Бишкек, "Саясат.kg". Качанкыга чейин бул Атамбаевдики, тиги Тешебаевдики деп жүрөбүз.

Мыйзам алдында бардык жаран бирдей. Мындай пикирин саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков билдирди. 

- Мыйзамды бузса, СДПК партиясынынбы же башка партиянынбы өкүлдөрү кармалышы керек. Качанкыга чейин бул Атамбаевдики, тиги Тешебаевдики деп жүрөбүз. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Мыйзамды ким бузбасын, кандай бузбасын Ташиев айткандай, жоопкерчилик тартууга тийиш. Эми азыр айрымлар "СДПКны кармады" деп чуу чыгарып жатат. Добуш сатып алууга болгон фактылардын баары далилденгенден кийин, аталган партияны шайлоодон четтетүү кадамы туура болду деп ойлойм. Мындай көрүнүштөр бизге: шайлоочуларга, коомчулукка ишеним берет. Адилеттүүлүк бар турбайбы деген ишеним. Ошондуктан кимдин партиясы, кайсы партия же кандай авторитет болбосун, мыйзамсыз иштери үчүн мыйзам алдында жооп берсин.