Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 778

Б.Саипбаев: Президенттин Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөөгө мүмкүн эмес дегени абдан туура.

Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө мүмкүн эмес, ал бизде тарыхый жана ошол бойдон калат. Мындай пикирин аналитик Бактыбек Саипбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине билдирген. 

Ал президент Садыр Жапаровдун өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укугунун абалы тууралуу берген маегин комментарийлеп жатып, мамлекетти талкалаган жалгандардын фабрикасынын кереги жоктугун белгилеген. 

"Президенттин Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөөгө мүмкүн эмес дегени абдан туура. Бизде эгер негиздүү болсо сынга чектөө жок. Ал эми мамлекеттик түзүмдү талкалоого багытталган, тарыхый, маданий жана жалпы адамзаттык баалуулукка шек келтирген жалган маалыматтар башка кеп. Бизге сырттан каржыланган, коомчулукту козутуу менен гана алектенген бул фейк фабрикалардын  эмне кереги бар? 

Биз ачык талкууларга, талаштарга такыр каршы эмеспиз го, факты жана себеби бар болгондо бийлик дайыма сын пикирлерге туш болуп турат. Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар тууралуу интернетте ачык эле жазылып жатат. Бул материалдар боюнча чаралар көрүлөт жана кылмыш иштери козголууда. Же андай эмеспи? Бирок сөз эркиндиги беткабына жамынып алып бизге жалган баалуулуктарды, чоочун идеологияны таңуулап, тарыхты өзгөтүп, нечен кылымдык салтыбызга шек келтиргенде, анда калыс суроо жаралат - ушундай жаман жосундун кандай кереги бар эле?  "

Ал эми демократиянын деңгээлиндеги бул эл аралык рейтингдердин бардыгы биздин коомго сырттан таасир этүүгө, бизди манипуляциялоого аракет кылгандар тарабынан түзүлүп жатат деп президент абдан туура айтат. Эгемендигин коргой албаган, жат идеологиянын таасири астында алсырап, мамлекеттүүлүгүн жоготуп, кыйроонун алдында турган көптөгөн мамлекеттер эмне болгонун көрүп жатабыз. Бул мисалдардын баары биздин көз алдыбызда болууда", - деди Бактыбек Саипбаев.