Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 582

А.Арабаев: «Бир алкак-бир жолдун» эң негизги концепциясын бирге аракет кылуу жана чогуу пайда көрүү менен биргеликте өнүгүү түзөт...

«Бир алкак-бир жол» демилгесине быйыл 10 жыл болду. Ушул күндөрү Пекин шаарында демилгенин он жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул демилгенин Кыргызстанга тийгизген таасири жана жалпы эле анын келечеги тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Укуктук жана саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Арабаевди кепке тарттык.

- Автандил Анисович, «Бир алкак-бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына карата учурда Кытайда бир катар расмий иш-чаралар өтүп жатат. Биздин окурмандарга бул демилгенин маани-маңызы жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз...

- «Бир алкак-бир жол» демилгесин Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Циньпинь 2013-жылы жарыялаган. Бул демилгени концепция да деп коюшат. Анткени анын конкреттүү максаты же болбосо конкреттүү мөөнөттөрү да жок. Адатта, бул демилге жарыяланып, ишке киргенге чейин, күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн позициясын же бир маселе чечүүнүн платформасын таңуулап келсе, «Бир алкак-бир жолдо» анын ар бир катышуучусу өзү долбоор иштеп чыгып, анын автору жана аткаруучусу болгонго шарт түзүлгөн. Мындан сырткары, «Бир алкак-бир жол» форматында ар кандай маселе чечүү, андагы долбоорлор адилеттүү жана инклюзивдүү процесс катары таанылат. Бул өтө маанилүү. Себеби ушундай гана шарттарда «Бир алкак-бир жолдун» катышуучулары бири-бири менен партнердук, кыргызча айтканда, теңата мамиле кура алышат.

Ошондуктан, «Бир алкак-бир жолдун» эң негизги концепциясын бирге аракет кылуу жана чогуу пайда көрүү менен биргеликте өнүгүү түзөт.

Бул демилгенин ушундай уникалдуулугунан улам, учурда анын негизинде 150дөн ашуун өлкө жана 30 эл аралык уюм менен кызматташтык боюнча келишимдер түзүлүп, 60тан ашуун мамлекет ар кандай коридорлор менен байланышып турат.

Өз ара инвестициялардын көлөмү 1 триллионго жакын АКШ долларын түздү. 3000ден ашуун долбоор иштеп жатат, 420 миң жумушчу оруну түзүлдү, 40 млн адам жакырчылыктан чыкты десек болот.

Негизги ири долбоорлорго Индонезиядагы Жакарта-Бандунг тез ылдамдыктагы темир жолу, Будапешт-Белград, Кытай-Таиланд, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдору кирет.

Ошентип, «Бир алкак-бир жолдун» маңыздык жана мазмундук өзгөчөлүгү аны кеңири колдонууга жана ошону менен бирге аны Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнүн ортосунда автомагистралдык, деңиз жана темир жолдорунун коридорлорун түзүү менен Улуу Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүүгө негиз болуп берип жатат.

- Айтсаңыз, Кыргызстан «Бир алкак-бир жолдун» алкагында кандай макулдашууларга же жетишкендиктерге жетишти? Кыргызстан бул демилгеден кандайча пайда көрдү десек болот?

- «Бир алкак-бир жол» жалпы эле Борбордук Азия үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн экономикалык катнашты күчөтүүгө, инвестицияларды тартууга, соода-сатык менен логистиканы өнүктүрүүгө жана инфратүзүмдүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө реалдуу шарттарды түзүп жатат.

 Кыргызстан бул демилгенин алкагында Кытай мамлекети менен активдүү эки тараптуу мамиледе болуу менен бир катар долбоорлорду ишке ашырганга жетишти. Атап айтсак, биринчиден, «Датка-Кемин» электр өткөрмө линиясын ишке киргиздик. Бул мамлекеттин бирдиктүү энергосистемасын түзгөнгө негиз болду. Экинчиден, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» автомагистралы реконструкциядан өттү. Ал Кашкар-Ош-Анжиян-Ташкент жолу болуп, Борбордук Азиядагы эң чоң автомагистралдардын бири саналат. Үчүнчүдөн, өзүңөр билесиңер, «Түндүк-Түштүк» алтернативалык автожолу курулуп жатат. Төртүнчүдөн, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Талас областтарында 5000 гектар жерде ирригациялык система реконструкциядан өтүп, калыбына келтирилди. Бешинчиден, Бишкек шаарынын ичинде 200 чакырымдан ашык жол да реконструкция болду. Алтынчыдан, Кытай өкмөтүнүн грантына 100 заманбап өрт өчүрүүчү машина Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Жетинчиден, Чүй айланма каналы боюнча долбоор иштеп жатат. Жетинчиден, Нарында логистикалык борбор долбоору да ишке ашып жатат. Сегизинчиден, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоору. Өзүңөр билесиңер, Борбор Азиянын деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан бул темир жолунун курулушу маанилүү аймактык долбоор болуп саналат. Аны ишке ашыруу Улуу Жибек Жолунун аймагында жайгашкан Борбордук Азия, айрыкча Кыргызстан үчүн эл аралык соода, инвестиция, транзиттик жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Бул багыттагы иш-чаралар Президентибиз Садыр Жапаровдун быйылкы Сиань саммитинде сүйлөгөн сөзүндө да так белгиленген. Атап айтсак, «Борбордук Азия – Кытай» жаңы экономикалык диалогунун биргелешкен стратегиясын иштеп чыгуу, санариптик жана «жашыл» инфраструктуранын өз ара байланышын жогорулатуу, өткөрүү пункттарында айыл чарба жана азык-түлүк товарларын бажылык тариздөө үчүн «экспресс коридордун» тажрыйбасын жайылтуу, «акылдуу» айыл чарба чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү, сууну үнөмдөөчү, «жашыл» жана жогорку эффективдүү технологияларды ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу жана башкалар болуп саналат.

Мамлекет башчыбыз С.Жапаров «Бир алкак-бир жол» жана «Борбордук Азия – Кытай» форматтарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерине өзгөчө көңүл бөлүп келет. Бул учурдун талабы жана стратегиялык туура кадам. Кыргызстан бул аталган платформаларды пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгында көп маселелерди чечип алса болот. Өткөн 10 жылдын ичинде биз көп пайда көрдүк Кытайдын демилгесинен. Эми мындан ары да бул платформада активдүү иштеп, өз пайдабызга бир топ маселелерди чечип алганга мүмкүнчүлүк бар. Муну мамлекет жетекчилиги туура түшүнүп турат.

- Учурдан пайдаланып, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишмердиги боюнча да сурайын деп турам. Институт азыр кандай маселелердин үстүндө иштеп жатат?

- Институтубузга, устав боюнча, Президенттин ишмердигин илимий жана эксперттик-аналитикалык жактан камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Институтта Улуттук илимдер академиясынын 1 академиги жана 1 корреспондент-мүчөсү, илимдин 4 доктору жана 2 кандидаты эмгектенишет. Институт узак мөөнөттүк жана кыска мөөнөттүк план, программалардын негизинде, штаттык режимде иштеп жатат. Албетте, институтубуз эл аралык мамилелерде, мамлекетибиздин ички жана тышкы саясатын ишке ашырууда да тиешелүү иш-чараларды өткөрүп турат. Алсак, жакында эле, 5-6-октябрда Борбордук Азиядагы декарбонизация боюнча эл аралык конференция өткөрдүк. Аны Санкт-Петербург экономикалык университети жана Кыргыз экономикалык университети менен биргеликте уюштурдук. Ага АКШнын, Норвегиянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты. Институтубуздун директору К.Азиз биздин аймакта климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери өтө курч мүнөздө байкалып жаткандыгын белгилеп, ушуга байланыштуу мамлекет башчыбыз С.Жапаров «жашыл экономика» менен «декарбонизацияга» өзгөчө көңүл бөлүп, аларды активдүү жайылтып жатканына катышуучулардын назарын бурду.

11-октябрда Ташкентте Борбордук Азиянын эл аралык институту менен Кытай элчилиги уюштурган «Бир алкак-бир жолдун» 10 жылдыгына арналган конференцияга институттун атынан мен катышып, анда «Бир алкак-бир жолдун» мааниси, анын перспективалары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын катышуусу боюнча доклад жасап келдим.

Биздин демилгебиз менен 12-октябрда Бишкекте 6-Борбордук Азиялык эксперттик форум өттү. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өз ара аркеттеринин өзгөчөлүгүнө арналды. Анда чыгып сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрүн бирдиктүү механизм катары кабыл алуу учурдун объективдүү тенденциясы экендигин, Борбордук Азиянын аймактык мааниси барган сайын жогорулап жаткандыгын белгиледи.

Алдыда да пландаштырылган бир катар иш-чаралар бар.

-Ыракмат маегиңизге.