Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 1036

Бишкек, "Саясат.kg". Экинчи этапка - системалуу күрөшкө өтүп, мыйзамдарды бекемдеп, катаалдантуу зарыл.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн 100 миллиард сом өлкө казынасына кайтарылганын маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди. 

Саясат талдоочу Табылды Акеров бул каражат Кыргызстан 30 жылда коррупцияга белчесинен батканын билдирип жатат деп эсептейт. 

- Аябай көп коррупциялык схемалар ачыкталып, алардан өндүрүлгөн акчалардын бюджетке түшүп жатканы 30 жылда коррупцияга белчебизден батканыбызды көрсөтүп турат. Коррупцияга каршы күрөштүн биринчи этабы катары жемкорлорду кармап, мүлкүнөн ажыратып, коркуу сезимин пайда кылуу деп эсептесек, экинчи этабы мыйзамдын катаалданышы менен коштолушу керек деп эсептейм. Экинчи этапка - системалуу күрөшкө өтүп, мыйзамдарды бекемдеп, катаалдантуу зарыл. Корруцпионерлер мыйзамды көрүп эле коркуп, мыйзамсыз иштерге барбай кала тургандай абалга алып келүү керек.