Бишкек, "Саясат.kg". Биз азыр бир нукка түшүп баштадык, тартипке көнүп калдык.

Жакында Улуттук форумда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын аягына чейин калктын жан башына ИДП болжол менен 2500 долларды түзөөрүн билдирген.

Ал учурдагы экономикалык саясат өлкөнүн позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Айтымында, өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомго жетиши күтүлүүдө.

Саясий илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов ИДПнын өсүшүн шарттаган жагдайлар катары төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Менин оюмча, ИДПнын бүгүнкү көрсөткүчү мамлекетте жалпы экономикалык – салыктык реформанын ийгиликтүү жүрүп жатканын кабары. Мамлекеттин бюджети толуп жатабы, демек, салык системасы жакшыртылып, бутуна туруп, жакшы жетишкендиктерге жетише баштады. Бул жерде бир нерсени баса белгилеп айтуу керек, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентибиздин саясатын колдоп, андан ары улантып кете алды. Бүгүнкү көрсөткүчтөрдө Акылбек Жапаровдун салымы чоң. Ал депутат, министр, вице-премьер-министр кызматтарын басып өттү, профессионалдык жактан такшалды, тажрыйбалуу болду. Эми минтип ошол тажрыйбасын, билимин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө колдонуп жатат.

Биз эгемен өлкөнүн салык системасы акыркы үч жылда кайрадан курулду десек жаңылышпайбыз. Реформалар жасалды, баары ийгиликтүү ишке ашып, учурда жашообуздан орун-очок алды. Мисалы, мурда салык төгүү дегенди көп адамдар билчү эмес, билсе да кайдыгер мамиле жасашчу, салык төлөөнүн маңызын түшүнбөй, андан качып же төлөгөнүн милдет кылгандар болгон. Азыр баарыбыз билип калдык, андан качууну токтото баштадык, биз төлөгөн салык кайра эле өзүбүздүн ыңгайыбызга, шартыбызды жакшыртууга жумшалаарына көзүбүз жетти. Салык төлөөнү баштагыдай трагедияга айлантууну азайтып калдык. Ар бир ишкер кирешесине, ар бир жаран мүлкүнө жараша салык төлөп баштады. Ушунун өзү өнүккөн мамлекеттин белгиси.

Мен көп мамлекеттерде иштеп келдим, бардык жерде: Европа өлкөлөрүндө болобу, Россияда, Грецияда, Арменияда болобу экономикалык реформаны жасаарда эң биринчи салык системасын бекемдейт. Анткени салык системасы – бул ар бир өлкөдө бюджеттин негизги түркүгү катары кызмат өтөгөн тармак. Биз дагы туура жолго түштү, анын акыбетинен минтип, салык системасы тартипке келип, жакшыртылып, бекемделип, жыйынтыгында чоң ийгиликтерди өлкөбүзгө, элибизге тартуулады. Салык саясатынын жакшыртылышы салык төлөмдөрүн көбөйттү, салык төлөмүнүн көбөйүшү бюджетте толтурду, толгон бюджет жолдорду, мектеп, ооруканаларды куруп жатат, пенсия, айлык акы көбөйтүлүүдө. Эл төлөгөн салык кайра эле элге жакшылыктары менен кайтууда. Дүйнө жүзүндө салык системасы ошондой түзүлгөн.

Биз азыр бир нукка түшүп баштадык, тартипке көнүп калдык. Бул жакшы жышаан. Өкмөттүн келечекке, өнүгүүгө чоң таасир эте турган, стабилдүүлүктү орното турган кадамдарын колдоого алышыбыз керек. Экономикалык стабилдүүлүк саясий стабилдүүлүккө алып келет.