Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 618

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстандын өкмөтү дагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн ККМ киргизип жатат.

Садыр Жапаров башында турган бийлик коррупция жана көмүскө экономиканы жоюуну колуна алды. ККМ - көмүскө экономиканы жоюунун башкы куралы болуп эсептелинет. 

Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. Эске салсак, өлкөнүн айрым аймактарындагы базарлардын соодагерлери митингге чыгып, ККМди жок кылууну талап кылышкан. 

Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жөнөкөй соодагерлерде күнөө жоктугун, аларды шыкактап, митингге чыгарып, андан ары массалык башаламандык жасоого умтулган башка тараптар бардыгын белгилешкен. 

"Жаңы бийликтин ийгиликтүү иштеп жатканынын бир белгиси - 2023-жылдын жыйынтыгында салык көп чогулду жана ИДП 1 триллион сомго жетти. Ошондой эле жыл профицит түшүнүгү менен жыйынтыкталуу алдында турат.

30 жыл бою Кыргызстан эли бай, өзү жакыр мамлекет болуп келген. Аны калк санына кымбат баалуу автоунаалардын, элиталык үйлөрдүн жана башка бренд буюмдарынын туура келгендеги статистикасынан билүүгө болот.

Расмий маалыматтарга таянсак, өлкө ИДПсы адам башына 1200 доллардан туура келет, эгерде көмүскө акча агымдарын эске ала турган болсок, бул сумманы болжол менен беш эсеге көбөйтүүгө болот. Кыргызстанда көп жылдан бери базарга ири жеткирүүчүлөр тарабынан келген товарлардын көлөмү менен чекене сатылган товарлардын көлөмүнүн чоң айырмачылыгы бар болуп келет. Өнүккөн өлкөлөрдө товарлардын жүгүртүлүүсү ККМ жана башка ыкмалар менен көзөмөлгө алынат. Ошондуктан Кыргызстандын өкмөтү дагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн ККМ киргизип жатат. Мындан башка жол жок. Эгерде ККМ жокко чыгарылса, анда кайра артка кетебиз", - деди Бакетаев. 

 Ал белгилегендей, мамлекет баштоочу, кичи жана орто бизнестерге жакшы жеңилдиктерди берип жатат. Алардын товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе ККМ колдонуу менен нөлдүк ставка орнотулган. Ошол эле убакта көптөгөн ири базарлардын катышуучулары реалдуу каржы агымдарын ачыкка чыгарууну каалабай жатышат.

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базарларда шарттар түзүлүп, контейнер жана орундардын ижара акысы арзандатылбаса, базарларды мамлекет өзүнө алаарын базар ээлерине эскертти. Бакыт Бакетаев бул туура кадам болот деп эсептейт, анткени дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мамлекеттик базарлар бар жана анда жеке менчикке караганда соодагерлерге жеңилдиктер көп болот. 

"Мен эски коммунистмин, эгерде жеке менчик базарлардын шарты жакшы болбой, ишмердүүлүгүндө мыйзамга каршы аракеттер аныкталса, аны мамлекет өзүнө алса болот. Негизи мамлекеттик базарлардын болгону туура. Ошондо мамлекеттик жана менчик базарлардын ортосунда атаандаштык жаралат. Ар бир аймактарда мамлекеттик базарлар болууга тийиш. Жакында Үрүмчүгө барып келдим. Ал жакта ар бир кварталда мамлекеттик базарлар иштеп, баба дыйкандар элди жеткиликтүү баадагы жаңы азыктар менен камсыз кылып жатышат. Ошондуктан Кыргызстандагы ири базарлардын ээлери базарынан айрылып калууну каалабаса, соодагерлерге жана сатып алуучуларга болгон шартты биринчи кезекте түзүшсүн", - деп белгиледи саясат талдоочу.