Бишкек, "Саясат.kg". Буга чейин коррупция менен күрөшүү Кыргызстанда үстүртөн жүргүзүлүп келген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде коррупцияга каршы күрөштөн өлкө бюджетине жалпысынан 100 миллиард сом түшкөнүн билдирди. Бул конфискацияланган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн наркын кошуп эсептегендеги көрсөткүч.
Биз УКМК төрагасынын маегинен цифраларды гана уктук, ал эми ошол цифранын келип чыгышында канча деген төгүлгөн тер, жасалган мээнет жана өз өмүрүн тобокелге салган аракеттер жатканын көпчүлүк ойлоно бербесе керек.
Бул боюнча коомдук ишмер Равшан Сабиров пикирин төмөнкүчө билдирди.
- Буга чейин коррупция менен күрөшүү Кыргызстанда үстүртөн жүргүзүлүп келген. Азыр түп-тамырынан өзгөрүп, күрөш стабилдүү жана системалуу түргө өттү. Бул деген бүгүнкү күндө коррупцияны бөгөттөөгө бардык мамлекеттик органдар, ошол эле милиция, УКМК, прокуратура, президенттик администрация, айтор Акүйдүн биринчи кабатынан жетинчи кабатына чейин олуттуу көңүл буруп, бүт дараметин жумшай баштады. Албетте, бул биринчи кезекте өлкө жетекчилеринин саясий эркин кабарлайт. Өлкө башчыларынын өнүгүүнүн башкы душманы болгон коррупцияны жоюуга ниети, каалоосу күчтүү болгондуктан жыйынтык ага жараша чыгууда. Камчыбек Кыдыршаевич айткан сумма ошол чечкиндүү аракеттердин жемиши. Бирок бул аныктады - кармады - камады - төлөп берди деген жөнөкөй формула эмес. Күрөштүн артында канча деген коркунуч, тобокелчилик, душман санын арттыруу жатат да. Ага карабай бийлик мамлекетти коррупциянын чеңгээлинен чыгарып кетүүгө жан үрөөдө.
Ушул жерден бир нерсени түшүнүшүбүз керек - коррупцияга каршы күрөш бир гана Камчыбек Ташиевге жүктөлбөшү керек же коррупциясыз, таза, акыйкат коом бир гана Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге керек эмес. Бул жалпы коомчулуктун кызыкчылыгындагы нерсе болууга тийиш. Ошондуктан бул иште жалпы жарандардын колдоосу, жардамы зарыл. Биз баарыбыз коррупциясыз жашоого умтулган өлкө жетекчилигине көмөктөшүп, таза коомду биргеликте курууга көңүл коелу. Ошондо, күрөш чыныгы системалуу болмок.
Муну эмнеге айтып жатам, анткени күбө болуп эле келатабыз, коррупцияга шектелип ким кармалбасын, сөзсүз анын жактоочулары табылат. Кыргызстан чакан мамлекет, баарыбыз бири бирибизге ини-ага, жоро-жолдош, тууган-урук болуп кетебиз - муну да түшүнгөнгө болот. Бирок өлкө кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктан жогору турушу керек да. Өлкө - бул жалпыбыздын келечегибиз. Коррупция түп-тамырынан жоюлса, келечегибиз да ишенимдүү болбойбу.