон...


-  Сизди жакындан билгендер "Султан палван" деп коюшат, эмнеге антип аташат, сырткы келбетиңизденби, же күрөшкө катышып жүрчү белеңиз?

 

- Бул суроого жазуучу Кубат аке Жусубалиевдин сөзү менен жооп бергим келет. Ал бир сапар “Султан кара күчтүн палваны гана эмес, рухтун палваны” деген эле... Ал эми күрөшкө катышып келгеним да чын... Менин Сырдыбаев деген тренерим болоор эле, а киши өтүп кеткен... Эсимде, биз Мелис Турганбаев ( мурдагы ИИМ министри)  ж.б. белгилүүлөр менен чогуу машыкчубуз. Ал гана эмес, эки жолу атактуу балбан Ташчайнарды да эки жолу кол күрөштөн жеңгем... ал эми андан тиш күрөштөн жеңилерими билем...


- Гезит тармагынан чыгып, министрликке чейин жеттиңиз, кызмат сиз үчүн эмне?

 

- Кызмат кызмат үчүн эмес, эл  керегине жароо...


- “Антистандарт” ыр түрмөгүңүз жарыкка чыкты, жашоодо стандартсызбы, же антистандартсызбы? Жашоонун калыпка салынган чийининен чыга качкыңыз келген учурлар болду беле?

 

- Ар бир нерсеге өз көз карашы бар адам эч качан турмуштун стандарты менен жашабайт. Адам адамга эмес, өзүнө өзү карама-каршы чыгып турбаса, өзүнө өзү жеңилип калышы мүмкүн. Ал ар бир ирмемде өзүн-өзү жеңе билгенде гана, эң оболу өзүн түшүнө алат, өзүн-өзү аңдай алат. Өзүн аңдай билген адам гана дүйнөнү аңдай билгенге аракет кылат...
“Антистандарт” аттуу китебим поэтикалык топтом... чындыгын айтайын буга дейре ыр жазып көргөн адам эмесмин...Кеп ыр жазып акын болом дегендикте эмес, адамдын ойлоо, ой-жүгүртүү формасына чек жок, бул китеп менин дүйнөгө, жашоого, сүйүүгө, арманга, адамдык сезимдерге, ички уйгу-туйгу коллизияларга болгон көз карашымдын гана формасы...

 

Маектешкен

Гүлмайрам Турусбекова

 

Булак: “Майдан.kg” гезити