Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 2419
М.Сариев: Бизде баары, өйдөдөн ылдый коррупцияга чулганып бүткөн
 
1. Кыргызстанда салтка айланып калгандай, климаттык сезон алмашкан сайын саясаттагы аба ырайы да өзгөрүлүп турат. Айрыкча, күзүндө коомдук-саясий кырдаал татаалдашат. Ошого байланыштуу, жакынкы айларда саясатта эмне өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?
 
2. Бийликтин, өкмөттүн экономика жаатында кандай жетишкендиктерин сезе алдыңыз?
 
Марс Сариев, саясат таанучу: 
 
1. Күзүндө коомдук-саясий кырдаал курчуйт. Буга бир катар себептер бар. Учурда лидерлердин аймактык таандыган жараша биригүүсү байкалууда. А бийликтин вертикалы алсыздап жатат. Дал ошого байланыштуу бийлик губернаторлор институтун калыбына келтирүү сыяктуу шашылыш чараларды көрүүгө мажбур болууда. Оппозиция деле жөн жаткан жок, күз күрөшкө катуу камданышууда. Бул жагын эске алганда, кээ бир министрлердин кызматтан кетиши, же болбосо өкмөттүн толук курамда алынышы мүмкүн болуп турат. Бийлик оппозициянын айрым лидерлерин кызматка тартуу жолу менен кырдаалды жөнгө салуу аракетин жасайт. Бирок, бул чара да коомдук абалдын бузулушунан сактай албай калды окшойт. Бирден-бир жолу – бийлик структураларына коомдун конструктивдүү бөлүгүнүн келиши. Жаңы, таза кадрлар келгенде гана азыркыдай айыгышкан күрөшүүлөр токтоп, туруктуу өнүгүү жолуна түшүүбүзгө өбөлгө түзүлүшү мүмкүн.
 
2. Өкмөттүн ишинде жаман, терс жаңылыктардын акыркы кезде жок болуп жаткандыгынын өзү жакшы көрүнүш болуп калды. А бирок, биз өлкөдө экономикалы кабал абдан начар экендигин мойнубузга чычалабай эле алып койгонубуз оң. Өкмөт өрт өчүргүчтөрдүн ролун аткарып калды. Бул азыркы өкмөттүн ишмердүулүгүнүн, жүргүзгөн экономикалык саясатынын натыйжасы. 2010-жылдан бери коомчулукта өтө көп маселелер чогулуп калды. Жаңычыл, чечкиндүү кадамдар керек болуп жатат. Буга арийне, коом да каршы. Анткени, бизде баары, өйдөдөн ылдый коррупцияга чулганып бүткөн.