Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 1588

Бишкек, "Саясат.kg". Бул жерде дүйнөлүк дипломатиялык тартипке караганда, катуу реакция берүүгө негизи жок болчу.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген. 

Бул боюнча саясий илимдеринин доктору, профессор, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов пикирин айтты. 

- Камчыбек Ташиев Тажикстандын куру дооматтарынан баш тарттырууга мажбур кыла турган тарыхый документ табылганын билдирди. Мындай билдирүү дипломатиялык негизден алып караганда, туура элеби? Бирок ошол эле убакта Тажикстан ар кандай билдирүүсүн ачык айтып келет, андайда эмнеге дипломатиялык алака эске алынбайт?

- Ар бир мамлекеттин тышкы саясаты ошол мамлекеттин, улуттун, элдин кызыкчылыгына таянган саясат болушу керек. Ар бир мамлекет өзүнүн позициясын ачык – айкын айтканга, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзүүгө укуктуу жана милдеттүү.

Камчыбек Ташиев Тажикстанга тиешелүү маалыматты коомчулукка бергени менин оюмча, туура болду. Айрымдар «минтип айтуу туура эмес болуп калды, чыгарбаш керек болчу» дегендей пикирлерин айтып жатышат. Бирок жалпы эл аралык мамилелердин тартиби боюнча мамлекеттин жетекчилиги өзгөчө тышкы саясатты жүргүзүүдө элдин колдоосун алышы зарыл. Камчыбек Ташиевдин сөзү – улуттун кызыкчылыгын көздөгөн аракет. Анын билдирүүсүндө тажик тарапка эч кандай күнөөлөр коюлган жок, тарыхый документ гана факт катары айтылды. Чек ара маселеси боюнча эки тараптык комиссияга маалыматтар берилээрин айтты. Ошондуктан, бул жерде дүйнөлүк дипломатиялык тартипке караганда, катуу реакция берүүгө негизи жок болчу.

- Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги биздин элчиге нота тапшырганы айтылды, коңшу өлкөнүн тез реакция жасоосу эмнени билдирет?

- Мен ойлойм, бул жерде Тажикстандын ТИМи алдын ала өздөрүнүн бийлигинин позициясын билдирүүгө, же ички саясий оюндары себеп болуп мажбур болгондой көрүнөт. Ал өлкөдө да ички саясаты абдан татаалдашкан. Ар кандай саясий күчтөрү бар, кайсы бир кырдаал тез реакция жасоого түрткү болушу биз үчүн сырдуу. А бирок Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүндө нота тапшырууга жеткирчү негиз жок болчу.

- Бул нота Кыргызстанга кандай залакасын тийгизиши мүмкүнбү?

- Менин оюмча, ал нота залакасын тийгизе албайт. Биздин коомдо ар кандай карама каршы ой пикир айтылышы мүмкүн. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде баарыбыз биригишибиз керек. Мындай ноталар өзгөчө курч жана маанилүү маселелерге келгенде алмашыла берет. Болгону биздин дипломаттар тезирээк реакция берип, четке кагышы керек эле.