Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 2917

К.Ташиев: Кыргызстан Бабановдун жеке фирмасы эмес


- Камчыбек мырза, "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча депутаттар арасында кол топтоо башталды. Муну сиз да колдоп атыпсыз. Апрелде эле өкмөттүн отчетун кабыл алдыңыздар эле. Бүгүн минтип "кетсин" деп жатканыңарды кандай түшүнөбүз? 


- Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Өкмөттүн начар иштеп атканын, келечеги болбостугун буга чейин бир нече ирет айткам. Анын баары туура чыгып атат. Мисалы, экономикалык өсүштө алдыга жылуу болгон жок, тескерисинче, 15 % артка кетти. Ошонун кесепетинен бюджеттин таңсыктыгы 20 млрд. сомдон ашты. Бюджеттин бекитип атканда, 18 млрд. сом болот дешкен. Демек, алдыга коюлган тапшырмаларды, милдеттерди аткара алышкан жок. Ишинин натыйжасы болбой, экономика артка кетип атса, туура эмес иштер кылынып атса, биз аны эмнеге кармап олтурушубуз керек? Жеке өзүнүн баюсу үчүн кармашыбыз керекпи? Кыргызстан жеке фирма же ишкана эмес да. Бабановго ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо туура, мыйзам чегинде болууда. Мында кандайдыр оюн, саясат жок. 


- Бабановго каршы депутаттардын колу пулданып атканын айрым депутаттар айтып жүрүшөт. Мунун чындыгы барбы? 
- Кол менен кармап албагандан кийин так айтыш кыйын. Бирок айрым кол койгон депутаттар өкмөттүн адамдары менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин койгон колдорун кайра артка алышууда. Анткени, кайсыл депутаттар кол койгону өкмөткө жетип, өкмөт алардын ар бири менен сүйлөшүп, айткандарын, өтүнүчтөрүн аткарып жатыптыр. Өкмөттүн мүчөлөрү ар бир депутатка кирип, ар нерселерди убада кылып, позицияларын өзгөртүү аракетин көрүшүүдө. Колун алгач коюп берип, кайра артка алган депутаттарды "арам тамактар" деп эле айтышыбыз керек. Аларды кол койбоого үндөгөн өкмөт мүчөлөрү да арам тамактар. Биз ошолордун ортосунда калып кетип атабыз. 


- Күтүүсүздөн фракция лидерлигин Садыр Жапаровго өткөрүп бердиңиз. Бул саясий кадамды жасоого эмне себеп болду? 


- Садыр Жапаровдун фракция лидерлиги болууга моралдык укугу бар. Ал менин соратнигим, досум. Ар кандай кыйынчылыкка кабылып, өйдө-төмөн учурлар болгондо, дайыма жанымда турду. Адамдын эмгегин баалай билишибиз зарыл. Экинчиден, мен эл, коомчулук, коомдук уюмдар менен жакындан тыгыз иштешип, "Ата Журт" партиясын бутуна тургузайын деген максатым бар. Биздин партиянын арты менен көптөр депутат болуп келип, жогорку кызматка көтөрүлүшкөн. Бирок, бирөөсү да партиядан кабар алып койгонго жараган жок. Көбү партияны бир ирет бийликке жетүүнүн куралы катары пайдаланышты. Ал эми партияга 100 миңдеген адамдар добуштарын беришкен. Мен алардын ишеничтерин жолго таштай албайм. Өзүм бийликсиз калсам да, эл ишеничинен чыккым келбейт. 


- Тар чөйрөдө "Камчыбек Ташиев мурдагыдай болбой, кыйла дымып, унчукпай калды. Анын себеби, жогорку бийлик анын бизнесине кысым көрсөтүп, Ташиев тынч эле жүрөйүн деп фракция лидерлигин да өткөрүп бериптир" деп айтышууда. Буга кандай жооп бересиз?


- Жок, эч бир чындыгы жок ушак кептердин бири. Мурдагыдай эле "ярыймын". Менде жең ичинен бийлик менен сүйлөшүп, макулдашып, соодалашууга барган адат жок. Андай болушу мүмкүн да эмес. Бул адамдык жеке принцибим. Мени эч ким сатып алып, байлык, бийлик берип, же коркутуп-үркүтүү жолу менин позициямды өзгөртө албайт. Оппозицияга тиешелүү милдетти аткарып келатам, мындан ары да аткара берем. Ага эч нерсе тоскоол боло албайт. 


- Бабановдун отставкасын талап кылып атканыңыздын себеби, сиз анын ордуна камданып атыпсыз. Ошол себептен фракция лидерлигин өткөрүп бергениңизди маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өкмөт башчы болоюн деген оюңуз барбы? 


- Мен эмне үчүн өкмөт башчы болбошум керек? Эгерде өкмөт башчылык кызматка келсем, билимим, тажрыйбам менен мамлекеттин экономикасын алдыга жылдырам. Артка кетүүгө жол бербейм. Колумдан келбей баратса, мен кызматка тырмышып, ордумду сактап калууга жандалбас кылбайм. Колунан иш келчүсүнө өткөрүп берем. Кандай кызмат экенине карабай, таштап чыгып кеткенге эрким жетет. Аны буга чейин бир нече жолу көрсөттүм. Өкмөт башчылыкка келишим менин каалоомо көз каранды эмес. Жараткандын буйругуна жараша болот. Бул кызмат мага буюрган болсо, мен элге чын дилден ак кызматымды кылууга даярмын.

 

"Де-факто"