Бишкек, "Саясат.kg". Добуш сатып алуу абдан терс көрүнүш.
Дүйнөлүк тажрыйбада добуш сатып алуу терс көрүнүш. Мындай пикирин Журналисттер ассоциациясынын вице-президенти, саясат талдоочу Кубан Абдымен билдирди.
- Добуш сатып алуу абдан терс көрүнүш. Добуш сатып алууга аракеттенүү - мамлекеттин, коомчулуктун кызыкчылыгын экинчи орунга коюп, өз кызыкчылыкты биринчи орунга чыгаруу. Ар бир шайлоо таза өтүшүнө өбөлгө болсок, кээ бирөөлөрдүн кызыкчылыгына иштеп, добушубузду сатпай, туура тандай билсек - анда өнүгүүгө жол алабыз. Кыргыз бийлигинин шайлоону таза өткөрүүгө далалаттанып жатканы бул жакшы жышаан. Бирок ошондо дагы өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп жаткандардын саны аз эмес экен. Мен баарыңарды келечекти ойлоп, добуш сатпай, дилибизден чыккан максат менен добуш берип, туура тандоо жасоого чакырам. Андай кылуу менен биз мамлекетке өнүгүүгө мүмкүнчүлүк беребиз.