Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 624

Бишкек, "Саясат.kg". Бул проблема (криминал, жемкорлук) өнүгүп отуруп бийлик түзүмдөрү менен чырмалышып, тең ата болуп калган.

- Күч түзүмдөрүнүн кураторунун коррупцияга, криминалга каршы күрөшүнүн масштабы тарыхий деп тартынбай атоого татыктуу деңгээлге чыкты. Коррупцияга, криминалга каршы лозунгдар, жалындуу сөздөр баардык эле бийликтердин тушунда айтылчу. Бул көйгөйлөрдү чечүүнү партиялар программа кылып алышчу.

Бирок Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында алардын бири да Камчыбек Кыдыршаевичтей башын сайып чечкиндүүлүк кылган эмес. Чындап келсе кеп бюджетке канча каражат түшкөнүндө да эмес. Себеби, криминал менен коррупция улуттук коопсуздука чооң коркунуч туудурган, керек болсо мамлекеттүүлүктүн келечегине күмөн жараткан көрүнүш болчу. Бул проблема (криминал, жемкорлук) өнүгүп отуруп бийлик түзүмдөрү менен чырмалышып, тең ата болуп калган.

Күч түзүмдөрүнүн куратору азыркы темптен жазбаса, анын колу тээ 90-2000-жылдарга чейин жетсе дейт элем. Дал ошол учурдарда өлкөнү талап-тоноо, криминалдашуунун масштабынын уюгу жатат. Завод фабрикалар, мамлекеттк ишканалар, колхоз, совхоздор айоосуздук менен таланып-тонолгон.

Акаев бир кезде: "Коррупция Ак-Үйдун жетинчи кабатына жетти, силерди Манастын арбагы урат" дегени эсимде. Аларды арбак деле урган жок. Эртеби-кечпи ошонун баары такталып, өз жазасын алыш керек. Анткени, алар мамлекетти тоношкон, накта "госизменанын" элементтери ошол жактан чыгат.

Азыр коомчулук Камчыбек Кыдыршаевич коррупцияга баштаган иштин аягына чыкса деп тилеп отурат. Ошондо ал жегичтердин "жегенин желим, ичкенин ириң" кылган генерал катары тарыхта калат. Буга чейинки "темир", "болот",

"жыгач" генералдардын бири да мындай көрсөткүч бере алышкан эмес. Бул тарыхий чындык болуп калды...