Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 706

Б.Бакетаев: "Кыргызстанда 30 жылдан ашуун убакыттан бери мыйзам үстөмдүгү орнобой, ар ким каалагандай жашап көнүп калышкан."

- Кылмыш дүйнөсү менен күрөш катуу жүрүүдө. "Мыйзамдагы уурунун" жок кылынышы уюшкан кылмыштуу топтордун жоюлушуна алып келеби? Деги эле кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүдө кандай ыкмалар колдонулушу керек? 

- Эки жыл мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө кайрылган. Аларды мыйзамдуу жашоого чакырган, эгерде мыйзамсыздык аракеттерин уланта берсе Кыргызстандан чыгып кетүүлөрүн айтып, ал үчүн дагы убакыт берген. Бирок кримдүйнө ал сөздү адаттагыдай эле бир саясатчынын сөзү катары кабылдашты окшойт. Анткени Кыргызстанда 30 жылдан ашуун убакыттан бери мыйзам үстөмдүгү орнобой, ар ким каалагандай жашап көнүп калышкан. Буга чейин болбогон күрөш эми болот беле дегенсип көңүл кош карап коюшту. Менин баамымча, кримдүйнө өзүнүн саясатын өзгөртө албайт, бийлик аларга болгон саясатын өзгөртүү керек. Ошону менен уюшкан кылмыштуулукка чекит коюуга болот.

- Кандай саясат тууралуу айтып жатасыз? 

- Мисалы биз кылмыш жасагандарга карата союздан калган саясат менен эле жашап келатабыз. Кайсы бир кылмышы, мейли тоок уурдасын же киши өлтүрсүн - соттолгондорду коомчулук жээрийт. Алар жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин жакшыраак жумушка орношо алышпайт, коомчулуктун тепкисинде калышат. Кайсы жерге барбайлы азыр, ошол эле жумушка орношууда сөзсүз соттолбогондугу тууралуу тастыктама сурашат. Ушунун өзү эле алардын дискриминацияга кабылышына өбөлгө болот. Менимче, так ушул саясатты өзгөртүү туура. Айрым өнүккөн мамлекеттерде жаран кылмышы үчүн мыйзамдуу жазага тартылып, аны өтөп чыккандан кийин жашоосун ак барактан баштаган адамга айланат. Жазасын тартып бүттү. А бизде абакта жазасын өтөп чыгышкандан кийин коомчулуктан жээрилип өмүр бою жазага тартылышат. Ушул нерсени колго алып, Камчыбек Ташиев өзү көңүл буруп, абактан чыккандарды коомго аралашуусуна шарт түзчү система киргизилсе, көп кылмыштардын алдын алууга болоор эле. Эмнеге Камчыбек Ташиевди айтып атам, анткени бул ишти аягына чыгарса бир гана ошол киши чыгарат. Экинчи жагдай - абактарды бөлүү керек. Экономикалык кылмыш менен соттолгондор, майда уурулук, алдамчылык кылгандар анан оор жана өзгөчө оор кылмышка айыпталгандар өз өзүнчө отурушу керек. Түрмө - фронт сыяктуу. Ал жакта чогуу отургандар кийин да алакасын үзүшпөйт. Эркиндикке чыккандан кийин бирин бири чынжырчадай тартып, кылмыш дүйнөсүнө сүңгүп кетишет. Ошол эле тоок уурдаган киши менен криминалдык кылмышы үчүн кесилген киши чогуу отурса, кийин чыгышкандан кийин тоок уурдаган адам дагы тиги чогуу отурган таанышына кошулуп дасыккан кылмышкерге айланып кетиши турган иш. Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү көбөйүп, өзүнчө "мамлекетке" айланып алышкандарынын бир себеби ушунда жатат. 

- Камчыбек Ташиев мындан ары Кыргызстанда кримдүйнө жана кримкасса дегендер болбой турганын айтты. Бул реалдуу нерсеби? 

- Мамлекеттин укуругу узун. Ал чындап күрөшсө, сөзсүз жеңет. Болгону буга чейин ага эрк дагы, каалоо дагы болбой келген. Эми күрөш чындап күчүнө кирди, мындайда карапайым, мамлекеттин басымдуу бөлүгүн түзгөн элдин колдоосу керек. Мыйзамдуу өлкө болууну кааласак, бийликтин учурдагы аракетин туш тараптан колдоп, кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө арача түшүүнүн кереги жок. Чындыгында кримдүйнөнүн кызыкчылыгы карапайым элге кереги жок. Элге тынчтык, туруктуулук, мыйзамдуулук жана акыйкаттуулук гана керек. А булардын баары уюшкан кылмыштуулукка чекит коюлуп, мамлекет жаңы баскычка көтөрүлгөндө гана орнойт. 

- Камчы Көлбаевдин жок кылынышы боюнча "мыйзам чегинде кармап, жоопко тартышса болмок" деп нааразы болгондор чыгууда. Мында бийликтин аракетин кандай баалоого болот? 

- Албетте, канча адам болсо, ошончо пикир болот. Бирок бир нерсени унутпаш керек - криминал менен ошолордун тилинде гана күрөшүү мүмкүн. Кармоо учурунда кылмышкер же кылмышка шектүү каршылык көрсөтүп, ок чыгарса, аны атууга мыйзам жол берээри белгилүү.