Бишкек, "Саясат.kg". Бул өлкө бюджетине олуттуу сумма...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 100 миллиард сом кайтарылганын билдирди.
Саясат талдоочу Денис Бердаков миллиарддаган каражаттын кайтарылышы өлкө бюджети үчүн олуттуу жардам деп эсептейт.
- Коррупцияга каршы күрөштүн көрсөткүчү жемкорлордон алынган каражаттын көлөмү менен эсептелет. Биз мурда өндүрүлгөн 100 миллион сомго жетпеген акчаны көп деп көнүп калганбыз. Мына, эми миллиарддаган каражаттар мамлекеттин эсебине кайтарылганына күбө болуп жатабыз. Бул өлкө бюджетине олуттуу сумма, ал акчага канча деген бала бакча, мектеп, социалдык объектилерди курса болот.