Бишкек, "Саясат.kg". Суу, энергетика маселелери жалаң гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй аймактык көйгөйгө айланып баратат.
Президент Садыр Жапаров 29-30-сентябрда Германияга иш сапары менен барып келди. Бул иш сапар боюнча юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Арабаев пикирин билдирди.
- Мамлекет башчыбыз кечээ жакында Берлин шаарында “Борбор Азия – Германия” Саммитине катышып келди.
Албетте, Президентибиз Садыр Жапаров өз сөзүндө жаңы форматтагы бул Саммиттин зор маанисине токтолуп, анын күн тартибине коюлган маселелер боюнча Кыргызстандын позициясын так жана ачык жарыялады. Бул тууралуу ата мекендик жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары ыкчам маалыматтар менен бирге, кенен баяндарды да кабарлап турушту.
Ушуга байланыштуу эки маселени бөлүп карасак болот.
Биринчиден, Садыр Нургожоевичтин мамлекет башчысы катары ырааттуу позициясы. Айрыкча тышкы саясатта акыркы мезгилде ар кандай жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларда тоолуу аймактык маселелер, суу жана гидроэнергетикалык көйгөйлөр, жашыл экономика боюнча өз оюн ачык айтып, аны негиздеп, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет жасап келет. Муну биз Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде, “АКШ-Борбор Азия” “Германия-Борбор Азия” жана башка форматтагы форумдарда көрүп жатабыз.
Арийне, бул маселелер мамлекетибиздин ички жана тышкы саясаты менен бирге, биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга негизделген. Ошол эле учурда, суу, энергетика маселелери жалаң гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй аймактык көйгөйгө айланып баратат. Климатты жылдан жылга ысып баратышы, мөңгүлөрдүн азайышы, кургакчылык, суу тартыштыгы, электр энергия таңкыстыгы – глобалдуу маселе. Алардын кесепеттери бүтүндөй аймактагы социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү жаратат. Мындай маселелерди комплекстүү чечүүнүн актуалдуу жолдорунун бири, албетте, жашыл экономика экени талашсыз.
Ошондуктан мамлекет башчыбыз Германиянын “Жашыл Борбор Азия” демилгесинин актуалдуулугун баса белгилеп, аны ишке ашыруу аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөөрүнө жана ошондой эле Кыргызстанда болуп жаткан иштерге токтолду. Учурда Кыргызстанда "жашыл" экономиканы өнүктүрүү Программасы ишке ашырылууда, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү Фонду түзүлдү, орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Ушуга байланыштуу Германия жетекчилигине өлкөбүздөгү "жашыл долбоорлорго" инвестиция салуу да сунушталды.
Экинчиден, кандай гана маселе болбосун, аны тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү позициясы. Кечээки Саммитте да Садыр Жапаров, учурдагы заманбап коркунучтардын шартында Кыргызстандын бекем позициясы боюнча, бардык пикир келишпестиктер сүйлөшүү үстөлүндө жана тынчтык жолу менен гана чечилиши керектигин белгилеп өттү. Мындай позицияга мамлекетибиз жана анын жетекчилери дайыма негизденип келишет.
Албетте, мамлекеттер аралык жана эл аралык сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын, Кыргыз Республикасынын эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет экендигин, Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөөрүн эске алуу менен өз позициясын аныктайт. Садыр Нургожоевич бул талашсыз аксиоманы өзүнүн эл аралык саммиттердеги сөзүндө дайыма ачык жана так айтып келет.