Бишкек, "Саясат.kg". Өнүккөн, тим эле аябай бай деген Европа мамлекеттериндеги салыктар 50-60 пайызга жетет.
Учурда Кыргызстандын айрым ишкерлери мамлекеттин 2024-жылдан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонуу жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура киргизүү талаптарына каршы чыгышууда. Алар баштагыдай патент системасында калууну каалашат.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев жаңы багытка өтүү учур талабы экенин билдирди.
"Салык өтө чоң деп калабыз! Мына, өнүккөн, тим эле аябай бай деген Европа мамлекеттериндеги салыктар 50-60 пайызга жетет экен. Бул жерде патент-сатент деген нерсе жок соода тармагында! Кирешеңди жалаң чектер аркылуу көзөмөлгө алат!
"ОЭСР өлкөлөрүнүн арасында физикалык тараптарга киреше салыгы эң жогорку көрсөткүч Данияда - 55,9 пайыз, Франция - 55,4 пайыз, Австрия - 55 пайызда киргизилген. Испанияда бул көрсөткүч 54 пайызга, Бельгияда 53,5 пайызга жетет. Максималдуу ставкалардын эң бийик көрсөткүчү Финляндия, Португалис жана Швецияда" деп турат ачык маалыматтарда.
Салыкты төлөбөсөң, кыйтырланып азайтсаң, төлөөдөн качсаң- бул чоң кылмыш деп эсептелинет!
Ушундай катуу жана калыс салык системасы болгон үчүн анан бюджет толуп, жөнөкөй адамдарга жакшы социалдык шарттар түзүлөт да. Бюджетиң тартыш болсо кайдагы жакшы мектеп, оорукана, жолдор, таза суу...
Салыктан качуу, аны шектүү патент системасына кайра алып келүү- бул артка чегинүү! Учет, көзөмөл ,калыстык - бул тек гана ККМ системасы аркылуу мүмкүн! Көп тапкан көп төлөш керек, аз тапкан аз төлөш керек! Бирок сөзсүз төлөш керек!" - дейт Алмазбек Акматалиев.