С.Мусаев: "Алфавит түзүүнүн эрежеси боюнча, бир тыбышты бир белги менен эле белгилешибиз керек"
25-июндан бери коомчулукта жана соцтармакта кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери талкууланып жатат. Айрыкча алфавиттен "Э" тамгасын алып салып, ордуна "Ени" колдонуу талаш пикирге жем таштады. Каршы пикир айткандар арбын болууда.
Бул боюнча түшүндүрмө сурап, сунушталып жаткан долбоорду иштеп чыккан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын эксперттик тобунун төрагасы Сыртбай Мусаевге кайрылдык.
Мусаевдин айтымында, көпчүлүк маселенин өзөгүн түшүнбөй эле ызы-чуу түшүп жатат.
"Тамгадан мурда тыбыш пайда болот. Тамга — тыбышты көрсөткөн шарттуу гана белги. Мисалы, "А" тыбышы кирилл арибинде башка белги менен, араб арибинде узун бир таяк менен белгиленет. Жалгыз гана бизде бир тыбышты эки белги менен белгилеп алганбыз. "Элечек" деген сөздү алсак, башында келген "Э" тыбышын "Э" менен айтып калганын "Е" менен "ЭлЙЕчЙЕк" деп жаткан жокпуз да, туурабы? "Элечек" деп эле татынакай айтып жатпайбызбы. Биз болгону башты айлантпай тескери "Э" тамгасын эле алып салалы деп жатабыз. Аны түшүнбөй эле анан менин атым ЙЕлмира болуп калабы, ЙЕлмирбек болуп калабы деп ызылдап жатышпайбы. Мейли, ошентип көк буусун чыгарып алышсын. Алфавит түзүүнүн эрежеси боюнча, бир тыбышты бир белги менен эле белгилешибиз керек", — деди Мусаев.
Окумуштуунун айтымында, учурдагы сунушта негизги өзгөрүү эле ушул. Калганы — кошмок сөздөрдү бириктирип жазуу сыяктуу тактоону талап кылган маселелер.
Булак: Sputnik Кыргызстан