Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 683

З.Уметалиева: Чындыгында көз карандысыз ЖМК деген жок.

Жогорку Кеңештин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 23-январда "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. 

Буга чейин 2023-жылдын октябрь айында аталган мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынган болчу. 

Өлкөдөгү коммерциялык уюмдардын каржылык операцияларын ачыкка чыгарууга багытталган мыйзам долбоору коомчулукта талкуу жаратууда. Буга айрыкча, чет өлкөлүк донорлордун каражаттарына көз каранды болгон уюмдар каршы чыгып жатканын белгилей кетели. 

Саясий баяндамачы Зарина Уметалиева "Спутник" маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстанда чет өлкөдөн каржыланып,  кыргыздын салттуу пайдубалын бузуу максатында иштеген бейөкмөт уюмдар бардыгын белгилеген. 

"НПОлор аркылуу бизге башкача ой жүгүртүүнү жана жашоону таңуулап жатышат. Биз адамдар ар кандай акцияларга, митингдерге чыгып, ал турмак мамкызматтардын чечимдерин бузуп жатканын көрүп турабыз. ЖМКлар - телеканалдар, маалымат ресурстары дагы сырт жактан каржыланаары жашыруун эмес. Ушундай жол менен бенефициарлар коомдук жана саясий кырдаалга таасир тийгизип, өз кызыкчылыктарын таңуулашат. Чындыгында көз карандысыз ЖМК деген жок. Албетте, бардык төңкөрүш жасоо аракеттерине НПОну күнөөлөй берүүгө болбойт, ар бир конкреттүү кырдаалды өзүнчө такташ керек. Кошумчалай кеткенде, мындай медиаресурстар жана НПО бир гана бизде эмес, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн дээрлик баарында тымызын иштешет. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүндө НПО ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылчылдыгы келип чыкты", - деген Зарина Уметалиева.