К.Мурзахалилов:  Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев биргеликте өлкө үчүн бараандуу иштерди жасашты. 

Тарых илимдеринин кандидаты, “Гуров жана Партнерлор – Борбордук Азия” байланыш тобунун башкаруучу өнөктөшү Канат Мурзахалилов Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсү бүгүнкү күндөгү эки чоң саясий фигуранын компромисске канчалык келе алышына байланыштуу болот деп эсептейт. 

Айтымында, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев биргеликте өлкө үчүн бараандуу иштерди жасашты. 

"2020-жылдан бери мамлекетибиз өнүгүү жолуна түштү. Анын ичинде коррупция, уюшкан кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш, эгемендүүлүк жылдардан бери мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдүн мамлекетке кайтарылышы, түрдүү мегадолбоорлор ишке ашырылды. Бул ийгиликтер чындыгында президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясый эркинин негизинде ишке ашты. Мындан тышкары бир катар эл аралык институттар дагы Кыргызстандын ИДПсын, анын өнүгүү жолуна түшкөнүн өздөрүнүн отчётторунда белгилеп жатышат", - деди ал.

Эксперт белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетүүсү ар түрдүү ракурста талкууланып, түрдүү жоромолдорго жем таштоодо.  

"Президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттин кызыкчылыгы биздин достугубуздан дагы жогору турат” деген билдирүүсү мамлекеттик система эки адамга гана байланыштуу эмес, бул система президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев бийликтен кеткенден кийин да башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу иштеп кетет деген билдирүүгө негиз болду.

Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу, саясый турмушундагы өтө чоң кыйын күндөрдү бирге басып өтүүсү мамлекетүүлүк, алардын мекенчилдигинин негизги касиети болот деп ойлоймун. Мындан ары да мамлекетибиздин өнүгүп, өсүшүнө эки чоң саясый фигуранын компромиске келүүсү, алардын орток бир табуусу учурдун талабы. Алар бул жагдайды оң жагына чечип, эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коёт деп ишенем", - деди Мурзахалилов.