Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 2134

Бишкек, "Саясат.kg". Коррупция менен күрөшүүдө айрым мурдагы бийлик өкүлдөрү кландык деңгээлге өткөнүнө күбө болдук.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттин эсебине 100 миллиард сом түшкөнүн маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди. 

Саясат талдоочу Игорь Шестаков азыркыдай чечкиндүү күрөш менен 100 миллиард сом чек эмес деп эсептейт. 

- Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Кыргызстан декларативдик коррупция менен күрөшүүдөн реалдуу көрсөткүчтөргө өттү деп айтууга болот. 100 миллиард сом - бул өтө көп каражат жана бул дагы чек эмес деп ойлойм. Коррупция менен күрөшүүдө айрым мурдагы бийлик өкүлдөрү кландык деңгээлге өткөнүнө күбө болдук. Мен Матраимовдун кланы тууралуу айтып жатам. 

Азыр биздин өлкө үчүн маанилүү учур болуп турат. Жемкорлук, паракорлук менен күрөшүү системалуу мүнөзгө ээ болууда. Атайын кызматтар тарабынан жемкорлор кармалып, сот инстанциялары мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга ылайык келген тиешелүү чечимдерди чыгарып жатышат.