К.Ормушев: "Аскар Акаев кыргыз тарыхындагы өзгөчө көрүнүш"

- Маселе түпкүрүндө Акаевдин өзүндө эмес, а анын инсандык өзгөчөлүгүндө. Бул маселе биринчи кезекте мамлекеттик мааниге ээ.

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгы белгиленди, эгемендүү Кыргызстан 33 жашка толду. Ошого карабастан, мамлекетибиз толук кандуу бутка турду дей албайбыз. Бүтө элек иштер көп.

Кандай иш болбосун, анын жакшы жактарын эске алуу керек. Мындай тажрыйба издеп, алыска баруунун кажети жок. Бизге чектеш тарыхы 50 кылымды камтыган өлкө турат. Кытай Дэн Сяопиндин акыл көрөгөчтүгү менен Кытай эл республикасынын түзүүчүсү, маданий революциянын автору Мао Цзэдундун ишин кантип баалады? Анын тушунда кандай кыйынчылыкка дуушар болушкан. Ошого карабастан, Дэн Сяопин Маону 30 пайыз адашса, 70 пайызы туура иш кылганын айткан. Кытай эли Маону лидер катары мавзолейде, юандын бетинде жана тарых барактарында сактап калды.

Биз Аскар Акаев бийликке кандайдыр бир интрига, төңкөрүш жолу менен эмес, көбүнесе өз каалоосу болбосо да келип калганын эске алалы. Аны "легендарлуу парламенттин" депутаттары каалоосу, эркине карабастан алып келип, отургузуп коюшкан.

Менин оюмча, плюс-минустарын, ак же карасын салыштырып караганда, Акаевдин жетишкендиктери Маодон түзүгүрөөк болсо керек. Анын тарыхта калтырган изин эч кандай балта менен чаап таштай албайсың. Акаев өлкөнү 15 жыл башкарды. Аны экс-президент макамынан ажыратуу, мына ошол доорду тарыхтан чийип салганга барабар нерсе.

Ооба, коррупциянын үрөөндөрү Аскар Акаевдин тушунда себилип калды (мүмкүн, ага чейин). Бирок, ал башка саясатчылардын жана лидерлердин тушунда болуп көрбөгөндөй тамыр жайды. Ошондуктан, мен кытайлардын акыл көрөгөчтүгүн жакын көрөм.

Биз ар бир тарыхый окуядан, инсандар жакшы нерсени көргөндү үйрөнүп алсак дейм. Биз ашкере максималист, радикал болуп кетебиз кээде. Мисалы, азыр Чайковский арабызда болсо, биз анын музыкасын эмес, сексуалдык иштерин талкуулап отуруп алмакпыз. Аскар Акаев кыргыз тарыхындагы өзгөчө көрүнүш. Коомдук ишмер, саясатчы катары ошондуктан, мен Аскар Акаевичтин экс-президент катары макамынын калыбына келтирилишин колдойм.

Феликс Кулов Акаевдин тушунда өтө көп оордук көргөн адам. Эч ким анчалык кордук көргөн эмес. Ошого карабастан, түрмөдөн чыгаары менен Акаевди кечирди, кийин да анын короосуна бир да таш ыргытпады. Кулов өзүн мамлекетчил, айкөл адам катары көрсөтө алды. Менин оюмча, биз Феликс Куловдон үлгү алсак болот.

Депутаттар дагы бул маселе боюнча оң чечим кабыл алаарына ишеним чоң. Аскар Акаев - окумуштуу, так илимдердин профессору, тажрыйбалуу саясатчы. Президент болуп бекитилгенге чейин бүткүл Советтер Союзунун Жогорку Советинин депутаты болчу. Экс-президент макамын калыбына келтирүү арызын жазаарда өзү да оң жана терс жактарын анализдесе керек.

 Аскар Акаев эмне үчүн азыр кайрылып жатат? Жакында анын мааракеси. 85 жаш өтө олуттуу курак, мындайда баскан жолуңду саресеп салып, артты карайсың. Ошондуктан, өмүр жолундагы ушул кара такты өчүрүп салууну максат кылса керек. Муну туура түшүнүү менен кабыл алышыбыз зарыл. Эгерде туура чечим чыкса, жакшы тарыхый окуя болуп калат.