Бишкек, "Саясат.kg". Дүйнө жүзү эң биринчи Чолпон-Атадагы ошол саммитти жана 3 президент кол койгон келишимди эстей турган болушту.
Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ич ара биримдиги күчөп, ар кайсы тармактагы кызматташуусу жаңы деңгээлге чыгууда. Мамлекеттик жана саясий ишмер Токон Мамытов БА өлкөлөрүнүн мамилесинин бекемделишин Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгүнө байланыштырды.
- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышка, карым-катышка баа берүүдө мурда бир нече факторлорду белгилей кетүү керек. Союз тарагандан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтту. Борбор Азия республикаларынын байланышы 2018-жылга чейин солгун болду. 2018-жылдан 2022-жылга чейин мамилеси, өсүп-өнүгүүсү, алдыга жылуусу интеграция түрүндө болбой, алыстабай дагы, өтө жакындабай дагы параллелдүү багытта кетип жатты. Мен окумуштуулардын, саясатчылардын, эксперттердин эмес, жөнөкөй элдин пикирин айтып жатам, 5 республиканын карапайым эли дагы эмнеге биз тарыхыбыз бир, динибиз, дилибиз бир, базарыбыз, мазарыбыз бир эл болуп туруп, бир арыктан суу ичип жатып чырмалышып, байланышпай, ар бирибиз беш жол менен өз алдынча, бирок ошол эле учурда бир багытта баратабыз деп ойлонушкан.
Жогоруда 2022-жылга чейин дедим, эмнеге дегенде, 2022-жылдын 21-22-июлунда Чолпон-Ата шаарында БА республикаларынын президенттеринин кезектеги саммити болду. 2018-жылдан бери ушундай иш башталып, Астана, Ташкент жана Ашхабадда да саммиттер болгон, бирок үчөө тең формалуу өтүп, чечим, жыйынтык болгон эмес. Бул саммиттерди байкап тургандар чийки май жегендей болуп, мындай абал канчага чейин созулат деп калышкан.
2022-жылы биздин президент Садыр Жапаров ойлонду окшойт, кой андай болбойт, дежур саммиттерди өткөрбөй, кандайдыр бир жыйынтыкка жетүүбүз керек дедиби, өзү демилгелеп, БА өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык боюнча документти алып чыгып, келишимге кол койдурду. Тилекке каршы, 5 республика катышканы менен анын экөө баш тартты: Түркмөнстан менен Тажикстан. Түркмөнстандыкы белгилүү, нейтралдуу статус деп дүйнө жүзүнө жарыялап коюшкан, бир дагы уюмга, аскердик дагы, башка дагы блокко кирбейбиз деп. Ошондон улам “мыйзамды буза албайбыз, ич ара ыкмасын издеп көрөлү, анан кошуларбыз, бирок биз силер менен” деген жүйөгө таянып баш тартышты. Тажикстан дагы “ички процедураларды жүргүзүп туруп кол коебуз” дегенчелик кылды. Калган үч өлкө кол коюшту. Дүйнө жүзү Кыргызстанга баа берип, таң берип, канча жылдан берки экономикалык, саясий, эл аралык мамиле, эл аралык укук жана гуманитардык багыттагы чоң кадам болгонун айтышты. Ошондуктан, БА мамлекеттер ортосундагы мамиле деп айтканда, дүйнө жүзү эң биринчи Чолпон-Атадагы ошол саммитти жана 3 президент кол койгон келишимди эстей турган болушту.