Бишкек, "Саясат.kg". Албетте, партия үчүн бул фиаско. 

Партиянын программасы, уставы, максаты менен тааныш болбогон үгүтчүлөргө шайлоочуга ал тууралуу жеткирүүгө караганда добушту акчага сатып алуу оңой. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. 

- Менин баамымда шайлоодо шайлоочулардын добушун сатып алуу - саясий шумпайчылык. Туруктуу партиялардын тажрыйбалуу үгүтчүлөрү болушу керек. Мына, биз 30 жылдан бери көптөгөн партиялык курулушка күбө болуудабыз. Бирок ушул күнгө чейин кээ бир партиялар шайлоонун алдында эле үгүтчүлөрдү жалдап жатат. Бирок ал үгүтчүлөрдү окуткан, партиянын программасын, уставын, максаттарын тааныштырган, үйрөткөн эч ким жок. Ошондуктан кээ бир үгүтчүлөр накталай акча менен эле добуштарды чогултууга умтулат. Албетте, партия үчүн бул фиаско. 

Президент дайыма айтып жатат, мыйзам чегинде иштегиле деп. Камчыбек Кыдыршаевичтин да айтканы ушул: баары мыйзам чегинде болсун, үгүт иштерин мыйзамга таянып жасагыла. Аны карманбаган үгүтчүлөр ошол партияга чоң залакасын тийгизүүдө. Алардын айынан партия шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.