Бишкек, "Саясат.kg". Коррупцияны түп-тамырынан жоготуу кыйын, бирок бүгүнкү күндө чырмалышып кеткен эң негизги тамыры кыркылууда. 

- Аликбек Жекшенкулович, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция менен болгон күрөштөн өлкө казынасына 100 миллиард сом кайтарылганын билдирди. Сизге ушул көрсөткүчтүн жаралышында Ташиевдин орду канчалык деген суроо менен кайрылгым келип жатат?..

- 100 миллиард сом деген биздин өлкө, жарандарыбыз жана бюджетибиз үчүн абдан маанилүү сумма. Албетте, мында Камчыбек Ташиев өзүнүн эрки, туруктуулук принциптери менен эң негизги ролду ойноду. Чындыкты караганда,  "Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө эл үчүн башын сайып, коррупция менен катуу күрөшүп жатат" деген сөз эл ичинде бар. Менин оюмча, коррупция менен күрөшүү маселесине келгенде жалпы коомго абдан маанилүү жана таасирдүү окуялар болуп жатат. Албетте, кемчиликтер болот, бирок биз сынга албай, тескерисинче коррупцияга каршы күрөштү колдоп, кубаттап турушубуз керек. Жалпы элибиз колдоого алышы керек. Жакында таксиге отуруп калдым, таксисттер билесиңер да, абдан маалыматтуу адамдар болушат, анткени күн сайын ондогон адамдар менен пикир алышат. Таксист Ташиев тууралуу айтып жатып, "Кандай ыкма менен болбосун, өлкөгө, демек элге ушунча каражатты кайтарып берүүдө чоң жүрөк, чоң мекенчилдик сезим болушу керек", - деп калды. Мен ал сөзгө толугу менен кошулам. Коррупцияны түп-тамырынан жоготуу кыйын, бирок бүгүнкү күндө чырмалышып кеткен эң негизги тамыры кыркылууда. 

- Буга чейин деле Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жарыяланып келген эмеспи, бирок анда эмнеге азыркыдай жыйынтыкка жетише албаганбыз? 

- Эгемендүүлүгүбүздү алган 32 жылдан бери мен дагы саясатка активдүү катышып, бийликте да болдум, оппозицияда да болдум, эл менен да аралашып жүрдүм. Мен бул суроого жооп берүү үчүн бир гана нерсени белгилеп айта алам - саясий эрк болгон эмес. Экинчиден, коррупция менен күрөшкөн адам өзү бардык жагынан таза болушу керек. Ошондо коркпостон күрөшөт. Кээде мен тойлорго барганда таң калчумун, карап көрсөң, бири биринен өткөн коррупционерлер чогулуп, шайыр-шатман жүрүшкөн болот. Анан кыргыз коому, кыргыз элитасы кайда баратат деп ичимден ойлоп калчумун. Акыры, күч да, эрк да, жүрөк дагы табылды, коррупциянын тамырын кескенге чечкиндүү киришишти. Муну коомчулук колдошу керек, анткени эл-жерди көп кыдырдым, чет өлкөлүк инвестор же туристтер келгенде "Кыргыз жери ушундай бай жер, бирок эмнеге мамлекетиңер кедей?" - деп суроо салышчу. Анын себеби - коррупция да. Болбосо элибиз эмгектенгенди, ар кандай жаңычылдыктарды бат өздөштүргөндү, окуяларды талдаганды, баа бергенди билген сабаттуу эл. Мен бүгүнкү болуп жаткан окуяларды, процесстерди илимпоздор кийин изилдейт болушу керек деп ойлойм. Бүгүнкү учур чоң жакшылыктардын башаты болуп берди. Убагы келгенде бийлик алмашат, кийинки келген бийлик да азыркы бийликтин чыйырына түшүп, тажрыйбасын колдонуп, жасаганын улантып кетишет. Эл азыр "атына, байлыгына карабай коррупция менен күрөшсө болот турбайбы" деп ойгонуп калды. Мурдагы менен учурду салыштырышып, ким кандай иш кылды эле дегендин тегерегинде талдап жатышат. Коомчулук ким канча уурдаганын, ким кандай коррупцияга батканын, кандай схемалар иштегенин, кайсынысы азыр жоголуп, кайсынысы иштөөсүн улантып жатканын абдан жакшы билет. Ошондуктан, бир гана элдин талабына, каалоосуна жараша аракет кыла берүү керек. 

- Кармалган коррупционерлердин үй-мүлкү конфискацияланса, мында да кайчы пикирлер жаралган жагдайлар орун алууда. Мисалы, конфискацияланган мүлктү "тартып алышты, басып алышты" деп баа берүүгө аракеттенгендер жок эмес. Негизи мүлктү конфискациялоо канчалык деңгээлде туура? 

- Коррупцияга аралашып, байыгандардын мүлкүн мамлекетке өткөрүү мыйзамга ылайык, ошол эле учурда моралдык жактан да туура. Анткени, юридикалык жактан караганда дагы дүйнө жүзүндө коррупцияга баткан чиновниктердин мүлкү мамлекетке өткөрүлөт. Эгерде өзү кармалып, бирок мүлкү ошол бойдон калса, мында да нааразычылык жаралат, "камаарын камашты, а бирок уурдаган мүлкү өзүндө калбадыбы" деген. Кармалаарына да кайыл болуп ансайын коррупцияга баргандар көбөйөөрү да бышык.  Азыр карапайым адамдар баарын билишет, өлкөнүн кайсы аймагына барба, ким канча уурдаганын, кимде канча байлык бар экенин саймедиреп айтып беришет. Мамлекеттен уурдап жаткан адам бул оокаты кайра эле мамлекетке кетээрин, эл алдында уят болоорун билиши керек. Кыргызда "Тез табылган оокат жукпайт" деген сөз бар, "убара" болуп уурдаган байлыгы кеткени аз келгенсип, туугандарын, жакындарын кошо уяткараарын, мыйзам укуругунан эч кайда кача албашын түшүнүшү зарыл. Ошондуктан, уурдаганын мамлекетке кайрадан алуу бул абдан туура жана маанилүү маселе. Бирок ошол мүлктөрдү менин оюмча, сатылабы же кайсы бир уюмга берилеби, бала бакча кылабы, муктаж адамдар бөлөбү -  ачык - айкын айтылса, кайчы пикирлер дагы убакыттын өтүшү менен азаят деп ойлойм. 

- Райымбек Матраимовдун кармалышын коррупцияга каршы күрөш туу чокусуна жетти деп кабыл алсак болобу? Деги эле бул маселеге карата көпчүлүктүн пикирин окуп отурсаң, Матраимов менен коррупция түшүнүгү биригип, бир бүтүнгө эле айланып калгандай сезилет. Эмне себептен деп ойлойсуз? 

- Матраимов деген өзүнчө көрүнүш болуп калды. Терс жагынан. Уурулардын-коррупционерлердин "мафиясын" түптөөчү катары. Улуттун уңгусуна, баалуулугуна кайрылып көрөлү, качан эле кыргыз ууруларды, каракчыларды төргө чыгарып, сыйлачу эле? Биздин тарыхты Кытайдын илимпоздору биздин кылымга чейинки 5-6 -кылымда башталган деген жоромолдорун айтышууда. Демек, эң байыркы улуттарга киребиз. Ошондон ушул убакка чейин канча улут жер жүзүнөн жоголду. Бирок кыргыз жоголгон жок. Эмнеге? Анткени, уңгубуз бекем, баалуулугубуз бекем жана түз болгонунан. Каада-салтыбыз, наркыбызды урпактан урпакка өзгөртпөй өткөргөнүбүздөн. Кыргыз даанышмандарды, кара кылды как жарган калыстарды, нарктууларды урматтачу. Ууруну ууру, каракчыны каракчы деп так кесе айтышып, андайларды коомдон четтетип, анысы менен жаштарды жаман адаттан алыс кармашчу. Акыркы 30 жылда ал наркыбызды тескери колдоно баштадык. Криминалдарды, бандиттерди, коррупционерлерди "авторитет" кылып алдык. Мына, ушул бурулуштарды да түздөп, туура нугуна алып келишибиз керек деп ойлойм. Ага коррупция менен күрөш өз таасирин тийгизет. Коррупционерлер ачыкталып, элге чыгарылып, уурдаган байлыктары мамлекетке алына берсе, баштагы таза, түз адамдарды урматтоо, ууруларга жек көрүү сезимибиз ойгонот. Мен азыр профессор катары студенттерге лекция окуйм. Ошол жаштарды карап ойлоном, коррупцияга, криминалга болгон күрөш ушул калыбынан жазбай катаал жүргүзүлө берсе, жаштарыбыздын өлкөсүнүн эртеңине ишеними пайда болот. "Сыртка кетпейин, мекениме кызмат кылайын" деп башташат. Ал үчүн жалпы коомчулук бүгүнкү күрөшкө колдоо көрсөтүшүбүз керек.