Бишкек, "Саясат.kg". 1941- жылга чейин Кыргызстанда латын тамгасы болгон.
6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити болуп өттү. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган уюмга мүчө мамлекеттерге латын алфавитине өтүүнү сунуштады.
Коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахманов бул боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына калтырды:
- Алфавит деген бул жөн эле колдонулган тамга эмес. Алфавит аркылуу маданият, маалымат, илим-билим жана технология келет. Дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү латын тамгасы менен англис тилин пайдаланышат.
Орустардан келип бүттү. Алар азыр СССРди кайра түзөм деп кошуналарына согуш ачкан мамлекет. Орусиялыктардын 80 пайыз согушту жана СССРди кайра түзүүнү колдоп жатышат. Анын үстүнө орустардан келе турган маданият да, илим-билим, технология да жок. Биз жалпы түрк элдери бир алфавитке, коомдук биригүүгө келсек, азыркы дүйнөдө болуп жаткан титирөөлөрдө түрк тилдүү элдер бирге болсок жакшы болот. Бирок бул деген Орусия менен соода-катнашты азайтуу дегенге жатпайт. Алфавитти өзгөрткөнгө акча оңой эле табылат.
Айта кетчү нерсе, 1941- жылга чейин Кыргызстанда латын тамгасы болгон. Ошол кезде чыккан китептер архивде турат… Келечекти ойлош керек.