Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 777

Бишкек, "Саясат.kg". Рене Канаяма президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн байкап келген. 

Япониялык эксперт, ITSTIME италиялык иликтөө институтунун Борбордук Азия бөлүмүнүн жетекчиси жана башкы кызматкери Рене Канаяма Кыргызстандын учурдагы бийлиги тууралуу пикирин билдирген. 

Ал бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иштерин "негизин коомчулуктун суроо-талабын түшүнүү жана бардык жарандарга камкордук көрүү түзгөн башкаруунун уникалдуу түрү" деп атаган. 

Ал Садыр Жапаровдун "Дордой" базарына барганын, ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларды жүргүзгөнүн, аскер кызматкерлери жабыркаган тик учактын кыйрашындагы чечкиндүү аракеттерин жогору баалаган. Белгилей кетсек, ЖЭБдеги авариядан жана тик учактын кыйроосунан жабыркаган жарандар президенттин борту менен Түркияга дарыланууга мамлекеттин эсебинен жөнөтүлгөн. 

Мына, ушул мамлекет башчысынын жасаган иштерин тизмелеген япониялык эксперт "Ийгиликтүү башкаруунун башатында бир гана стратегиялык көрөгөчтүк жана жогорку рангдагы саясатчы катары чечим кабыл алуу гана эмес, терең адамгерчилик, камкордук жана укуктардын бирдейлигин кабыл алуу жатат", - деп айткан.