Т.Абдыров: Биз көрүп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдүн сыры мына ушунда.
Борбор Азиядагы аналитиктердин сентябрь айында жүргүзгөн керектөөчүлөрдүн ишеними боюнча сурамжылоосунда кыргызстандыктардын 72 пайызы өлкө экономикасы жакшырганын баамдаганын белгилешкен. Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров экономикадагы секирик боюнча буларды айтып берди:
- Экономиканы өнүктүрүүдөгү ийгилик башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугу менен аныкталат. Биз көрүп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдүн сыры мына ушунда.
Жетекчиликтин чебер иш-аракеттеринин аркасында Кыргызстандын экономикалык абалы жакшырып, азыр бардык негизги көрсөткүчтөр жогорулоодо. Туура тандалган стратегиянын жана колдонулган куралдардын аркасында оң натыйжага жетишилди. Бул өзгөрүүлөрдүн баары 2020-жылы башталганы эч кимге жашыруун эмес.
Көмүскө акча жүгүртүү азайып, коррупцияга каршы күрөш өз натыйжасын берип, мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Эң негизгиси бул ресурстар туура пайдаланылып, керектүү тармакка багытталды. Өзгөрүүлөр мамлекеттин ичинде гана болгон жок, Кыргызстан сыртта дагы абройу өсүп, ишенимдүү өнөктөш экенин далилдеди. Ошондуктан өлкөгө олуттуу инвестициялар келди жана келүүдө.
Буга кошумчалай турган нерсе, экономикалык чөйрөдөгү жылыштарды Кыргызстандын жашоочуларынын 72% пайызы белгилешет. Бул биздин өлкөдө чет элдик коомдук пикир институту жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасында алынган ишеним индексинин көрсөткүчү. Башкача айтканда, калктын басымдуу бөлүгүндө келечекке ишеним бар десек болот. Башкача айтканда, жарандар бүгүнкү өкмөттүн сергек оптимизмин колдошот деген ишеним бар.