Ф.Кулов: "Жеке мен Акаевди түрмөдөн чыккан күнү эле кечиргем"

 - "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери" жөнүндө мыйзамда экс-президенттерге арналган өзүнчө бөлүм бар. 2003-жылы, бул мыйзам кабыл алынганда Аскар Акаев өзүнө биринчи президент катары өтө көп укуктарды жазып алган. Үй-бүлөсү толук мамлекеттин эсебинен каржыланып, өзү кол тийбестик укугуна ээ экендиги камтылган. Ал кызматтан кеткенден кийин Акаевден бул артыкчылыктарды алып салышкан, бирок экс-президент статусу калган. 

Андан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт Акаевди Аксы окуясында каза тапкан адамдардын өлүмүнө, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кетишине, ар кандай референдум жана шайлоолор аркылуу бийликти узурпациялап алгандыгы үчүн айыптап, декрет аркылуу экс-президент макамынан ажыраткан.

Байсалов Убактылуу өкмөттүн декреттерин мыйзамсыз, юридикалык күчү жок деп айтты. Анда биз Убактылуу өкмөттүн бардык декреттерин жокко чыгарышыбыз керек болуп калат. Чыныгы анархия ошондо башталат!

Эми бул маселени кандай чечсе болот? Башкы прокуратура Акаевди "Кумтөр" боюнча айыптуу деп тапкан. Кийин ал өзү келип, тергөө менен кызматташып, ошонун негизинде кылмыш иши токтотулган. Кылмыш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу. Жөнөкөй тил менен айтканда, прокуратура: "сенин күнөөлүү экендигинди билебиз, бирок камакка алып, соттоп жибере албайбыз, анткени кылмыш эскирип, мөөнөтү өтүп кетти"- деп эле койду. А бул акталды дегенди түшүндүрбөйт. Эгерде көзөмөл органы анын аракетинде "кылмыштын курамы жок' же "кылмыштын өзү жок" деп тапса, актоо тууралуу сөз кылса болот.

Акаев жөнүндө ошон үчүн суроо жаралат. Жеке мен Акаевди түрмөдөн чыккан күнү эле кечиргем. Себеби, саясатта өч алуу болбош керек. Эгерде биз бири бирибизден өч ала берсек, мамлекетти тез эле талкалап алабыз. Айтайын дегеним, Акаевди жөн эле сөз менен актап коюуга болбойт. Ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган, бирок анын коррупцияга катыштыгы бар экендиги далилденип, күнөөлүү деп табылган. Бул жерде бир гана Башкы прокуратура ишти кайрадан карап чыга алат. Ишинде кылмыштын курамы барбы, жокпу, актаса болобу, чечим чыгарса, ошого жараша аракет болот.

Бирок, моралдык жактан кандай болот. Мисалы, мени Жогорку сот толугу менен актаган. БУУнун адам укуктары боюнча комитети дагы актаган. Мен өзүмдү толук акталган адам катары эсептейм. Коомчулук дагы бул чечимдерди колдогон. Демек, моралдык жактан дагы өзүмдү толук акталдым деп айта алам.

 "Аялы башкарды", "балдары бийликти басып алды" ж.б. сөздөр бар, аны бүт баары билет. Бул моралдык маселе, кылмыш эмес. Юридикалык жактарын кайра карап көрүш керек. "Аа, бул жакшы адам да"- деп маселени чече берген болбойт. Биз мыйзамдын негизинде иш кылганды үйрөнөлү. Мен Акаевдин аталышына макул дагы, каршы дагы эмесмин. Бирок, оболу юридикалык жактарын мыйзамга шайкештирип алышыбыз зарыл.