Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 5679
А.Келдибеков: Бакиев кеткенден бери үч жыл өттү. Элдин турмушу начарлап баратат
 
- Ахматбек Келдибекович, мародер маселеси жабылдыбы?
 
- Жапканга аракет кылды, бирок, бул бүтпөй турган маселе. Көрдүңүздөр, бийлик мародерлукту жаап-жашырганга жандалбастады. Биз элге “окуя толук көрсөтүлсөн” деген токтом кабыл алдык эле, аны аткарган жок. КТРКдан эл жаткан маалда түндө көрсөткөнү аз келгенсип, кесип, кыркып таштаптыр. Мен сүйлөгөн жерлерди такыр көрсөтпөдү. Кээ бир депутаттардын дагы сөзүн кесиптир. Ал эми биринчи бөлүгүн берген жок. Калганын түнкү саат үчтө койду. Бул – бийликтин мародерлукту жаап-жашырганы. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегени. Анан комиссиянын иликтөөсүндө “видео тасма бар экен, аны көрөбүз” дегенде “атамекенчилер” тикесинен тик турду. Жалпы элге, депутаттарга көргөзбөдү. Эгер ак, таза болсо, эмне үчүн аны көргөндөн коркту? Ал эми жооп бергендерди көрдүңүздөр, жалгыз Рысалиевден башкасынын баары кылчактап, бийликтин айтканын аткарды. Албетте, ушундай жасалма жол менен мародерлук жабылып калбайт. Бул эртели-кеч карала турган, кайрадан көтөрүлө турган иш болуп калды. Кыскасын айтканда, парламенттеги шоуга айланган чечим  “мародерлук бүттү, иш жабылды” дегендикке жатпайт. Эртеби-кечпи ачыкка чыгат. Эң негизгиси, биз саясый чечим кабыл алдык, оппозиция жыйынга катышпады.
 
- “Атамекенчилердин” жүрөгүн оозуна кептеген видеодо эмне бар эле, көрдүңүзбү?
 
- Мен көргөнүм жок. Бирок, ал жерде Юсупов, аны менен бирге отурган балдар, депутаттар, иликтөөчүлөр ар бир обьект боюнча изилдөө жүргүзгөнү, ал жерлерде кандай буюмдар, мүлктөр болгону, аны кантип алып чыгып кеткени, ага кимдер келгени, кантип катышканы так тартылган экен. Аны депутаттар жана коомчулук көргөндө, мародерлордун бети ачылмак. Көрсөткөнгө тоскоолдук кылышты. Бирок, төрага тасманы депутаттарга “таркаттырып берем” деп сөз берди. Аны көргөндөн кийин пикирибизди билдиребиз.
 
- “Атамекенчилер” митинг өткөргөндө сиз корктуңузбу?
 
- Мен мародерлордон өмүрүмдө корккон эмесмин, коркпоймун дагы. Мен Кудайдан, анан эли-журтумдан гана корком. Ооба, кээ бирөөлөр “Келдибеков түшкө чейин келбеди, митингчилерден коркуп кеттиби?” деп жазды. Биринчиден, мен митинг болоорун билген эмесмин. Экинчиден, Ысык-Атада чоң жолугушуу өткөрдүм. Кеч келгендин эсебинен түштөн кийин ишке чыктым. А митингди кантип өткөзгөнү, ага кайсы компаниянын жумушчуларын алып келгени коомчулукка белгилүү болду. Транспорт министри өзүнүн компаниясында иштеген кызматкерлерди, студенттерди акчанын күчү менен чогултуптур. Булар ушундай жол менен гана элди жыйбаса, мародерлорду колдоо менен эл азыр чыкпайт. Митингди апрель окуясына жамынып өткөрүптүр, бул уят. Мародерлукту жабыш үчүн апрель революциясын калкан кылуу акылга сыя турган иш эмес. Ушундан улам парламентте айттым, “көп эле артисти көргөм, бирок Текебаевдей артисти көргөн эмесмин” деп.
 
- Ошол Текебаев митингде Бакиевдердин бөлтүрүктөрүн кайра эстеди го?
 
- Бул обонду үч жылдан бери созуп келе жатат, кайталай берип элди жадатты. Айланайын, Бакиев дей берген менен элдин жашоосу оңолуп, өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп кетпейт. Мындан ары Бакиев деп элди сооротуп, нааразычылыгын баса албайт. Анткени, Бакиев кеткенден бери үч жыл өттү. Элдин турмушу начарлап баратат. Иштей албаган, иштин көзүн билбеген адамдарга айтылган кеп бар. “Бир жерге жаңы жетекчи болуп барганда, кемчилигиңди бир жыл бою эски жетекчиге шылта, экинчи жылы “жасайм” деп убада бер, үчүнчү жылы арызыңды жаз же кач” деген. Бул азыркыларга дал келип жатат. Чындык үчүн айтайын, эгер азыркы бийлик экономиканы көтөрүп, жакшы иштесе, мен тикемен тик туруп колдомокмун. Иш жүрбөй, экономика өлүп баратканын жалпы эл көрүп, айтып жатат. Парламент болсо, “Акжолдон” дагы жаман кейипти кийди” деп жатат. Аны моюнга алыш керек. Парламент кол балага айланып калды. Муну баарыбыз көрүп жатабыз.
 
- Өкмөттү сындаганыңыз ММКлардан чыгып кетти, Жантөрө Сатыбалдиевди кулатасыздарбы?
 
- Акаев менен Бакиевге кошоматтын коюн союп, эки төңкөрүшкө салымын кошкон кошоматчы журналисттер азыр да бийликке кошомат артып, кырдаалды курчутканга чоң салымын кошуп жатат. Эки президентти талкалаган немелер бүгүн да эскиче кызматын өтөп баштады. Менин таң калганым, ушул журналисттерден жапа чеккен бийликтегилер кайра иш алып барып, жасагандарына сүйүнүп отурат. Дегеним, мен Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн дирекция жоюлганын айтып, эмне себептен бүтпөй калган объектилер кайра каржыланышы керектигин билдиргем. Себеби, дирекция куруп баштаган обьектилердин баары бүтүшүнө чейин акча бөлүнгөн. Азыр бүтпөгөн объектилерди өткөзүп бериптир. “Муну текшериш керек” десем, кошоматкөй журналисттер “Сатыбалдиевдикин текшерсин деди” деп, чагым маалыматтарды таратты. Мен өкмөт башчысы оор жагдайда иштеп жатканын көрүп, түшүнүп турам. Анан жалгыз аны күнөөлөгөн туура болбойт. Себеби, анын кол алдында мамлекеттүүлүктү түшүнбөгөн, министрлик кандай жумуш аткараарын билбеген министрлер отурат. Анан кантип жылыш болсун? “Түрктөрдөн келген кредитке эт, сүт комбинаты курулабы?” дегем, жок, жегенге кетти. Бүт баарын мектеп салганга буруп коюптур. Анын ордуна бир-эки завод куруп, ошолордон түшкөн салыктын эсебинен мектеп курсак болбойт беле? Бир партия бийликти менчиктеп, узурпациялап алгандыгынан ушундай болуп жатат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Эң өкүнүчтүүсү, оппозицияны куугунтуктап, “эптеп бир нерселерди токуп, коркутабыз” деген саясатты жүргүзүүнү күчөттү, бул көрпенделик, сокур саясат. Ушул эле адамдар бир кезде “эмне үчүн бийлик оппозиция менен отуруп сүйлөшпөйт, укпайт” деп какшачу. Азыр өздөрү укпай калды. Көрсө, көзүн май басканда ушундай болот турбайбы.
 
- Бийлик дүлөй болуп калгандыктан, көчөдөгү оппозиция революциянын ураанын чакырып жатпайбы?
 
- Ооба, катуу кетип жатат. Мен коомчулукка айтпасам да, 2005-жылы бийликтеги саясатчыларга элдин ой-пикири чатак болчу. 2010-жылы 7-кабаттагыларга “элдин ою чатак, укпаса жакшылык менен бүтпөйт” дегем. Азыр да айткым келет, элдин жашоо-турмушу, ою жакшы эмес, бийликке болгон ишеними үч жылдан бери талкаланды. Аны менен эсептешип, кантип чыгуу жолун талкуулабаса, көчө оппозициясынын айтканы ишке ашып кетет. Албетте, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө оппозиция күнөөлүү эмес, бийликтин шалаакылыгы ушуга алып келди. Эгер жакшы иштеп, калыстык кылса, эч ким нааразы болмок эмес!
 
- Эгер эл толкуп кетсе, сизди кайдан көрөбүз?
 
- Мен эл менен болуп келгем, элдин арасында болом. Бирок, ага жеткизбей кырдаалды жөнгө чалыш керек. Муну мен да, башкалар да айтып жатат. Албетте, аны бийлик угабы-укпайбы - ал суроо. Тезинен чара көрө турган маселелер бар. Мисалы, энергетиканы беш-алтыга бөлүп таштаган, “аны бириктирип, холдинг кылалы, коррупция жоголот” деп жатам. Укпайт. “ГЭСтерди Россия менен куралы, бирок мамлекеттин кызыкчылыгын эске алалы” дедим. Үнүбүз жетпейт. Азыр түзүлгөн келишим боюнча үч эле нерсесин айтайын. Биринчиси, эмне үчүн биз коммерциялык кредитти алып, салыктан бошотушубуз керек? Экинчиси, эмне себептен кредит алып, анан Кыргызстанга тийген акциянын 25 пайызын кошуп беришибиз керек? 2009-жылы дагы келишим ратификация болгон, анда Россия өзүнүн үлүшү үчүн 1,7 миллиард долларды кайтарымсыз бермей болгон. Биз сууну, үлүштү бергенибиз үчүн, алар акчасын бермей болгон эле. А бүгүн коммерциялык кредитти алып, салыктан бошотуп жатабыз. Үчүнчүсү чет өлкөгө сатса, бизге өзүбүздү тариф менен эсептеп берип, а өздөрү каалаган баада сатат экен. Андай болбойт да. Электр энергиясы бул Кыргызстандын келечеги, стратегиясы. Муну кармата берсек, бизде эмнебиз калат? Мына “Кумтөрдү” карайлык. Эл жапатырмак көтөрүлүп, “сактап калалы” деп жатат. Анткени, Нарында суу тоңбой калды. Мал ичпей калыптыр. Көзүбүз менен көрдүк, депутаттык комиссия менен мамлекеттик комиссиянын чечими бир чыкты. Кыргыз жерине, экологиясына чоң зыян келиптир. Айтып жатса укпагыдай, эмне, көр болуп калдыкпы? Ортодон акчага туйтунгандар “Кумтөр” кетип калса, баланча миллион бюджетке түшпөй калат” деп жанын жеп жатат. “Кетсе кетсин, же экологияны бузган чыгымды төлөсүн” деген талапты эмне үчүн койбойт? Кекиртегинен илинип алган! 
 
- Ушул маселенин чечилбей жаткан түйүнү Атамбаевге барып такалбайбы?
 
- Адамдын жеке сапатына эмес, кылган ишине карап баа беришибиз керек. Аны эл көрүп жатат, эл баасын берсин! Бир мисал, сот реформасын чуулдаттык, эмне болду? Азыр соттор чөнтөгүнө гана иштеп калганын кайда катабыз? Сотту ким койгонун, кимдердин тууганы кантип маселени чечип жатканын гезиттерге чейин жазып, баардыгын айтып жатат, эл көрүп, запкысын тартып жатат.
 
- Үч депутаттын камалышы саясатка барып такалабы?
 
- Саясый болбогондо эмне болуптур? Мен өмүрүмдө сотко катышкан эмес элем, азыр
коомдук жактоочу катары катышып, көзүм менен көрдүм, адвокаттар толук далилдер менен сүйлөп жатса да, назар салбай, соттор жогор жакты карап отурушат. Буга чейин депутаттарды үй камагына чыгарып койсо, элдин кыжыры кайнамак эмес да. Эл аларды “актап жибергиле” деп жаткан жок, болгону “үй камакка чыгаргыла” деди. Учурунда “Куловду, Бекназаровду, Исаковду үй камагына чыгаргыла” деп суранган. 7-апрелде оппозицияны камаганда, “чыгаргыла” деген. Укпагандар эмне болду? Саясый адамдарга жалган жалаа жаап, же болбогон шылтоо менен “кордук көрсөтөм” дегендер жакшылык тапкан эмес, мындан ары да таппайт!
 
- Мында кылмыштын учкуну жок дейсизби?
 
- Бул бейбаштык. Эгер Атамбаевдин жанында акылгөй киши болгондо, жакшы кеңешин бермек, же мен айткан сөздү жеткирмек. Дегеним, бул иш болгондо, президент Түркияда эле. Келгенден кийин текшерип, үч депутатты кабинетине чакырып, “мен силерди чоң саясатчы (!) деп жүрсөм, темирден секирген жаш бала турбайсыңарбы, деңгээлиңерди өстүргүлө” деп, чыгарып койгондо, аябай чоң аталык иш болмок. Тегерегиндегилер Атамбаевди талкалаш үчүн камады, туура эмес акылды айтты. Ажону тескери жолго салышты, чынбы? Мунун аягы жакшы нерсеге алып келген жок. Нааразычылыкты гана кайнатты.
 
Маектешкен
Зулпукаар Сапанов